МУГАЛИМГЕ ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУУ КЕРЕКПИ?
- 01.07.2013
- 11
Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги демилгечи болуп, “Биринчи мугалим” айкелин орнотууну колго алган. Анткени ушул мезгилге чейин МУГАЛИМ деген бийик ысымдагы скульптура Кыргызстанда болгон эмес. Аталган айкелдин үлгүсүнүн үстүндө борборубуздагы Т.Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы Көркөм сүрөт колледжинин мүдүрүнүн орун басары Мелис Сулайманов иштеп жатканын министрликтин пресс-кызматы билдирген эле. Ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын айкелди орнотууга арнашууда. Мына ушундай маалыматтар менен катар министрлик билим берүү тармагынын өкүлдөрүн талкууга чакырып, омоктуу ойлор, пикир-сунуштар киргизилет деген ишеничти билдиришкен болчу. Мына ушул талкууга мугалимдер активдүү катыша башташты. Бул жолу алыскы Талас облусунан келген мугалимдердин пикирлерин сунуштайбыз.
Дүйшөн агай – биздин агай
Мугалимди эскерүү, мугалимге таазим кылуу ар бир инсандын ыйык милдети. Киров районунун (азыркы Кара-Буура району) Шекер айылына караштуу Арчагул айылында 1924-1971-жж. агартуу майданында Дүйшөн агай эмгектенген. Биз залкар жазуучу Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестиндеги Дүйшөн Таштанбек уулунун прототиби катары Дүйшөн агайды билебиз. 1993-жылы айылдагы мугалимдердин демилгеси менен «Советтик Кыргызстан» гезитине Дүйшөн агайга эстелик орнотуу маселеси көтөрүлгөн. Каражатка байланыштуу ал учурда Дүйшөн атындагы орто мектеп жана Дүйшөн атындагы көчө агайдын ысымында болду. Ачык асман алдында Ч.Айтматовдун музейинин так ортосуна биринчи мугалим Дүйшөн агайдын эстелигин орнотуу белгиленген. Ч.Айтматовдун 70 жылдык мааракесинде мамлекет тарабынан орнотуу болжолдонгон эле. Дүйшөн агайдын уулу Барпыгул эстелик орнотуу боюнча тийиштүү жетекчилерге кайрылды, бирок бул жалпы элдик иш деп ойлойбуз. Мугалимге эстелик орнотуу, жаштардын аны көрүп туруусу келечегибиздин түз жолго кетерине үндөп турат.
Биз 1932-1939-жылдары Дүйшөн агайдан жакшы билим алдык. «Оку, оку, сезимиӊдин тазасында кабыл алып кал, жатта, көрүү сезимиӊ ойгонсун, жадыбалды карап жатта, көзүӊдү жумба!», — деген агайдын үндөрү кулагыма жаӊыргансыйт. Дүйшөн агай денелүү, албеттүү, билим бердим деп милдет кылбаган, ишинин ийгилигин ичинен баамдаган нукура тереӊ мугалимдик таланты бар адам экен. Опузалап окутуп, эгер коркуп турсак дептердеги сулуу жазганыбызды балдарга даӊаза кылып көрсөтүп, көӊүлүбүздү окууга бурчу. Чарчап турган мугалимде да чеке терин чоӊ бет аарчысы менен сүртүп, келгиле, балдар, эртеӊкиге калтырбай бир кызыктуу маселе бар, ошону чыгарып алалы деп сабак баштаар эле. Агай мектепке келе жатканда балдар баш кийимдерин алып агайга салам айтып, биз кыздар балдардын артынан “агай келди, агай келди” деп келип, отуруп калчу элек. Мугалим эле эмес, боорукер ата эле. Сыябыз жок болсо, өзү камдап койгон сыя челектерин берчү. Арчагул айылынын тургундары Дүйшөн агай кандай окутчу эле деп тамшана эскерет. Бирге иштегендери мугалим деп ошону айт, Дүйшөндү айт дешет.
Кийинки муундар айылда “Дүйшөн агай мээге окууну куюп койгон экен” деп эскерет. Сүрөттөрүн дубалга тагып алышкан. Дүйшөн агай 60 жашында иштеп жүрүп каза болгон. 1972-жылы 13-февралда сөөгү жерге жашырылды. Агай учурунда сыйлык, сыймык деп ойлобоптур. Бирок эли, айылы «биздин агай — Дүйшөн агай» дешет. Ч.Айтматовдун ар бир чыгармасынын башаты айылдан башталат. «Дүйшөн агайлар» ар бир айылда бар. Биз кыргыз элине мыкты, алгачкы, биринчи мугалими Шекер чөлкөмүндөгү Дүйшөн агайдын элеси менен берилсе деп тилек кылабыз. Бул оюмду жалпы журтчулук жактырат деп сезип турам.
Илимге, билимге кош көӊүл карабаган балдарым! Борборубузга биринчи мугалим – Дүйшөнгө эстелик тургузулса аалам бир дүӊгүрөп, билим дүйнөсү жапжашыл болуп жаӊыра түшөр эле. Мен 1-7-класска чейин Дүйшөн агайдан билим алдып, билимдүү болдум. Айылдык кеӊеште катчы болдум. Азыркы күнгө чейин, карысам да Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музейдин башчысы болуп иштеп жатам. 87-жаштамын. Чолпонбай Түлөбердиевдин классташы Ашымбек Шыйкымбаевдин жубайымын.
Анаш ШЫйкымбаева, эмгек ардагери, Кара-Буура району, Чолпонбай айылы. Эстелик Дүйшөн агайга тургузулса
Мен азыр 81ге чыктым. 1949-1992-жж. азыркы Дүйшөн агай атындагы орто мектепте эмгектендим. Таштанбек уулу Дүйшөндүн прототиби Качканалов Дүйшөн агай менен 1949-1972-жж. бирге иштедим (Качканал менен Таштанбек бир тууган). Дүйшөн агайдан мугалим деген элес жүрөгүмдө калса керек. Дүйшөн агайдын эки смендүү окуу мезгилинде балдар сыртта ойноп жатканда чоӊ жалпак таш бар эле, (спорт аянтчасынын жанында) ошол ташка «9»дун жадыбалын бор менен жазып «Балдар, бир көзүӊ менен эшекке чыккан баланы кара, бир көзүӊ менен жадыбалды жатта» деп айтканы али күнчө эсимде. («Эшек» деп жыгачтан жасалган устунду айтчу). Бул эмнеси десек, агай «Унутса таштан көргөнү боюнча эстейт» дечү. Түштөнүүнү мектепте ичүү менен байбичем Жаӊыл, Дүйшөн агайдын жубайы Токтогул апа бизге чай, жармасын ташычу эле. Дүйшөн агай баш болуп мектептин багын тиккенбиз, алигиче чоӊ бак болуп өсүп турат.
Менин сунушум: Мугалимдин бейнесин Дүйшөн Качканаловдун сүрөтү аркылуу берсе эӊ туура деп ойлойм. Талас өрөөнү боюнча кай жеринен сураба «Агай деп Дүйшөн агайды айт» дешет. Ар бир бала агайдын өмүр жолун, ишин, кыйынчылыкта иштегенин таанып билсе мугалимге болгон сый-урмат артат. Билимге кызыгуу артат. Келечек ээлерибиз күчтүү муун болот.
Ал эми жалпылап мугалимге эстелик орнотсо, эл, анын ичинде окуучулар каймана мамиле жасап калат. Учурунда иштедим деп төшүн какпаган Дүйшөн агайыбыздын эмгегин эл баалайт. Дүйшөн агай айыл элине өчпөс из калтырган мугалим.
Жакшымбет Байгобылов, эмгек ардагери,
Кара-Буура району.
Даярдаган
Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”
Комментарии