“Кыргыз тилинде дүйнөлүк акыл чордонун түшүндүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар”

  • 12.07.2013
  • 0

Каныбек ИСАКОВ, филология илимдеринин доктору, профессор

Маектешибиз Каныбек Исаков менен баарлашканда сезимиӊде алга умтулуунун жел аргысы жүрүп, мурда-кийин баам салбай жүргөн маселелерди жөнөкөй эле тил менен айтып койгондо башта ушуну эмнеге байкабай жүрдүм деп каласыӊ. Агай дайыма элибиздин жакшы жашоого жетиши, жаштардын билимдүү, тарбиялуу болушу жөнүндө жакшы ойлорун айтып, акыл кошуп келет. Бул жолу филология илимдеринин доктору, Ош мамлекеттик университетинин ректору Исаков Каныбек агай менен мамлекеттик тил, эне тилибиздин көйгөлөрү жөнүндө сүйлөштүк.

— Мамлекеттик тил жөнүндө сөз болгондо кыргыз тили илимдин тили эмес, баарыбыз кыргызча сүйлөсөк экономикабыз зыян тартат дегендей калпыс ойлор да айтыла калып жүрөт. Бул боюнча Сиздин көз карашыӊыз кандай?

— Мамлекетибиздин эӊ башкы эн белгиси — кыргыз тили. Тил болгон үчүн мамлекетибиз бар. 1989-жыл­дан баштап Мамлекеттик тил мыйза­мы кабыл алынды, 2004-жылы ошол мыйзам кайра жаӊыртылып, анча- мынча өзгөртүүлөр менен кабыл алынды. Мамлекеттик тил маселесин көтөрүп чыккандарды улуттук баатыр катары көрүп жүргөн мезгилдер бол­ду. Анда коомдук система ошондой эле. Азыр тилибизди өнүктүрүүгө, турмуштагы ордун активдештирүүгө эч ким тоскоол болгон жери жок. Би­ринчи кезекте мамлекеттик тилди алып жүрүүчүлөр, биз, өзүбүз мам­лекеттик тилге болгон кайдигерликти токтотушубуз керек. Ар бирибиз, ко­омдук жайларда, үй-бүлөдө, көчөдө болсун мамлекеттик тилде таза, ук­кулуктуу, өзгөлөр суктана тургандай кайталангыс көркөмдүү, акыл-эстүү сүйлөп, башкаларга таасир этишибиз зарыл. Ошондо башкалар да биз­ди көрүп, тилибиздин кереметтүү, касиеттүү экенине ынанышып, аны үйрөнүүгө багыт алышат.

Мамлекеттик тил чынында азыркы убакта өзүнүн позициялык деӊгээлин көп жерде чыӊдап баратат. Мунун негизги себеби кыргыз тилине күйүп жанган инсандардын аракетинен деп билсек болот. Кыргыз тилибиз ушунчалык нускалуу, көрөӊгөлүү, уюткулуу тил экени, ар кандай тереӊ, кенен ойду бере билүүгө жөндөмдүү тил экени айныгыс чындык. Бизде бир чоӊ оору бар, чогулуштарда, жыйындарда да көбү баяндамасын мамлекеттик тилде эмес расмий тил­де жаздым деп окуп, же болбосо 3-4 кыргыз бирге туруп жаныбызга башка улуттун бир өкүлү келсе дароо ошо­нун тилине өтүп кеткен өнөкөттөн арыла албай келебиз. Бул илгери Камбаралы Бобулов какшап айтып кеткен тенденция. Өзүбүздүн ойду мамлекеттик тилде түшүндүрүүгө, эне тилде сүйлөөгө толук шарт, мүмкүнчүлүгүбүз жетип туруп, эмнеге биз башка тилде сүйлөөгө аракет жасайбыз? Биз башка улутту жогору, өзүбүздү төмөн коюу саясатынан кай­тышыбыз керек. Башка тилде сүйлөө интеллектуалдуулуктун белгиси эмес. Биздин тилибизде да дүйнөлүк акыл чордонун түшүндүрүүгө толук болот. Дүйнөдөгү бир да элден кыр­гыз эли ой жүгүртүү деӊгээли боюнча, сүйлөө деӊгээли боюнча төмөн эмес. Биздин тилде ар кандай ойду туюн­тууга, жеткирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекетибиздин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, жашоо фило­софиябыздын өзгөрүүсү мамлекет­тик тилге байланыштуу. Демек, биз ата-бабаларыбыздан келе жаткан эӊ негизги жашоо философиясын жакшы өздөштүрүп, кийинки муунга өткөрүп берсек, мамлекетибизди сак­тап, өнүктүрүп кете алабыз.

Экономика — бул күнүмдүк турмуш­тун көрүнүшү да туурабы? Эгерде ар бирибизде мекенчилдик сезим болуп, тилибизге астейдил мамиле жасап, өзүбүздүн Ата Журтубузду ата-эне­бизди сүйгөндөй сүйсөк, анда сөзсүз түрдө турмушубузда өсүп-өнүгүүлөр орун алат.

— Мамлекеттин, мамлекеттик тилдин аксап турганын ар бир жаран жүрөгүнүн түпкүрүнөн се­зип жатканы байкалат. Күн сайын, жыл сайын кыргыз тилибизге улам жаӊыдан сөздөр кирип, тилибиз өзгөрүп келет. Өзгөрүүлөрдөн улам биздин мамлекеттик тили­биздин бай куржуну бөксөрүп бараткандай.

— Башка элдерден биздин тилди үйрөнбөйсүӊбү деп доомат койгончо, тилибизди эӊ биринчиден, өзүбүз ко­лубузга алып, бийик көтөрүп, өзүбүз мыкты билип жана сабатсыздык­ты жоюшубуз керек. Биз сабаттуу сүйлөө, сабаттуу жазуу дегенден алыстап баратабыз. Уккулуктуу, жеткиликтүү, көркөм, маанилүү ар кандай ойду батыра ала турган сөздөрүбүз турса, азыркы учурда айрым чоӊ-кичине жетекчимин деп жүргөндөрдүн ичинде «немени неме кылып койсо болот да» деп сүйлөсө түшүнбөйсүӊ да албетте. “Неме” де­генге араӊ жараган, бирок жетекчи болом дегендердин жоон топ арми­ясы чыкты азыр.

Илим-билимдүү экенибизди, дүйнөлүк жаӊылыктардан кабары­быз бар, интеллектуалдуу экенибиз­ди мамлекеттик тилде жеткирүүгө убакыт келип жетти. Бүгүнкү күндө көркөм адабияттан алыстап, анын түп нускасынан кабардар болбой, залкар жазуучуларыбыздын чыгар­маларын окубагандыгыбыздан улам, интелегенциянын тили да жармач тилге айланып баратат. Куу жыгачтай таасир калтырган супсак, “болду”, “келди”, “кетти” деген этиш сөздөр менен гана оюбузду берүүгө көнүп калдык. Майрамдарда куттуктаганда окшош “узак өмүр”, “бекем ден соо­лук” деген кайталоолордон ары кете албай жатабыз. Эмне үчүн ошону башкача бир өӊүттө, башкача фор­мада, жаӊы ойлор менен айтууга болбосун. Бүгүн тилибизге карата изденүүчүлүк мамиле жок болуп жа­тат. Анан албетте, аны көргөн кийин­ки муун кайталанма даяр сөздөрдөн башканы үйрөнө албайт да.

— Бүгүнкү күндө кайсы чет өлкөгө, анын кайсы шаарына, ай­магына барбаӊыз, өзгөчө биздин мигранттар үчүн чоӊ көйгөй болгон ошол элдин тилин, каада- салтын, тарыхын билүү талабы коюлууда. Биз дагы мамлекетибизге четтен келген ар бир жаранга ушундай эле системаны орнотсок, бал­ким биз дагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн бир жолун табат бе­лек деген ой келет.

— Мына бүгүн чет өлкөлөргө чы­гып жаткан биздин мигранттар үчүн чындыгында ал тилди үйрөнүү, салт­тарын билүү шарты коюлуп турат. Ал тургай аларды билүүсүүчүн сы­нактарды тапшырып жатпайбы. Ал эми чет өлкөдөн бизге келгендер өз тилинде, же орток бир тилде сүйлөп жатышат. Эгерде биз да ушундай шарт койсок бизде дароо саясий маселеге айлантып жибере турган эргулдар чыга калат. Албетте, кел­ген чет элдиктер биздин тилибизде сүйлөп, биздин тарыхыбызга, каада- салтыбызга кызыгып, аны билүүгө аракет жасаса, бизге карата чоӊ урмат-сый болмок. Мен билем, ай­рым америкалыктар же англиялыктар өлкөбүзгө келип 2-3 айда тилибизди үйрөнүп, биз менен так, түшүнүктүү сүйлөп жатпайбы. Албетте, бул ку­бандырбай койбойт. Ал ар бир адам­дын каалоосуна жараша болот деп ойлойм. Себеби бир нече жылдар, кылымдардан бери мамлекетибиз­де жашап жатып деле, тилибизде сүйлөй албаган, түшүнбөгөн адамдар бар эмеспи. Кыргыз эли меймандос болгондуктан, келген меймандарды жакшы кабыл алышат. Эгерде биздин тилде сүйлөп жаткан болсо жакын көрүп боорубузга кыскыбыз келет. Себеби биздин тилди сыйлагандар­ды биз да сыйлайбыз. Бул менимче, келгендерге деле, кыргыздар үчүн да жагымдуу көрүнүш болмок.

— Азыркы учурда мамлекеттик кызматтарга мамлекеттик тилди мыкты билген эӊ биринчи патриот инсандар керек болуп жаткандай. Балким ар бир жетекчини атайын мамлекеттик тил боюнча сынактар аркылуу дайындаган оӊдур?

— Сиз айткан кырдаалдар жара­лып калган болсо, ал мамлекеттик же коомдук ишмерби, же жөн гана ишкерби, биринчи кезекте мамле­кеттик тилди билгениндигине артык­чылык беришибиз зарыл. Мисалы, ал ишкер болсо, анын сатуучулары да, кардарлары да кыргыз тилинде сүйлөөчүлөр. Демек, ал кардарлары­нын тилинде сүйлөшө билиши керек. Алардын арыз-арманын угуп, ошого карап өзүнүн ишкерчилик чөйрөсүн жогорулатат. Залкар инсандар айт­кандай, ар бир мамлекетте башкаруу­чулардын эӊ башкы куралы — бул тил эмеспи. Өзүнүн идеясын, түшүнүгүн элге ошол элдин тилинде жеткирип, элди ынандырса, эли аны ээрчип, эл ага уюп, ошол мамлекетте жетекчи каалаган эрдиктер, ийгиликтер жа­ралат. Ошондуктан жетекчи болом дегендердин мамлекеттик тилде так сүйлөшү, сабаттуу жазышы өтө маанилүү. Айрымдардын эмнени ка­алап жатканына биз түшүнбөйбүз, же ал түшүндүрө албай, ортодо бүдөмүк ойлор жаралат. Анткени сабаттуу сүйлөй албаган, сабаттуу жаза ал­баган, мектептик деӊгээлдеги орфо­графиялык, пунктуациялык каталарга жол берген адамдар бүгүн кызмат­тарга жүткүнүп жатышат. Бул өтө кор­кунучтуу көрүнүш. Билими, деӊгээли менен эмес, саясий кызыкчылыгы, жеке амбициясы аркылуу бийликке келүүнү көксөгөндөр азыр көп.

Тилдин кенчи, тилдин байлыгы биздин классик акын- жазуучулары­быздын чыгармаларында да туура­бы. Бүгүнкү күндө кыргыз тилибизде 200 сап ырды жатка билген жигитти таба алабызбы? Азыр Алыкулдун төрт сап ырын жатка айта албагандар галстук тагынып, мен жетекчи элем деп арабызда жүрөт. Анан кантип биз ал адамдын жүрөгүнөн элдик маданий руханиятты, элдин жүзүн, элдин тарыхын, көрөбүз.

Маектешкен Ч.КИЙИЗБАЕВА, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии