ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДАГЫ МЕКТЕП

  • 12.07.2013
  • 0

Мектептептеги билим берүүнүн сапаты мектеп жетекчисинин башкаруучулук жөндөмдүүлүгүнө, билимине байланыштуу болот. Алсак Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында башкаруу иши эӊ жакшы жолго коюлган. Мектеп жетекчиси Омурова Канымжан Жусупбековна көп жылдан бери бул мектепти жетектеп келүүдө. Мектепте 90 мугалим эмгектенет. 1445 окуучу окуйт. Мектеп 1999–жылдан баштап гимназиялык статуска ээ болгон.

 

Жетекчи башкаруунун милдет­терин: пландаштырууну, уюшту­рууну, мотивацияны, көзөмөлдү туура жүргүзөт. Башкаруу про­цессининдеги ишмердиктин мак­саттары жана милдеттери дайы­ма аныкталып, пландаштырылат. Башкаруу ишинде демократиялык стилди колдонот. Мотивацияло­онун ар кандай жолдорун билет. Мектепте жагымдуу психологи­ялык абал түзүлгөн. Канымжан эжей каржы, экономика, укук иш­терин жакшы түшүнөт. Калыс, адилеттүү болуп жамааттын көӊүлүн көтөрүп иштетет. Муга­лимдерге жөлөк болуп, аларды коргой алат, түшүнөт, муктаж­дыктарын угат. Башкарууда чы­гармачылык менен иштеп жаткан мугалимдерди көрө билет, жаӊы башталып жаткан иштерди кол­дойт. Жогорудагы милдеттердин кандай ишке ашып жаткандыгын билүүүчүн сөзсүз түрдө мектепте көзөмөлдүн ар кандай түрлөрү жүргүзүлүп турат.

Билимин өркүндөтүү курсу­на келген мектеп жетекчилери­не башкаруу иши боюнча өзүнүн көп жылдык иш-тажрыйбасынан бөлүшүп келүүдө.

Усулдук бөлмөдө мугалим­дер үчүн керектүү техникалык каражаттар, материалдар, ада­бияттар бар. Педагогдор «Билим берүүнүн максатындагы, мазму­нундагы жаӊылануу — окуучулар­дын билимин, шыгын, жөндөмүн, өркүндөтүүнүн негизи!» деген усулдук теманын үстүндө иште­шет. Окутуунун жаӊы техноло­гияларын мугалимдерге үйрөтүү боюнча окуулар болуп турат. Ошондуктан бул мектепте билим берүүнүн сапаты жогору. Жетек­чи мугалимдердин иштөөсүүчүн бардык шарттарды түзүп берген. Класс бөлмөлөрү азыркы талапка жооп бере тургандай жабдылган.

Канымжан Жусупбековна эл аралык уюмдар менен дагы биргеликте иштешет. Швециялык долбоор боюнча «Бекем тиштер» программасы иштейт. «Тиштерди тазалоо» бөлмөсү бул долбоор­дун жардамы менен жабдылган. Тиштин гигиенасы боюнча сабак­тар өтүлүп турат. Ага–Хан фонду каржылаган устат-шакирт про­граммасы иштейт. Конфуций ин­ституту менен биргеликте долбо­ор ачылган, анда балдар кытай тилин үйрөнүшөт. «Технология» сабагы боюнча бөлмөнү Герма­ниялык эл аралык технология­лык долбоору жабдып берген. «Кулинария» кабинетин өздөрү азыркы талапка ылайык жабдып алышкан. Англис тили сабагы Оксфорд программасы менен өтүлөт. Бул программа аркылуу сабакка керектүү англис тилин­деги китептерди, дептерлерди жана дисктерди, интерактивдүү такталарды алышкан. Мектептин материалдык-техникалык база­сы эӊ жакшы жабдылган. Са­бактар дагы жогорку деӊгээлде өтүлүп турат. Долбоордук са­бактар өтүлүп окуучуларды изденүүчүлүккө, чыгармачылык­ка үйрөтүшөт. Мультимедиалык технологияны колдонуу менен сабактар өтүлөт.

Жетекчи кадрларды туу­ра тандайт жана ишти туура бөлүштүрөт. Канымжан Жу­супбековнанын менеджерлик билгичтиги, адамдар менен иштей билүүсү, нравалык жак­тан туруктуулугу, интеллектуал­дык деӊгээлинин бийиктиги ага кадыр-барк алып келди.

Поделиться

Комментарии