МУЗЫКА — СЕЗИМДИН ТИЛИ Єспүрүмдүн адептик аӊ-сезимине музыканын тийгизген таасири

  • 22.08.2013
  • 0

Музыканын касиети кандай?

Пифагорчулар мектебинин да, Байыркы Грециянын да философтору эстетикалык тарбиянын негизги каражаты катары музыканын ролун жогору баалашкан.

Байыркы ойчулдардын ичинен Аристотель эстетикалык тарбиянын маанисин кеӊири түшүнүп, адабият менен театрдын эстетикалык, адептик таасирин иликтеп үйрєнгєн. Адамдагы адептүүлүк касиетти калыптандырууда музыканын, обондордун, ал турмак музыкалык аспаптардын ролун изилдєєгє багыттаган.

Кайра жаралуу доорундагы педагогдор гумандуулукка тарбиялоонун маанилүү каражаты катары кєркєм єнєрдү эсептешкен. Кєркєм єнєрдүн негизин єздєштүрүү үчүн универсалдык билими бар адамды тарбиялоо системасынын зарыл элементине музыка кирген. Ф.Рабленин «Гаргантюа и Пантагрюэль» деген чыгармасынын персонажынын бири да калбастан окуй, жаза, ырдай, музыкалык аспапта ойной билишкен.

Агартуучулар да кєркєм єнєрдүн тарбиялык мааниси єтє чоӊ деп эсептешкен. Дидро менен Лессинг кєркєм єнєрдү адептүүлүктүн мектеби деп, социалдык үгүт, насыяттын трибуну (коомдун мүдєєлєрүн жактоочу нерсе) деп эсептешкен. Анын үстүнє агартуучулар кєркєм табитти калыптандыруудагы эӊ негизги ролду сүрєтчүлүк єнєргє, театрга ыйгаштырышкан.

“Музыка инсандын рухий єсүшүндєгү лирикалык поэзиядан кийинки этап болуп эсептелет. Анын адамдын ойломуна, адеп-ахлагына, эмоционалдык жана эстетикалык тарбия берүүчү таасири бар. Музыка – сезимдин тили. Адамдын жан дүйнєсүндєгү сєз жете албаган эӊ тереӊ, эӊ назик жерине музыка жетет. Ошондуктан тарбия музыкасыз болсо, кемчил болуп калат”-деп ырастайт педагогика илими. Музыка менен ыр окуу предмети эле эмес. Эгерде музыканы сезимдин тилиндеги окуу китеби деп эсептесек, анда бул предметтин алиппеси табияттын музыкасын угуудан башталат. Табийгаттын музыкасы – али музыка эмес, ал тамга, аны үйрєнүп алган адам гана сезимдин тилиндеги китепти окууга кирише алат (Бекембай Апыш. Тарбия назарияты. Ош, 1996).

Ч.Дарвин: «Эгерде мен жарык дүйнєгє кайрадан дагы бир жолу жашап калсам, эӊ жок дегенде аптасында бир жолу бир нече ыр окушту, жана музыка угушту эреже кылып алат элем. Ушундай үзгүлтүксүз кєнүгүүнүн натыйжасында азыркы мээмдеги шал болуп калган бєлүктєрүндєгү активдүүлүктү мүмкүн сактап калаар белем. Бул табитти жоготуу бакытты жоготуу менен барабар, мүмкүн акыл жєндємүмє, андан кєбүрєєк адеп-ахлагыма мунун зыяны тийип жаткандыр» — деген ойду айткан. Окуу планда каралган предметтердин ичинен эки эле предмет: музыка жана сүрєт мээнин оӊ жарым шарын єнүктүрєт (Р.Стоун. Как обращаться к правому полушарию. Спб, 2000). Баланын жалпы єнүгүүсү үчүн музыка керек деп ырастайт советтик педагогика. Ошондуктан окуу планга музыка сабагы киргизилген. Музыка адамдын  чыгармачыл ойломун єнүктүрүүгє жардам берет. Адамдардын рухий дүйнєсүнє  анын таасири бар. Жеӊил музыканы уккан маалда аӊ-сезим олуттуу ойлордон бошонуп, эс алат. Єспүрүмдүн жан дүйнєсүнє музыка таасир этип, сүйүү, атуулдук ж.б. сезимдерин козгойт, толкундандырат. Музыкалык маалыматтар адамга ар кандай ой формаларын эске салат. «Дүйнєдєгү жаӊырып жаткан музыкаларда сулуулук да, жагымсыздык да, жогорку сезимдер да, уятсыздык да, философиялык тереӊ ойлор да, адамдын кєєдєнүндєгү боштугу да чагылдырылат. Мунун баарын музыкалык жактан сабаттуу, маданияттуу, атайын даярдыгы бар адам гана түшүнє алат» дейт Ф.Я.Розинер (Сиздин балдарыӊыз, сиз жана музыка. М., 1973).

«Ким жан дүйнєсүнє музыканы алып жүрбєсє, татына гармонияга муздак мамиледе болсо, ал жалганчы боло алат» — деген В.Шекспир.

В.А.Сухомлинскийдин ырастоолоруна караганда: «Китеп окууга жана музыкага кызыкпаган, аларга такыр кєӊүл бєлбєгєн балдардын рухий деӊгээли тємєн болот, андай балдар арасында кылмыштуулуктун жогору болушунун ортосунда байланыш бар». Ал кылмыш ишине аралашкан, адамдын коргоо укугун бузган 460 єспүрүмдүн үй-бүлєсүн байкап, текшерип кєргєн. Кылмыш канчалык оор, мыкаачы, адамгерчиликсиз, ырайымсыз болсо, андай үй-бүлєдє жашаган єспүрүмдєрдүн интеллектуалдык, эстетикалык, моралдык кызыгуу талаптары тємєн, жарды болгондугу, ошол үй-бүлєлєрдє китепканалардын жоктугу, ошондой эле музыкага кызыкпагандыгы аныкталган. Биздин оюбузча рухий талаптары да тємєн болуш керек.

Байыркы акылмандар «Дарынын баары уу, кеп анын дозасында» дешчү экен. Мунун музыкага да тиешеси бар. Таланттуу Бомарше атасына «Севильский цирюльник» деген чыгармасын аткарып берсе, ал єтє толкундануудан єлүптүр. Француз психотерапевти Альфред Томатис «Музыка атом энергиясы сыяктуу, анын потенциалын акыл эстүү пайдаланса, єспүрүмдєрдүн денесин жана рухун айыктыруучу таасир тийгизет» — деген. Мисалы, белгилүү актёр Жерар Депардье єспүрүм чагында кекечтенип, бир сүйлємдү да аягына чейин айта алчу эмес. Текстти эске тута албай, кыймылы олдоксон болгон. Альфред Томатис ага күнүгє 2 саат Моцарттын жазган музыкасын угууну сунуш кылган, ал эки жумада айыккан. Композитор Моцарттын музыкасы – дүйнє жүзүндєгү мелодиялардын ичинде адамдын ден соолугун, психикасын айыктыруучу эффекти боюнча «чемпион» деп ырасташат психотерапевт врачтар. Анын мелодияларын медиктер «жашоонун ыргагы» дешет, анткени “Моцарттын чыгармаларынын ритми адамдын организмин табигый нукка салып, иммунитетин жогорулатып, уйкусун, табитин нормалдаштырып, эс алдырып, дартка даба болуучу касиети бар”.

Бардык психотерапевттер оорулуу адамдардын аӊ-сезимин гипноздук абалга жеткирип Моцарттын мелодияларын угузушат. Японияда, Кытайда дары чєптєрдүн таасирин музыка менен эффективдүү комбинациялап айыктыруу ыкмалары иштелип чыккан. Адистердин (психотерапевттердин) ырастоолоруна караганда, Шуберт, Шуман, Шопен, Лист, Чайковскийдин мелодиялары адамдын аӊ-сезимин стресс абалынан чыгарууга жардам берет. Депрессиялык абалдан чыгарууга медиктер классикалык музыканы угууну сунуш кылып жүрүшєт. Кайгыга батып, убайым тарткан адамга Беллини ж.б. италиялык бельканто єкүлдєрүнүн, Бахтын «Страсти по Матфею», «Аве, Мария» ж.б. диний музыкалардын жагымдуу таасири бар.

 

Ар бир таяктын эки учу болот

 

Биз музыканын аӊ-сезимге пайдалуу гана жагын айтып, зыяндуу жагы жок деген ырастоочу ойдон алыспыз. Мындай ой кайдан жаралды?

Ибрахим Маликтин «Параллель дүйнє» (Казань, 2004) деген китебине кєӊүл бєлєлү. «Жин деп аталган акыл эстүү энергия адамдын оюна мелодиянын ноталарын салат, б.а. музыка жазганга жардам берет. Адам таланттуу, уникалдуу, гений сыяктанып кєрүнєт. Мындай генийлердин ишинин арты кєбүнчє жакшылык менен бүтпєйт. Ийгиликке жетишүү үчүн жин, шайтанга кайрылып жардам сурап, келишим түзгєн музыкант, композитор, гений бактысыз» — дейт.

Гётенин чыгармасындагы Фауст жанын шайтанга саткан. «Арфанын мелодиясын, ырларды угууга кызыккан окумуштуулардын жүрєгүндє эки жүздүү ойлор жаралат» — дейт Амр бин Абдуазиз (исламий аалым).  «Музыка Иблистин жибергендери, шайтандын азаны, алар адамдын жүрєгүн толкундандырып, дененин бардык бєлүктєрүн козгойт» — деп ырастайт исламий окуу (Ибрахим Малик).

Кєптєгєн ойчулдар кээ бир ырларды, музыканы аномалдуу (нормалдуу эмес) кєрүнүш деп эсептешет. Мындай ырлар негативдүү (терс) маалымат камтыйт. Мисалы:

Мен шар түрүндє чагылганмын.

Мен жаан тєгємүн.

Сен али жашсыӊ, бирок єлєсүӊ.

Барымтага адам албаймын,

Бєлүшпєйм ємүрүн,

Коӊгуроо мени чакырат,

Сени тозокко ала кетемин.

Жогорудагы англис тилинде угуп эле жүргєн рок музыканын коштоосундагы ырды жактырган єспүрүмдєргє мелодиясы жок кыргызча же орусча окуп берип, «бул эмне болгон чыгарма?» деп сурасаӊыз, 10 фанат окуучунун тогузу ийнин куушуруп, «билбейм» деп коюшат. Мектепте англис тилин окуганы менен рок музыканы жакшы кєргєндєр популярдуу АС/ДС–Hell,s Bells тобунунун ыры экенин биле алышпайт. Бул ырдын аты англис тилинен «Тозоктун коӊгуроосу» деп которулат. Музыканын оор ритми дүйнє жүзүнє белгилүү африкалык Вуду  сыйкырынын (магиянын) ритминен алынган. Бул жєнүндє аны угуп жүргєн єспүрүмдєр гана эмес, алардын ата-энелери да билишпейт. Башкача айтканда, кылымдар бою терс функция аткарып келген ритмди, сєздєрдү єспүрүмдєр түшүнбєстєн кабыл алышат. Демек, алардын мээсине, тактап айтканда, аӊына (подсознание) маалымат кирет. Мээге (аӊга) маалымат кайсы тилде кирсе да анын мааниси гана сакталат (Ибрахим Малик). Мээде (аӊда) камтылган маалыматтар азыркы психотерапиянын башкы (негизги) сырдуу кутучасы. Муну убагында «ген аркылуу берилген эс» деп аташчу.

 

Роктун бирогу бар

 

Азыркы мезгилде єспүрүмдєрдүн арасында рок, поп музыка популярдуу болууда. Бул музыканттар кандай ыкма менен єспүрүмдєрдү єзүнє тартып жатат болду экен? деген суроо туулат. Буга жооп издеп, мындан бир нече жыл мурда америкалык доктор Девид Элкиндин жетекчилиги астында эмгектенген окумуштуу медиктер эксперимент жүргүзүшкєн. Анда катуу чыӊылдаган үндєн жумуртканын ирип калаары далилденген. Концертте катуу сүйлєгүчтүн алдына коюлган чийки жумуртка «бышып» калган. Кийин Д.Элкин «Шашкан бала» деген китебинде єзүнүн эксперименти жєнүндє жазат. Китепте оор рок музыканын үнү єсүмдүктүн єсүшүнє тоскоол болоору, атүгүл соолуп калышына себеп болоору жєнүндє жазылат.  Рок менен ирмеп жарыктанган нурдун таасири астына коюлган аквариумда сүзүп жүргєн балыктар єлүп, суунун бетине калкып калышкан. Рок музыканын үнүн єтє бийик чыгарып койгон үйдєн чычкан, келемиш коркуп, качып кетишет экен.

Жетинчи класстын окуучуларынын аӊ-сезими үч сааттык рок концерттен кийин кєбєйтүүнүн жадыбалын эстей албаган абалга келээри аныкталган (Д.Элкин). Ал эми Токионун эӊ ири рок залында журналисттер угармандарга «сенин атыӊ ким, сен каерде отурасыӊ, азыр канчанчы жылда жашап жатабыз?» деген сыяктуу жєнєкєй суроолорго жооп бере албай калган абалга окуучулардын аӊ-сезими жеткендигин аныкташкан.

Рок залда єспүрүмдєрдүн аӊ-сезими эмне үчүн мындай абалга жетет? Немец окумуштуусу профессор Б.Раух бул суроого мындайча жооп берет: «Жаалдуу катуу чыӊылдаган үн жаӊырган чєйрєдє адамдын организми єзгєчє стресс гормондорун бєлүп чыгарат, ал мээдеги маалыматтарды «тазалап» салат. Бул процесс кайра калыбына келбейт».

Азыркы рок топтор 20 миӊден 30 миӊге чейинки герц же андан тємєн диапазондо иштээри белгилүү. Дүйнє жүзүндє рок музыкадан адамдын эске тутуусу, музыкалык угуму (слух) жоготуу фактылары белгиленүүдє. Үндєн контузия (денеге доо кетип) алып, «күйгєндүгү» аныкталган. Рок музыканын адамдын денесине, психикасына мындай бүлдүрүүчү күчү бар экендиги 1979-жылдан бери эле белгилүү. Венецияда рок концерт маалында жыгач кєпүрє кулап түшкєн. Ал эми «Пинк Флойд» тобу Шотландияда концерт берип жаткан маалда да кєпүрє кулап түшкєн. Ошол мезгилден бери батыштагы медициналык окумуштуулар фанат єспүрүмдєргє тємєнкүчє түшүндүрүшєт: «Мындай жыштыктагы ыгы жок үн, жарыктын бүлбүлдєп караӊгыга алмашуусу байыркы  сыйкырчылардын (магиянын) коомунан алынган, аны аягынан башына тескери иретте ойношот. Мунун адамдын психикасына бүлдүрүүчү таасири бар. Бул єзүн єзү сактоо инстинктин, түптєлгєн адеп-ахлактык сапаттарын, єзүн коргоо механизмин бүлдүрүүгє багытталган деп айткан медиктердин сєздєрүн уккандар аз. Рок єспүрүмдєрдүн кєз карашына, ойломуна терс таасирин тийгизип жатат. Ошол таасирдин нугунда ойгонуп, кийинип, машина айдап, кєӊүл ачып, кайрадан уктап жашоого алар кєнүгүп калышты.

Америкалык медициналык окумуштуулар 500-600 ватт кубаттуулук деӊгээлинде ойногон «Битлз» тобунун чыгармачылыгын изилдешкен. Азыркы кєпчүлүк аткаруучулардын оюну 70000 ватт деӊгээлден 100000 ватт деӊгээлге чейин жакындайт. Адамдын мээсине 120 децибел үн менен тынымсыз (системалуу түрдє) чабуул кылса, мээ практика жүзүндє кайра калыбына келбес процесске дуушар болот. Адамдын мээси максимум (жогорку чеги) 55 децибелди араӊ кєтєрє алат (Ибрахим Малик). Жарым сааттык дискотекага катышкан єспүрүмдєр гипнабелдүү (башка бирєєнүн таасири астында аӊ-сезимдин уйку, ойгоо ортодогу) абалга єтүшєт жана  сыйкырдын арбоосунун таасирине тез кабылдоочулар болуп калышат да, єзүн єзү кєзємєлдєє жєндємүн толук жоготот. Андан ары агрессивдүү сєздєрдү айтууга, терс аракеттерге жєндємдүү болуп калышат. Єспүрүмдєр рок залда психоэмоционалдык травмага (сынуу, бүлүнүү) дуушар болушат. Мындан кийин табигый єзүн-єзү сактоо механизми, инстинкти, рефлекси автоматтуу түрдє жоголот. Алар єспүрүмдєрдє ансыз деле жеткиликтүү эмес, б.а. дефицит.

Рок музыканттар єспүрүмдєргє жамандык кылып жаткандыгын єздєрү түшүнєт болду бекен? Джим Хендрикстин жообу: «Музыканын жардамы менен биз элди гипноздоп, чабал, алсыз жактарын таап, эӊ жєнєкєй (б.а. жаныбардын) деӊээлине чейин түшүрєбүз. Аӊ-сезимдин мындай абалында алардын башына болбогон нерселерди «тыкса» болот» («Лайф» журналынан).

Питер Трунсшенд «Who» тобунун солистинин жообу: «Мен кандайча түшүндүрєєрүмдү билбейм, бирок сахнада єзүмдү кєзємєлдєй албай калам. Рок музыканттардын эч кимиси єзүн кєзємєлдєй албайт деп ойлойм. Мен бирєєнү єлтүрүп да коё алам го, мага ушундай сезилет» («Лайф» журналынан).

Гитара чертүүчү Джон Маклафлин: «Биз кечинде концертте гитара чертип жаткан болчубуз, күтпєгєн жерден мага жинби, арбакпы (дух) бирдеме кирди. Гитараны мен ойнобой эле ал ойноп жатканын түшүндүм» («Лайф» журналынан).

Аӊ-сезимдин мындай абалын христиан дининдегилер «жиндер» (бесы) акылын оопай кылып коюшту дешет.

Виктор Цойдун автоавариядан кийинки, ємүрүнүн акырындагы сєзү: «Мен жаман болоорун билчүмүн, бирок мынча тез болоорун билген эмесмин» («Маяк» радиосуна берген интервью).

Рок музыка гүлдєгєн кылымда єспүрүмдєр арасында кылмыштуулуктун деӊгээли жогорулап кетишинде байланыш жокпу? Концерт залда жаштардын мүнєзүн психикалык дарттын эпидемиясы каптагандай зордук, зомбулук, агрессиянын єсүшүн кандайча түшүндүрсє болот? Рок “жылдыздарынын” биринин артынан экинчисинин трагедиялуу єлүмдєрүн кандайча түшүндүрүүгє болот? Єспүрүмдєрдүн психикасына рок музыканын таасирин физиологиялык жактан түшүндүрүүгє болобу же мистикалык күчтєрдүн таасириби? Азыркы мезгилде дүйнє жүзүн «шайтанчылар» (сатанизм) коомдору каптоодо. Кыргызстанды да алар унутушкан жок. Байыркы  сыйкыр (магия) ритми жин-шайтанды чакырат дейт Ибрахим Малик. Биринчи рок “жылдыздарынын” бири Джон Леннон Германияда гастролдо жүргєн мезгилде, жума күнү Иса (АС) пайгамбардын кайчылаш жыгачка кадалган сүрєтүн шылдыӊдап, балкондун астында єтүп бара жаткан диний ынанымдагы аялдарга ичине суу куюлган презерватив ыргытып, «бул асмандан түшкєн жамгыр» деп кыйкырган. Азыркы рок музыканттар колдонгон «Шайтандын инжилинен» (чыгармадан) үзүндү жогорку ылдамдык менен тескери иретте ойноо жєнүндєгү идеяны Леннон киргизген. «Битлздин» альбому 1968-жылы чыккан. Леннон ушундан кийин дүйнєдєн трагедиялуу кайткан. Музыканттардын айрымдары моралдык нормадан четтеп, бачабасар (гомосексуалист), сойку  ж.у.с. болуп кетээри белгилүү.

Рок чеберлери кєптєгєн угармандарды кызыктыруу үчүн аӊ-сезимдүү түрдє шайтандын белгисин єзүнүн символикасына пайдаланышат. Мисалы, «KISS» ансамблинин белгиси «Kings in satan,s service» кыскартылган, б.а. «шайтандын кызматындагы королдор» деген сєздєн алынган.

Рок музыка кээ бир балдардын психикасына баӊгизат сыяктуу єтє тез таасир эткендиктен, єзүн-єзү єлтүрүүгє жеткирет,- дейт Ибрахим Малик. Мисалы, 14 жашар металлист Томми Салиман єзү сүйүктүү «Айрон Мейди» тобунун «Эдди» деп аталган Иблистин тумарын єзүнє жасап алат, анан жакшы кєргєн музыканы угуп аӊ-сезими транс абалга жетет. Мергенчинин бычагын алып єз энесин єлтүрєт, анын оӊ колун кесип салат, баш терисин чыгарат, анан єзүн мууздап салат. Бала баӊги болгон эмес, спирт ичимдиктерин ичпеген, психикалык жактан проблемасы боюнча врачка эч качан кайрылган эмес.

Дагы бир (рок музыкалык) фанат єз кєкүрєгүнє сүйүктүү топтун символун бычак менен кесип, баарына белгилүү тажаалдын 666 санын жазган, анан үч кишини єлтүрүп салган. Мындай мисалдарды кєп келтирүүгє болот. Рок индустриялык чарбанын жетекчилеринин кєпчүлүгү «шайтанчылар» сектасында чиркєєдє официалдуу мүчє экендиги далилденген.

Поп музыка боюнча деле негативдүү, адепсиз маалыматтарды камтыган ырлар жетишерлик. Мисал келтирели: Мумий тролдун аткаруусундагы ыр:

«Чєгєсүӊ, чєгєсүӊ,

Бир мезгилде єлєсүӊ…»

Валериянын аткаруусундагы ыр:

«Єзүмдүн кызым деп сен мени атагын,

Анан кучакта, анан алдагын…»

Мектепте тарбиялык мааниси жогору ырлар, музыка гана сунуш этилиш керек.

Биз негативдүү мазмундагы ойлорду камтыган ырлардын, рок музыканын єспүрүмдєрдү арбоочу ритминин, азыркы мезгилде оорунун эпидемиясы сыяктуу каптап келе жаткан «искусствонун» зыяндуу таасири жєнүндє кыскача баяндоого аракеттендик. Бул педагогдорду ойлондуруп, мындан єспүрүмдєрдү кандайча коргойбуз деген сыяктуу суроолорду акылдарына салууга тийиш, анткени азыркы мезгилде мектептерде дискотека уюштуруу адатка айланган. Ал бизге ХХ кылымдан эстафета сыяктуу келген. Дискотеканы кээ бир єспүрүмдєрдүн жүрєгү наркоман баӊги затка муктаж болгон сыяктуу тарбия завучтан «дискотека качан болот?» деп єз мыйзамдуу укугун талап кылып жаткан сыяктуу суроо коюшат. Жогоруда айтылган проблема ата-энелерге, мугалимдерге, коомчулукка түшүнүктүү болгондур, эми акыл калчап єспүрүмдєрдү коргоо жєнүндє ойлоноор деген үмүттєбүз.

Г. Жумабаева, КББА, педагогиканын  теориясы жана тарыхы лабораториясы, 
ага илимий кызматкер
Поделиться

Комментарии