“СЕЙТЕКЧИЛЕР” КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫН ДАӉАЗАЛАШТЫ

  • 06.09.2013
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук  “Сейтек” борборунун үлгүлүү этнографиялык, хореографиялык  ансамблдери  Түркиянын Анкара, Самсун, Эскишехир шаарларында, ошондой эле Москва шаарында өткөн “Москва досторун тосот”,  Башкортостандагы “Байык” аттуу эл аралык фестивалдарга катышып, медаль, грамота жана белектер менен сыйланып, жемиштүү кайтышты.  Анда эмесе ар бир топко өзүнчө токтолсок.

Башкортостандыктарды таӊ калтырган  “Ак Шоола”

 

Салтанат Шабданалиева,

“Ак-Шоола” балдар хорунун кенже тобунун жетекчиси:

— Башкортостанда өткөн  “Байык” эл аралык фестивалга катышып келдик. Башкырлардын акылман, даанышман, улуттук бийлерди даӊазалаган, аны койгон Айдар Байык деген белгилүү адамы болуптур. Ошол адамдын атынан фестивалды аташыптыр.  Фестивалдын максаты – элдик бийлерди эл арасына жайылтууну, аны башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө көрсөтүп, тааныштырууну көздөдү.  Ириде райондор аралык  элдик бий боюнча сынак өткөрүлүп, көрөрмандардын, калыстар тобунун баасына татыгандар фестивалдын гала-концертине катышат экен. Бул фестивалдын уюштуруучусу жана демөөрчүсү Башкыр спутник телевидениеси  болгондон кийин,  алар жума сайын ошол бий таймаштарын элге көрсөтүп турушат. Профессионал бий коллективдери катышпайт экен. Жалаӊ гана элден чыккан таланттуу, шыктуулар катышып, мыктылары гала-концертте бийлеп чыгышат.

Ушул сынактын жыйынтыгын чыгарып, гала-концертке  башка өлкөлөрдөн меймандарды чакырып, бий маданияты менен жакындан тааныштырып, өлкө  аралык достукту бекемдеп, чыӊдашат экен. Фестиваль үч бөлүктөн турат: башкыр бийи, достук бийи жана гала-концертке тандалып алынган эӊ мыкты, сынактан суурулуп чыккан алдыӊкы бийчилер. Андан тышкары, фестивалдын шарты боюнча башкыр бийин чакырылган меймандар дагы ошол жерден үйрөнүп,  бийлеп чыгыш  керек экен. Ошондой эле фестивалдын шарты боюнча катышуучулардын курагы  3-16 жашка чейинки балдар болду. Негизи практикабызда 3-5 жашар балдарды өтө алыс жолго алып чыккан эмеспиз. Болгону Нарын, Ош сыяктуу шаарларга алып барып жүрөбүз. Анткени кичинеден алыска чыкканга үйрөтөлү деп. Бул жолу белибизди бекем байлап 4-7 жашка чейинки тогуз  баланы алып барып келдик. Башкырлар  биздин балдарыбыздын тартибине, кичинекейине карабай чоӊ кишилердей жүргөндөрүнө абдан таӊ калышты. Биздин куратор, “силердин балдарыӊарга биздин балдар теӊ келалбайт экен” деп айтты. Аны угуп аябай сыймыктандым. Барганда эле балдар сүйкүмдүү болуп баарына жагып калышты. Кыргыздар эч убакта репетицияга кечигип же жаман жүрүм-турумун көрсөтүшкөн жок. Кибиреген балдар ушундай тартиптүү, жоопкерчиликтүү, таланттуу  экен деп таӊ беришти. “Мээрим”,  “Доктур эже”, “Жан апам”,  дүйнөлүк маданияттан болсун деп орус эл ыры “Лапти-перепляски” деген ырларды алып барганбыз. Негизинен фестивалдын шарты боюнча эки эле ыр талап кылынган. Бирок биздин балдар сахнага чыгып, жандуу үн менен ырдагандан кийин  аларды кетиришпей, зал туруп алып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп, узатып жатышты. “Мээрим”  деген ырыбыз баарына жагып калыптыр, үйрөткүлө дегенде  биздин балдарыбыз  эринбей ырдап, үйрөтүштү. “Мээрим” — фестивалдын гимни болуп калды.

«Башкыр бийин бийлейсиӊер» дегенде, «биз хор коллективибиз, биз ырчыларбыз» дегенбиз. Режиссерлор жаман болушту, Кыргызстан катышпай калабы деп. Бирок балдар  башкыр бийин үйрөнөлү деп репетиция жасаганда төрт мүнөттүн ичинде эле биринчилерден болуп үйрөнүп алышты. Ошентип, Кыргызстанга абдан жакшы жерин беришти, балдар  эӊ астында турушту.

Өзгөчө балдардын ырдагандарына, артисттик кыймыл-аракеттерине абдан таӊданышты. Анткени ар бир ырдын мазмунуна жараша балдар көздөрүн ойноктотуп, колдорун жайып, жинденген жерин жинденгендей, таӊ калган жерин таӊ калгандай кылып көрсөтүп беришти. Кантип үйрөткөнсүӊөр дешип, артисттик чеберчилик боюнча мастер-класс өтүп берүүнү өтүнүштү.  Ыр менен кошо бийди да, актерлук чеберчиликти  да сабактарда өтөбүз деп  айттык.

Маданият эки өлкөнүн данакери

 

Гүлапия Алдабек кызы,

“Байчечекей” тобунун жетекчиси:

 

— Түркия мамлекетинин Самсун шаарында өткөн эл аралык элдик музыка фестивалына катышып келдик. Фестиваль өтө жемиштүү өттү. “Байчечекей” ансамблининин бүтүрүүчүлөрү, т.а. комузчулар, ооз комузчулар, ырчылар, төкмө акын болуп бардык. Биздин койгон концертибиз  эӊ жогорку деӊгээлде өттү. Шаардын мэриясы парктарда, көчөлөрдө атайын маданият күндөрүн өткөрөт экен. Биз оркестрдин коштоосунда, жандуу үн менен ырдап,  бийлеп, айтор, кыргыз маданиятынын көрөӊгөсүн көрсөтө алдык. Бизди  башка өлкөлөрдөн өзгөчө тосуп, өзгөчө узатышты. Эӊ башкысы, фестивалдын чакыруу билетинин сыртынан баштап көчөдөгү баннер, сахнадагы көшөгө, сыйлыкка берилчү пакет-сумканын, грамотанын ичтеринде “Рахат” ансамблинин  солисткасы  Гулина  Беккулованын сүрөтү көздүн жоосун алат. Мындайча айтканда,  фестивалдын бренди болду. Көрүп алып, биз абдан сыймыктандык. “Эмне үчүн биздин кызды тандап алгансыӊар?”  десек, “Кыргыздын кыздары сулуу, кийген кийимдери татына жарашып, анан дагы  улуттук кийимдери абдан кооз, жарашыктуу” дешти. Самсун өтө кооз, деӊиз жээгинде жайгашкан чоӊ  шаар экен. Жол бою  жалаӊ  кыргыз кызынын сүрөтү менен Түркия мамлекетинин   желеги илинип турду.

Түрк калкы кыргыз тарыхын  абдан жакшы көрөт экен. Фестивалда классикалык чыгармаларды, шедеврлерди аткардык. Атай Огомбаевдин  “Маш ботоюнан” баштап “Ак тамак, көк тамагына” чейин аткарылды. Фольклордук типтеги чыгармаларды тартууладык. «Манас» университетинин 2-курсунун студенти, төкмө акыныбыз Чыӊгыз кыргызча эле эмес, түркчө да ырдап, төгүп жатты. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун  директору Сабира Челпакова да ооз комуз чертип чыкты. Ал киши губернаторго чейин барып жолугуп келди.

Стамбулга келгенде Кыргызстан достук коомунун жетекчиси Айбек Сарыгулов тосуп алып, өз каражатынын эсебинен бизди мейманканаларга жайгаштырып, теплоходго түшүрүп,  экскурсияларга алып чыкты.

 

Замир Иманкалиев,

фестивалдын катышуучусу:

 

— Ааламдашуу заманында улут аралык келишпестиктерди жоюунун максатын көздөгөн фестивалга күбө болдук. 15 мамлекеттен баргандар менен  таанышып, достоштук. Бизди  билбеген, биз билбеген мамлекеттер бар экен.  Алар менен достоштук,  электрондук даректер менен алмаштык.  Маданият аркылуу көпүрө курулду. Аккордеондун коштоосунда “Тоолор”,  М.Баетовдун “Сагынамын” д.у.с. ырларды аткардым. Түрк туугандар кыргыздын музыкаларына, улуттук кийимдерине аябай кызыгышты. Колдон келишинче жогорку маданиятты көрсөтүп келдик. Маданиятыбыздын очогу – улуттук кийимибизде окшойт.

 

Алмаш Алияскарова,

№6 музыкалык мектептин мугалими:

 

— XXXII  фестивалга катышып келдим. Бул чоӊ фестивалдардын бири экен. Мыскал Өмүрканованын “Ак берметин”  жандуу үн менен ырдадым.  Фестивалга  Жалал-Абаддан келген бийчилер, Ош, Бишкек шаарындагы үлгүлүү ансамблдердин өкүлдөрүнөн турган 28 киши бардык.

Учурда Бишкек шаарында элдик ырларга кызыккандар көп. Менин 30 окуучум бар, анын ичинен төрт  кыз, бир эркек бала   аябай жакшы ырдашат.

 

Бексултан Райымбеков, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун 2-курсунун  эстрадалык бөлүмүнүн студенти:

 

— Биз барган фестивалда ар бир мамлекет өзүнүн улуттук бийлери, кийимдери, ырлары  менен айырмаланып турду. Бири бирибизге концерт берип, пикир алмаштык. Жакшы ойлор менен бөлүштүк. Мен Ж.Шералиевдин “Жүрөк сүйдү” деген ырын аткардым. Абдан жакшы кабыл алышты. Чет мамлекетке  чыкканда улуттук кийимдин баалуулугун,  улуттук музыкабыздын, тарыхыбыздын баркын билдик.  Мурда эмнегедир эске алган эмесмин. Эми, буюрса, маданият ааламыбызды, мурасыбызды кийинки муундарга түшүндүрүп берем деп өзүмө максат койдум.

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии