«Манас» университети кезектеги бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

  • 01.07.2013
  • 0

21-июнда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасында 2012-2013-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруу» аземи болуп өттү.

«Манас» университети кезектеги бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

1995-жылы Кыргыз жана Түркия Республикалары тарабынан биргелешип түзүлгөн, өзгөчө статуска ээ болгон эл аралык жогорку окуу жайы 18 жылдын ичинде жалпысынан экономика, тарых, түркология, инженерия, журналистика, туризм адистигинен билим алган 3000ден ашуун адистерди даярдап, турмуш жолуна аттандырган. Университет быйыл 12-бүтүрүүчүлөрүн, тагыраак айтканда, ар кандай кесипке ээ болгон 583 бүтүрүүчүнү уядан учуруп жатат.

Салтанаттуу кече бир канча маанилүү коноктордун катышуусунда эки өлкөнүн гимни жана бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу түрдө ант берүү  жөрөлгөсү менен башталды. Андан соӊ, КТМУнун Камкорчулар кеӊешинин төрагасы Кемал Маденоглу жана ТРнын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Нежат Акчалдын куттуктоо сөздөрү окулду. Аземде КТМУнун ректору Себахаттин Балжы: «Эки боордош элдер ортосунда курулган өрнөктүү университетибиздин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн 28 өлкөсүндө иштеп жатышат. Аларга университеттин атынан ыраазычылыгымды билдирем. Университеттин дүйнөлүк деӊгээлде өнүгүшү үчүн колдон келген иштерди жасап келебиз. Кыргызстандын жана Түрк дүйнөсүнүн жарык келечеги ушул жаштарыбыздын колунда. «Манас» университети сиздердин уяӊыз, ар дайым кайда болсоӊуздар да сиздер үчүн эшиги ачык. Мен студенттерим менен абдан сыймыктанам, баарыӊарга ак жол, жолуӊар шыдыр, жолдошуӊар кыдыр болсун! «Манас» университетинин байрагын дүйнөнүн бардык жеринде желбиретесиӊер деп ишенем»,- деп, беш жыл бою «Манас» университетине ишенип, өз балдарын аманат кылган ата-энелерге да ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми биринчи проректор  Асылбек Кулмырзаев бул окуу жайды бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ар ким ээ боло бербегенин айтып, “Манас” университетинин алдына койгон максаттарынын бирин ушул бүтүрүүчүлөр аткара тургандыгына токтолду.

Бүтүрүүчүлөргө “Акыркы сабак” өткөнүнө жана кеченин катышуучусу болуп олтурганына кубанычта экендигин билдирген Түркия Республикасынын Жогорку окуу жайлар комитетинин төрагасы Гөкхан Четинсая 1995-жылы эки өлкө ортосунда курулган Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүү жаатында бир топ иштерди аткарып, мыкты адистерди даярдап келе жаткандыгына токтолуп, татыктуу билимге ээ болгон бүтүрүүчүлөргө өмүрлөрүндөгү эӊ маанилүү кыялдарынын бири орундалып,  сапаттуу билимге ээ болуп жаткандары менен куттуктап: “Көчмөн куштар учуп-учуп кайра уясына кайтып келиши зарыл. Силер кыйын кырдаалга туш болсоӊор, мындагы агай-эжейлериӊер ар дайым жардам берүүгө даяр. Ошондуктан учкан уяӊарды унутпай жүргүлө. Алардан кесипке, үй-бүлөгө байланышкан маселелер тууралуу кеп-кеӊештерин сурап тургула. Силердин сый мамилеӊерден кийин алардын кубанычтарына кубаныч кошулуп калат. Силер көп нерседен кабары бар, мобилдүү, заманбап 21-кылымдын жаштарысыӊар,  ар дайым жолуӊар шыдыр жана ачык болсун»,- деген тилегин айтты.

Иш-чарада алдыӊкы, мыкты окуган студенттерге сыйлыктар, белектер берилди. «Университеттин эӊ мыкты бүтүрүүчүсү» номинациясына табигый илимдер факультетинин колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Пейил Эсенгул кызы, экинчи орунга инженердик факультетинин программалык инженерия бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Жыргалбек Шайлообек уулу, үчүнчү болуп чыгыш тилдер (орус тили жана адабияты) бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Мурат Дөлекер татыктуу болушту. Андан соӊ университеттин эӊ алдыӊкы бүтүрүүчүсү деген номинацияга ээ болгон Пейил  Эсенгул кызы Ардак тактага  өзүнүн ысымын калтыруу каадасын аткарды.

Поделиться

Комментарии