Кыргыз тилин өнүктүрүү мүдөөсүн көздөгөн олимпиада

  • 11.04.2014
  • 0

DSC03784

Окуучулардын кыргыз тили жана адабияты сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана балдардын инсандык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” темасындагы олимпиаданын облустук этабы жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгында мыкты аталган окуучулар республикалык олимпиадага катышууга жолдомо алышты.

Жогорку класстардын окуучуларынын кыргыз тили жана адабияты боюнча билимин бекемдөө жана мыктыларын аныктоо мүдөөсүн аркалаган бул олимпиада үч баскычтан турат жана быйыл үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн белгилөөсүндө, жыл сайын балдардын билими, кызыгуу жана ар тараптуу даярдануу деӊгээли жогорулап баратканы байкалууда.

Миргүл Кирешеева, Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин өкүлү, кыргыз тили жана адабияты мугалими:

 

— Үч этапта жүргүзүлүп жаткан бул олимпиада “Себат” билим берүү мекемесинин демөөрчүлүк жардамы менен жүргүзүлүп жаткандыктан, жыйынтыктоочу  III турунда жеӊишке жетишкен окуучуларга сыйлык тапшыруу КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылдын 13-декабрындагы атайын жобосуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айынын башында, тагыраак айтканда 3-майда КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жана Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтмөкчү. Жеӊүүчүлөр аталган мекемелердин Ардак грамоталары, атайын сыйлыктары менен сыйланат. Буга дейре район, шаардык деӊгээлдеги этаптан мыкты деп табылып, облустук деӊгээлге суурулуп чыккан окуучулар бүгүн өз мээнетинин, аракетинин үзүрүн көрүштү десек болот. Жалпысынан айтсам, былтыркы жылкыга салыштырмалуу окуучулардын билим деӊгээли кыйла эле жакшырганы байкалат. Балдар чыгармачылык изденүү менен даярданганын белгилеп коюшубуз керек.

“Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” деп аталышы эле айтып тургандай, олимпиаданын максаты жана милдети – окуучуларды кыргыз тилин, Кыргыз мамлекетин сүйүүгө үндөө, алардын компетенттүүлүгүнүн калыптанышына өбөлгө түзүү менен бирге чыгармачылыгын жана ой жүгүртүүсүн өстүрүү болгондуктан, калыстар мына ушул жагына өзгөчө басым жасашууда. Мына ушундай кароо-сынактар тез-тез өткөрүлүп турса, окуучулар эле эмес, башка адамдардын да кызыгуусу артып, мурда кызыкпаган, билбеген көп нерселерди окуп-үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлө берээрине ишенем. Балдардын чыгармачылыгы, алардын кыргыз тилине болгон мамилеси өзгөрүлүп, көздөрү жанып, кызыгуусу артып жатканы бизди — мугалимдерди да кубандырып, шыктандырууда. Быйылкы жүрүшүндө айтылган ой-сунуштар келерки жылы эске алынат деп ойлойм.

Айнура Качкынбек кызы, Гроздь орто мектебинин музыка сабагынын мугалими, мектептеги балдар театрынын жетекчиси:

 

— Үч багытта өткөрүлүп жаткан олимпиадада балдардын көркөм окуу жана фольклордук чыгармаларды аткаруу жөндөмүн баалоочу калыстар тобунда болдум. Чындыгында балдардын өнөрүн баалаш оӊой эмес. Алардын шык жөндөмүн ачуу андан да кыйын. Анткени бала биринчи жолу чыкканда өзүн жоготуп коюшу, кээ бир шарттарга байланыштуу тартынчаактыгы үстөмдүк кылып кетиши да мүмкүн. Негизинен алып караганда балдар арасында ушундай олимпиадаларды өткөрүү аябай пайдалуу деп ойлойм. Баланы ар тараптан өстүрүш керек. Мен муну өзүбүздүн мектепте жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин мисалында айтып берейин.

Мен иштеген Аламүдүн районундагы Гроздь орто мектебинде адегенде ийрим ачылган, азыр балдардын театры иштейт. Төрт жылдан бери жакшы ийгиликтерге жетишип келатабыз. Интерактивдүү театр деп коюшат го, азыр көркөм чыгармаларга өтө баштадык. Жакында эле Бурул Асакееванын “Капка түшүп кармалдык” деген жомогун койдук. Мектепте балдар орус жана кыргыз класстарда окушат. Биз койгон жомокту орус тилде окуган балдар да кызыгып көрүштү. Баланын аӊ-сезимин, ой чабытын көркөм чыгармалар аркылуу байытууга, пайдалуу жагына бурууга болоорун мен өз тажрыйбамдан улам билип калдым. Кийинки учурда биздин театрга кызыгып келген балдардын саны көбөйө баштады. Чыгармачылык ыкма менен иш алып барсак, окуучулардын эӊ бай потенциалын ачууга, көркөм дүйнө аркылуу алардын билимин гана эмес, акыл казынасын да байытууга болооруна ишенем.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси,

Жамиля Анарбаева:

 

— Олимпиада үч жылдан бери өткөрүлүп келатат. Адегенде “Себат” билим берүү мекемелеринде старт алган эле, былтыртан баштап республикалык жалпы масштабды камтыды. Анын эӊ негизги максаты — балдардын кыргыз тилине кызыгуусун арттыруу. Кийинки жаштар китеп окубай, жан дүйнөсү жакырлап кеткени жашыруун болбой калды. Биз ошол жакырлыкты жалпылап жоюуга аракеттенишибиз керек. Ошол жолдун бири — балдардын көркөм адабиятка кызыгуусун арттыруу – максаты, балдардын ички жан дүйнө байлыгын байытуу.

Бир кызык жери, көркөм окуу десе эле азыркы турмуштагы көйгөйдүн баарын балдардын мойнуна артып салгандайбыз. Мына ушул сынакта да байкалып жатат, окуучулардын көбү Шайлообек Дүйшеевдин “Кайдигерлик”, “Кыянаттык” сыяктуу ырларын, дастандардан деле кайгылуу, оор чыгармаларды аткарышты. Негизинен кыргыз тилине арналган чыгармалар экени туура. Бирок сөзсүз эле аларды аткаруу керекпи? Балдардын жан дүйнөсүнө жакын, балалыкка арналган чыгармаларды тандашса, мугалимдер ушул жагына көз салса жакшы болмок. Эмне үчүн санат-насыят ырларды окутпайбыз? Балдар үчүн муӊ-кайгы чыгармалар оордук кылат деп ойлойм. Кийинкиде мына ушул жагын эске алсак.

 

Гүлмира Көчөрбаева, Кыргыз улуттук драмалык театрынын директорунун орун басары, актриса:

 

— Мындай иш-чаралардын балдардын аӊ-сезиминин өсүшүнө пайдасы чоӊ деп эсептейм. Анткени балдар буга катышуу үчүн атайын даярданышып, көп чыгармаларды окушуп, кызыгуусун, билимин арттырды. Фольклор менен таанышуу үчүн китептерди окушканы эле чоӊ жетишкендик эмеспи. Балдар эмес, улуу муундун өкүлдөрү да фольклорду жакшы билбейт, анткени заман ошондой болгон. Азыркы жаштарга маданият, тарых, фольклор аркылуу улуттук баалуулуктарды тааныштыруунун пайдасы зор. Бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүнө токтолсом, балдардын аракети бар, аны байкабай коюуга болбойт. Бир гана балдарды даярдоодо, багыттоодо туура эмес жагдайлар орун алып калгандай. Аларга туура жол көрсөтсө, кандай үйрөтсө, кызыктырса, алар андан ары улап кетет. Бардык жагынан караганда алар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Балдарга багыт берүү менен бирге балдарды сүрөп, колдосо, аларды стимул катары шыктандыраары бышык. Окуучунун ийгилиги көп учурда мугалимдердин аракетине жараша болот. Мисалы, мен Кемин районунан келген 9-класстын окуучусунун табигый жылт эткен идиректүү, ийкемдүү шыгын байкадым. Бирок мугалимдер ага жанрлардын түрүн жеткире окутушпаса керек, бир типтүү чыгармаларды даярдап келгендиктен, талапка жооп бербей калды. Ушундай жагдайларды кийинкиде эске алышса деген тилегим бар. Балдар аппак, таза барактай болот эмеспи, алардын шык-жөндөмүн, аӊ-сезимин түрткү берип ойготуу керек. Балдардын келечеги кеӊ. Өзгөчө орус класста окуган балдардын аракети байкалды. Адатта кыргыз класстардын балдары кыргызча жакшы билем дегенчилик кылышабы, өздөрүнө ишенип, көп нерсени чынында билбей, тереӊ изилдебей калышы да мүмкүн. Ар бир таймаш, мелдеш кылдат даярданууну, тереӊирээк казып окууну талап кылаарын унутпайлы.

Гүлмира Асекова, Аламүдүн районундагы Аламүдүн орто мектебинин директору, комиссия мүчөсү, балдардын эссе формасындагы жазуу иштерин баалоочу:

 

— Бул олимпиадага Чүй облусунун жалпы билим берүү мекемелеринен райондук-шаардык деӊгээлде өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгында иргелип, тандалып келген 52 бала катышты.

Кыргыз, орус тилдеринде окуган балдар даярдап келген эсселери, билим деӊгээли, жазуусу, теманы ачып берүүсү канааттандырарлык деп бааладык. Мага өзгөчө жакканы балдар өздөрүнүн ойлорун кошо алышканы болду. Алсак, үстүбүздөгү жылды Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” деп жарыялаганын, ушул теманын тегерегиндеги маселелерди балдар өз чыгармаларында камтып кеткендиги кубанычтуу. Анткени балдар коомубуздагы актуалдуу маселелерден да четте калышпагандыгы жакшы көрүнүш деп ойлойм. Жалпы жолунан алганда, жеке көз карашымда балдардын билим деӊгээлин “жакшы” деп бааладым.

 

Айнагүл Кашыбаева

Поделиться

Комментарии