МУГАЛИМДЕРДИ АТТЕСТАЦИЯЛОО БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ КАНДАЙ ӨТӨТ?

  • 24.10.2016
  • 0

Жалпы билим берүүнүн сапатына таасир этүүчү негизги факторлорду табууга жана анализдөөгө арналган изилдөөлөрдө адистер ал фактор мугалимдин квалификациясы экендигине ынанышат. Андыктан акыркы учурларда чет элдик дагы, өзүбүздүн дагы изилдөөчүлөр  мугалимдин кесиптик даярдыгынын сапатын аныктоо менен убара. Мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоо – мамлекеттин билим берүү саясатындагын маанилүү багыттардын бири болгондуктан, баардыгы  мугалимдин кесиптик даярдыгын модернизациялоо боюнча улуттук стратегияны, жумушка кабыл алуу учурунда анын квалификациялык деңгээлине берилген бааны активдүү талкуулашууда.

Россияда мугалимдерди аттестациялоого өзгөртүүлөр киргизилет

Дээрлик бардык өлкөлөрдө, анын ичинде, КМШда мугалимдин кесиптик даярдыгын аттестация аркылуу текшерүү жүрүп турат. Формалдык түрдө да жүргөн жерлер жок эмес, бирок бул бардык жерде милдеттүү мамлекеттик иш чарага айланган. 2017-жылы Россиянын агартуу тармагында өзгөрүүлөр болоору күтүлүүдө. РФ билим берүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңырган жылы мугалимдерди аттестациялоо эки этап менен жүргүзүлмөкчү. Биринчи этабында педагог өзү ээлеген жумуш ордуна кесиптик билими шайкеш келерин далилдеши зарыл. Кийинки этапта болсо ал адамга тиешелүү категория ыйгарылат. Өзүнүн билимин жана тажрыйбасын комиссия мүчөлөрүнө иш жүзүндө көргөзгөн жана ынандырган педагог гана квалификациясын жогорулата алат. Россияда азыр аттестациянын эки: милдеттүү жана ыктыярдуу түрү бар. Биринчиси мамлекеттин талабы боюнча мугалимдин билимин текшерүү максатын көздөсө, экинчиси өзүнүн учурдагы квалификациялык деңгээлин жогорулатууну каалаган педагогдор үчүн кызыктуу. 2016-жылдан тарта аттестациядан милдеттүү түрдө мындан беш жыл мурда өткөн педагог өтөт. Ал эми келерки жылдан баштап квалификациялык категориясы бар жана боюнда бар мугалим айымдар милдеттүү түрдө аттестациядан өтүүдөн бошотулушат. Декреттеги мугалимдер жумушка чыккандан кийин гана квалификациясын тастыктап, мугалимдик ишмердүүлүгүн уланта алышат. Алар ишке киришкенден кийин жана аттестацияга чейин эки жылдан кем эмес убакыт өтүшү талап кылынарын эстен чыгарбашы керек. РФ билим берүү мыйзамы боюнча акыркы төрт айда (жана андан жогору) ар түрдүү себептер менен жумуш ордунда иштебеген окуу жайдын кызматкерлери аттестациядан өтүүгө милдеттүү эмес. Алар өз жумуш ордуна расмий отургандан тартып бир календардык жыл аяктаганда гана аттестациядан өтүүгө милдеттүү болушат.

Ыктыярдуу аттестацияга кимдер ынтызар?

Жеке эле мугалим эмес, башка адистер деле өзүнүн квалификациялык деңгээлин жогорулатууга кызыкдар болуш керек. Анткени квалификациясы жогору адистин карьера жагынан да көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Өзүн, өзүнүн билим деңгээлин жогорулаткысы келген адам үчүн ыктыярдуу аттестация кызыктуу. 2017-жылдагы мугалимдердин аттестациялоонун жаңы формасы мурдагысына көп жагынан окшош. Квалификациясын жогорулаткысы келген мугалим өз мүдөөсүн адегенде өзүнүн жетекчисине билдирип, андан соң арыз жазышы керек. Ал арызда ыктыярдуу аттестацияны өзүнүн жаңы квалификациялык категориясын аныктоо үчүн жүргүзүүнү каалап жаткандыгын белгилеп коюу шарт.

Мугалимди аттестациялоо кандай жүрүшү керек?

Муну КМШ жана чет өлкөлөрдүн тажрыйбасында карап көрсөк болот. Маселен, илим билим жаатында алда канча алдыга өнүккөн Японияда мугалимди жумушка алып жаткан учурда анын кесиптик компетенттүүлүгү кандай бааланат, деги эле ал процедура кандай эреженин алкагында ишке ашат? Японияда эбактан бери эле мугалимдерди экзамендердин жыйынтыгынын негизинде кызматка кабыл алышат. Жергиликтүү жалпы билим берүүчү мектептерге мугалим болууга талапкер адам префектура жетекчилиги жүргүзгөн экзаменден ийгиликтүү өткөндө гана өз кесиби боюнча иштей алат. Экзамендердин мазмуну жана аны өткөрүү процедуралары ар түрдүү, бирок тести окшош: биринчиси – педагогикалык тест, экинчиси базалык предмети боюнча жүргүзүлгөн тест, буга интервью жана практикалык тапшырмалар кошулат. Бул тест дагы эки этапта жүрөт: биринчиси – окуу башталар алдында, июль айында, экинчиси – сентябрь айында, бул негизинен биринчи тесттен ийгиликтүү өткөндөр үчүн. Белгилей кетүүчү эң маанилүү жагдай, экзамендер башталгыч класстын мугалимдерине өзүнчө, ортоңку тепкичке, жогорку тепкичтегилерге өзүнчө жана педагог-тарбиячыга өзүнчө даярдалат. Окутуунун педагогикасы жана методикасы боюнча биринчи тестти бардык талапкерлер тапшырышат. Тесттин кыскача мазмунуна токтолсок, ал негизинен окутуунун азыркы теориясы жана концепциясы боюнча мугалимдин билимин аныктоого багытталган. Башталгыч класстын мугалими өзүнө тиешелүү программанын алкагындагы бардык предметтер боюнча тест тапшырышса, негизги жана толук орто билим берүү багытында иштей турган мугалимдер өздөрү окута турган предмет боюнча тесттен өтүшөт. Практикалык тапшырманы ким аткарат деген суроо да кызыктуу. Практикалык тапшырманы дене тарбия, музыка, искусство жана англис тили мугалимдери аткарууга милдеттүү. Алар тест учурунда өздөрүнүн предмети боюнча тапшырмаларды аткарышат. Японияда кийинки кездерде кагаз жүзүндө тест жүргүзүү менен экзамен алуу азайып баратканы байкалат. Негизги басым интервью жана практикалык тапшырмага жасалууда. Жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүндө тесттин мазмунуна компьютерде иштөө талабы бардыгына бирдей коюлат. Мугалим болууга талапкер адам компьютерде практикалык тапшырмаларды аткарууга милдеттүү. Ал Word программасын, Excel таблицасын жана Интернетте иштөөнү билиши керек. Дагы бир белгилеп койчу эң маанилүү жагдай,  аттестация алдында мугалимдин бардык ийгиликтери менен кошо кемчиликтери да окулат. Аттестациянын жыйынтыгына жараша кемчиликтерин жоюп, ошонун негизинде начар иштеген мугалимдерден арылып турушат. Ал эми пара алгандар ж.б. күнөөлөрү барлар мамлекеттин жарлыгы менен жазага тартылышат.

Америкада мектепте мугалим болгонго караганда, ЖОЖдо агартуучу болгон оңой

Чет өлкөлөрдө мугалимдердин билимине өтө жогору баа беришет. Анысы түшүнүктүү деңизчи, анткени, дүйнө жүзүндөгү бардык прогресс, керек болсо жалпы адамзаттын өнүгүүсү мугалимге, анын даярдыгына байланыштуу болуп жатпайбы. Америкадагы мектепте билим берүү системасына баам таштасак, ал жакта мектептин мугалими болуш өтө татаал, жооптуу иш. Ага караганда ЖОЖ окутуучусу болуш оңой. Мугалимдикти окуган адам атайын окуу жайынан билим алгандан кийин да далай сынактан, далай тесттен өтөт. Германияда, Англияда да мугалим жөнөкөй адам эмес, муниципалдык кызматкер болуп эсептелинет да, анын категориясына жараша айлык төлөнөт. Мисалы, Англияда базалык деңгээлдеги мугалимдин  айлыгы 18-19 миң фунт стерлинг болсо, квалицикациялуу, аттестациядан өткөн мугалимдин айлыгы 45-60 миң фунт стерлингге чейин жетет, т.а. бир жарым-эки эсеге чейин көп алат. Германияда да ошондой. Бул мамлекеттеги билим системасынын дагы бир айырмасы жеке эле мугалимдер эмес, окуу жайдын администрациясы, жетекчилиги, окуу жайды тейлегендер да жыл сайын аттестациядан өтүп турушат. Мугалимди аттестациялоонун максаты — анын профессионалдык деңгээлин гана аныктоо эмес, улам бир тепкичке жогорулатып, айлык акысын жогорулатуу, кошумча жүк берүү болгондуктан, Германияда методикалык, педагогикалык кеңештерге катышуу дагы айлык акыга кошумча эсептеле турган кошумча саат, кошумча жүктөм болуп саналат. Казакстанда, Россияда, Өзбекстанда мугалимдерди аттестациялоо беш жылда бир өткөрүлөт. Россияда маматтестациядан тышкары, эркин ыктыярдуу аттестация деген бар. Билимдин сапатын аныктоочу кызмат боюнча жогорулоо боюнча комиссиядан өтүп турушат. Мектеп же окуу жайы дагы кошумча айлык акы кошкусу келсе, атайын тиешелүү мекеме аттестациялайт. Комиссия жыйынтыгын 1-2 айга чейин создуктуруп коюшу мүмкүн. Эгерде талаш-тартыш жаралып калса, өзүнүн билим деңгээлин далилдөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии