Насыя союзу мугалимдердин муктаждыгын чечет

  • 25.10.2013
  • 0

Акыркы жылдары жамаат ичинде чакан насыя союздар уюштурулуп жатат. Өзгөчө акчага муктаж болгон, бюджеттин көзүн караган мекемелерде көбүрөөк каттала башталды. Анткени айлыктан айлыкка жашаган мугалимдерге пайызы төмөн насыя алуу бекер бергендей эле, майдай жагып жатканын айтышат. Алсак, Бишкек шаарындагы №89 мектептин химия жана адеп мугалими Качкын Жунусов жамаат менен макулдашып, эки жыл мурун чакан насыя союзун ачкан. Учурда союзга мүчө болуп кирген 60 мугалимдин 93000 жакын каражаты бар. Беш жылдын ичинде Качкын агай бул каражатты 500000 чыгарам деп турган чагы.
Көрөгөч мугалим
Тээ илгертен эле партиялык, советтик кызматтарда жетекчилик орундарды ээлеп жүргөн Качкын Жунусов кесиби боюнча химия мугалими. Жаштайынан эмгекке дилгир, келечекке кенен жана терең караган агай учурунда Балыкчы шаарындагы төрт мектепте директор, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы, райкомдо агитация жана пропаганда бөлүмүнүн инструктору, Балыкчыдагы менеджмент жана укук институтунда педагогика жана психология боюнча окутуучу болуп эмгектенип келген. Үй шартына байланыштуу 2010-жылы борбор калаага көчүп келгенде Качкын Жунусовго Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынан №44 мектепти жетектеп берүүсү сунушталган. Бирок алысты көрө билген, көрөгөч, ардактуу эс алууга чыккан даанышман агай жетекчиликтен баш тартып, үйдүн жанындагы №89 мектепке катардагы мугалим болуп кирүүнү каалаган.
— Көп жылдары жетекчилик кызматта жүрдүм. Ошол учурда деле эмнегедир мен мектепке тартыла берчүмүн. Мектептерде иштегенде да жөнөкөй мугалим болгон жокмун, жалаң мектеп директору болуп эмгектендим. Биринчи жолу 29 жашымда Балыкчыдагы эң күчтүү Макаренко атындагы мектепке директор болуп дайындалгам. Мен иштеп турган жылдары Балыкчы шаарында 17000 окуучу бар эле, акыркы жылдары окуучулардын саны 10000 түшүп кетиптир. Анткени Балыкчыдан көчүп кеткендердин саны арбын. Турмушта баары салыштырмалуу эмеспи, анысыңарындай көп жыл Балыкчыда билим берүү тармагында иштегендиктен, балыкчылык окуучулардын билим деңгээли бишкектиктердикинен бир топ жогору экенин баамдадым. Анткени Балыкчыдагы мектептерде билим сапатына илгеркидей эле талап абдан катуу, — дейт Качкын агай.
Ыктыярдуу насыя союзу
Мектепке мугалим болуп орношкондон кийин Качкын агайдын аң-сезимин билим берүүдөн сырткары, окуучуларга керээли кечке тынбай сабак берип, кошумча каражат таба албаган, айлыктан айлыкка жашаган, биринен бири карыз сураган мугалимдердин материалдык абалы ээлеп, зээнин кейитти. Бир жыл бою ойлонуп, канткенде мугалимдерге жардам берсем деп “ак эткенде, так этти”. Акыры, жыл бою багып келген оюн мектеп директору Жайнагүл Сапалова менен бөлүштү.
— Мектеп директору Жайнагүл Сапаловна менин идеямды угуп, жазган уставым менен таанышкандан кийин сунушумду колдоду. Мугалимдерди жалпы жыйналышка чакырдык. Мен аларга насыя союзунун максатын түшүндүрүп, уставды окуп бердим. Насыя союзу педагогикалык жамааттын ыктыяры менен түзүлөөрүн, мугалимдердин арасынан уюштуруу комитетинин төрагасы, казыначысы жана мүчөлөрү шайланаарын билдирдим, — дейт чакан насыя союзунун төрагасы.
Качкын Жунусовдун айтымында, союзга мүчө болуп киргендер ай сайын 58 сомдон казначейге төлөйт. Эмне үчүн 58 сом деген суроо туулушу ыктымал. Көрсө, 8 сом казначейдин айлыгына кетет экен. Ал эми союздун төрагасы айлык албай эле иштейт. Ошентип, союз түзүлгөндөн кийин биринчи айлыктан 3000 сом топтолуптур. Аны дароо эле акчага зарыл болгондор насыя союздун төрагасына арыз жазып, бир айга 8% менен 1000 сомдон алышат. Ошентип олтуруп он айда союздун кирешеси 48000 сомго жетет.
— Мугалимдердин майрамында мурда 500 сомдон чогултуп кафелерге барчу элек. Бул жылы насыя союзунун эсебинен майрамдадык. Бир дагы мугалим акча чыгарган жок. Бул майрамга 15000 сом сарпталды. Карылар күнүнө карата ардагер мугалимдерге бирден пакет даярдадык. Бүгүнкү күнгө биз 98000 менен келдик. Бул мугалимдер үчүн жакшы акча. Эгерде биринчи жолу мугалимдер болгону 1000 сомдон алышса, азыр 15-20 миңге чейин алышат. Союздун уставы – мен үчүн Конституция. Ошондуктан жазылган бир дагы пунктун бузбайм, жана аны так аткарып келатам. Эң башкысы, ушундай жакшы тажрыйба элге жетсе экен, эгер каалашса мен аларга жардам бергенге даярмын. Анткени мен каражатка муктаж эмесмин, артымда бир жакшы иштин изи калса деген оюм бар. Ошондуктан мен айлык албай эле, мугалимдерге иштеп берип атам, — дейт Качкын Жунусов.
Он тогуз ай бою 58 сомдон төлөп келгендер 1000 сомдук сертификат менен сыйланышат. Сертификатка ээ болгондон кийин алар ай сайын 58 сомду төлөбөй калышат, тескерисинче, 1000 сомго ай сайын 15 сомдон кошула берет. Быйыл сертификатка 21 мугалим ээ болду. Союздун мүчөлөрү бардыгы сертификат алганда, ай сайын 16000 сом пайыздан түшүп турат. Ал эми 8%ды кийин акырындык менен 6%га түшүрөөрүн айтты. Мындан сырткары, июль, август айларында 100 сомго 5 сомдон 2 айга насыя берилет. Сентябрь айында мугалимдер аны айлык акы менен бирдикте кайра төлөшөт.
Албетте, агай жасап жаткан иш бирөөнө жакса, бирөөнө жакпастыр. Бирок каражатка муктаж болуп тургандар үчүн – бул дагы каржы кыйынчылыгынан чыгуунун бир жолу.
“Агай” сыйлыгы
Союздун кирешеси көбөйгөн сайын Качкын агай мугалимдерге дагы материалдык, моралдык колдоо көрсөтүү жагын ойлонот. Мугалимдердин ичинен жамааттын сый-урматына, окуучулардын сүймөнчүлүгүнө арзыган, билимдүү, үлгүлүү, эл менен тил табыша алган идеалдуу мугалимди аныктоо, мугалимдин аброюн көтөрүү, жаш адистерге стимул берүү үчүн “Агай” аттуу кароо-сынакты уюштурат. Сынактын жобосу жыл бою мектептин кире беришине илинип, аны мугалими мугалимдей, окуучулары окуучулардай окуп, түшүнүп, эң татыктуу мугалимдерин шайлоо аркылуу тандап алышат.
— Сынак эки номинация менен өттү. Биринчиси, идеалдуу мугалим мугалимдердин көз карашы менен, экинчиси, идеалдуу мугалим окуучулардын көз карашы менен деп. “Агай” сыйлыгына татыктуу болгондордун ажары, адеби, ыйманы, мүнөзү, маданияты, билими, жоопкерчилиги, окуучуларга, мугалимдерге болгон мамилеси каралды. Жеңүүчүлөр акыркы коңгуроодо аныкталып, жарыяланды, ал эми аларга деген сыйлыктар Мугалимдер күнүндө тапшырылды. Жободо белгиленгендей, “Агай” сыйлыгынын төш белгиси таза күмүштөн жасалды, — дейт Качкын агай.
Төш белгинин эскизин зергерге агай өзү чийип берген. Төрт бурчтукту элестеткен төш белгинин ичинде мектептин номери, ачылып турган китеп, анда “Агай” деген жазуу бар, жана алдында жылы белгиленген. Төш белгинин салмагы 17 граммды түзөт. Ошентип шайлоо сыяктуу өткөн кароо-сынакта мугалимдердин жана окуучулардын сүймөнчүлүгүнө арзыган башталгыч класстын мугалими Сонун Калматова менен жаш окумуштуу, тарых мугалими Канат Уметов чакан насыя союзунун “Агай” төш белгиси, күбөлүгү жана 1500 сомдон сыйлыкка татышты.
Качкын Жунусов эми мугалимдерге мектеп ичинде дүкөн ачып берүү оюн ишке ашырганы турган чагы. Ал жерге экологиялык жактан таза тамак-аштарды арзан алып келип, айлыкка берүүнү ойлоп жатыптыр. Мындан сырткары, пенсиялык фонд түзүү планы да бар экенин жашырган жок. Ошентип, партиялык, комсомолдук мектептерден таалим-тарбия алган, ардактуу эс алууга чыккан агай бош олтурбай сабакты сабактай берип, коомдук иштерге активдүү катышып, өзүнө бир дагы тыйын албастан, жалаң №89 мектептин мугалимдери үчүн жан үрөп иштеп жүргөн чагы.
Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии