«Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүнүн Алкактык Улуттук стандартын (куррикулумун) бекитүү жөнүндө» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

  • 06.09.2013
  • 0

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, 2013-2017-жылдардагы Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасындагы 2012-2020-жылдардагы Билим берүү стратегиясын, «Бардыгына билим берүү максатына тездик менен жетишүү демилгесин» ишке ашыруу жана жаӊы типтеги билим берүү стандарттарын (куррикулумдарын) өнүктүрүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Токтомго тиркелген Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүнүн Алкактык Улуттук стандарты (куррикулуму) (мындан ары – Улуттук стандарт) бекитилсин.

2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:

— Улуттук стандарт 1-тиркемедеги иш-чаралар планына ылайык баскыч-баскычы менен ишке киргизилет;

— предметтик билим берүү стандарттары (куррикулумдары) Улуттук стандарттын негизинде иштелип чыгат;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мектептеги жалпы билим берүү боюнча Мамлекеттик стандартын бекитүү жөнүндө» 2004-жыл, 23-июлдагы №554 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектептеги жалпы билим берүү боюнча мамлекеттик стандарты Улуттук стандарт киргизилип бүткөнгө чейин ал боюнча окутулбаган класстар үчүн күчүн сактап калат.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик-укуктук актыларына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүнү даярдасын жана киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү көзөмөл жүргүзсүн.

5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын  премьер-министри    Ж.Сатыбалдиев

Поделиться

Комментарии