КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ

  • 14.04.2020
  • 0

Бишкек агроэкономикалык колледжи республикадагы эң улуу орто кесиптик окуу жайлардын бири, республиканын элдик чарбасында талап кылынган адистерди даярдоодо бай тажрыйбага ээ. Бишкек агроэкономикалык колледжинин негизделгенине быйыл 85 жыл толот. Техникум 1936-жылы Токмок шаарында жумушчу факультет базасында алгачкы мөмө-жемиш техникуму деп аталган. 1941-жылы Быстровкага которулуп, Пишпек айыл чарба техникуму уюштурулган жана жаңы: зоотехник, мал доктурлук, талаачылык бөлүмдөрү ачылган. 1957-жылы март айында Фрунзе айыл чарба техникуму деп которулуп: мөмө-жемиш, агроном, зоотехник жана токой чарба бөлүмдөрү ачылган. 2004-жылдан баштап илимий кызматкерден баштап өзүнүн эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине чейин жеткен С.Турсуновдун атын алып жүрөт. Бул окуу жайды бүтүргөндөрдүн арасында республикабызга таанымал айыл чарбасынын жетекчилери, губернаторлор жана окумуштуулар да бар. Биздин коногубуз окуу жайдын директору Омуров Намир Бексултанович.

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ— Намир Бексултанович, С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи карантин учурунда кандай иш-аракеттерди көрдүңүздөр?

— “Коронавирус” оорусун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык иш-чараларды аткаруу пландары түзүлүп жана уюштуруу иштери коюлду. Маселен, 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин мөөнөтүнөн мурда жарыяланган каникул учурунда студенттер үчүн дистанттык технологияларды колдонуу менен интернет, телекоммуникациялык технологиялар, WhatsApp аркылуу студенттердин группаларын түзүп, окуу процессин уюштуруу, жуманын ар бир күнү үчүн окуу расписаниесин түзүү менен окутуучулар менен студенттердин ортосунда кайтарым байланышты камсыздап, онлайн курстары уюштурулду.

Бул аткарылган онлайн окутуу боюнча студенттердин дистанттык окууга катышуусу, үй тапшырмаларды аткаруусу жана курстар аралык бөлүмдөр аралык өтүлгөн темаларды атайын формалар менен КМАУ жетекчилигине жана Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалагына отчет берилип туруу камсыздалып, окуу жайдын жетекчилери аркылуу дистанттык окутуунун мониторинги жүргүзүлүп жатат. Онлайн байланыш тартиби менен сабактардын (дициплиналардын) окуу-усулдук комплексинин негизинде окутуучулар менен студенттердин өздүк иштер планын иштеп чыгууну уюштурдук. Каникул мезгилинде массалык эл көп топтолгон жерлерге барбоону чектөө менен үй шартында болуу максаты тууралуу студенттер, алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кураторлорго тапшырылды.

Бардык окуу имараттарды, жатакананы, буфетти, санитардык түйүндөрдү, ажаатканаларды системалык түрдө санитардык кайра тазалоо, дезинфекциялык каражаттар (хлор, синтетикалык кир кетирүүчү каражаттар) менен кезек-кезеги менен дайыма тазалоо уюштурулду. Ошондой эле кызматкерлерге сыртка иш сапарга чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Окуу имаратында окуу жайдын администрациясы жана окутуучуларынан атайын 16-марттан – 15-апрелге саат (8.00-16.00) чейин күзөтүү иштери уюштурулду. Мындан сырткары БАЭКдин кызматкерлери жана окутуучулары өздүк гигиеналык эрежелерди (температуралык режимди, колду жууну, туура тамактануу режимин) дайыма талапка ылайык сактоону талап кылды жана күндөлүк турмушта колдонууну эскертти.

Телекоммуникациялык маалыматтарынан дайыма маалымат алып туруу жана өзгөчө кырдаал мезгилинде тартип бузууну, ар кандай туура эмес көрүнүштөргө жол бербөө тууралуу студенттер менен иштөө жана алдын ала айтып, онлайн аркылуу тартип маселесин белгилеп турууну кураторлорго жана окутуучуларга милдеттенмелер берилди.

— Колледж тууралуу айта кетсеңиз? Кайсы адистиктерге даярдайсыздар?

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ

— 2009-жылы Бишкек айыл чарба техникуму Сабирдин Турсунов атындагы Бишкек агро-экономикалык колледж болуп которулган. Окуу жайдын мугалимдеринин максаты — айыл чарбага азыркы учурдун талабына жооп берээрлик, жогорку деңгээлдеги ветеринардык жана агрономиялык адистерди даярдап чыгаруу. Бүгүнкү күндө биздин окуу жайда бюджеттик негизде “Агроном — бажы кызматындагы фитосанитардык текшерүү” , “Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо”, “Ветеринария” жана контракттык негизде “Экономика жана бугалтердик эсеп” багытында студенттер билим алып келишет. Ошондой эле окуу жайыбызда заман талабына ылайык адистерди даярдап чыгаруу үчүн керек болгон бардык шарттар каралган. 25 окуу кабинеттери 64 562 нускадан турган китепкана, спорт зал, ашкана, заманбап техникалар менен жабдылган эки компьютердик кабинет, интернет жана WI-FI, “Жасалма жол менен уруктандыруу” лабораториясы бар ветеринардык корпус жана бардык ыңгайлуу шарттары менен жатакана да бар.

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ

Колледжде окутуунун жумушчу программаларынын мазмуну бардык дисциплиналар боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келет. Азыркы учурда компетенттүүлүктүн негизинде жаңы муундагы окуу пландары иштелип чыккан. Практикалык окутуу процессинде ылайык окуу өнөрканаларда, лабораторияларда жана өндүрүштук объекттерде ишке ашырылат. Өндүрүштүк практика окуу профили боюнча ишканаларда жана уюмдарда өткөрүлөт. Практикалык окутууларды уюштуруу тартиби ишканалар менен түзүлгөн тийиштүү келишимдер, макулдашуулар жана колледждин студенттерин практикалык окутуу жөнүндө жобо менен аныкталат. Колледжде карьера жана ишке орноштуруу борбору түзүлгөн. Бош орундардын жарманкеси, ачык эшик күндөрү, кесиптик чеберчилик конкурстары өткөрүлүп турат.

— Окуу практикалары кандайча жүргүзүлөт?

— Ар бир кесип боюнча адистерди даярдоодо окуу практикалары, окуу жылы ичинде тынымсыз жүргүзүлөт. Аталган окуу жай айыл чарба тармагындагы бардык өндүрүштүк ишканалар жайгашкан аймакта болгондуктан, алар менен өз ара практикалык окуулар жана техникалык базасы менен келишимдер түзүлүп турат. Атайын сынактан өткөн 2-3- курстун студенттери өндүрүштүк практиканы Германиядан алты ай убакыт ичинде бекер өтүп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Колледждин негизги максаты — кыска мөөнөттүн ичинде татыктуу кесиптик билим гана бербестен, көп багыттагы татыктуу тарбия берүү инсандын калыптанышына зарыл шарттарды түзүү максатыбыз болуп эсептелинет. Ошондуктан окуу жылы ичинде ар кыл багыттагы иш-чаралар өткөрүлөт. Мисал алсак, каада-салттарыбызды бекем сактоо, эне тилди урматтоо, улуттук майрамдарды белгилөө, жашоонун сергек мүнөзү — спорттук иш- чаралар өткөрүлүп турат.

Жалпысынан окуу жай негизделгенден баштап 14 миңге жакын кесиптин ээлерин бүтүрүп чыгарды.

— Окуу-тарбия процессинин уюштурулушуна токтолсоңуз?

— Колледжде окутуунун жумушчу программаларынын мазмуну бардык дисциплиналар боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп берет.

Азыркы учурда компетентүүлүктүн негизинде жаңы муундагы окуу пландары иштелип чыккан жана 2015-жылдын биринчи сентябрынан баштап киргизилген. Азыркы учурда колледжде төрт бөлүм боюнча төрт жүздүн тегерегинде студент окуйт. Окутуучулардын эң башкы тапшырмасы жана милдеттери, бул – эмгек рыногунун талаптарына адистерди даярдоо сапатын камсыздоо, инсандын базалык функцияларын калыптандыруу: жоопкерчилик, өз алдынча жана команда менен иштөө жөндөмү, өз ишинин натыйжаларын пландоо, эң негизгиси – иштин практикалык көндүмдөрүн сатып алуу.

Колледжде окуу сабактарынын негизги түрлөрү бекитилген. Лекция, семинар, практикалык сабактар, консультациялар, өз алдынча иштөө иштери, окуу жана өндүрүштұк практикалар, курстук иштерди аткаруу жана башкалар жүргүзүлөт.

Колледжде методикалык иштерди уюштуруу методикалык кеңешмеде жүргүзүлөт.

Алсак: предметтик циклдык комиссиянын иш пландары иштелип чыгат жана бекитилет; окутуунун заманбап методдоруна ылайык иш тажрыйбаларды бөлүшүү максатында өз ара сабактарга катышуу жана ачык сабактарды уюштуруу жана ОМКин даярдоо жана календардык-тематикалык пландарды бекитүү, иш программаларды, көргөзмө куралдар менен жабдуу, электрондук китептер менен камсыздоону уюштуруу.

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ

Практикалык окутуу окуу процессине ылайык окуу лабораторияда жана өндүрүштүк объекттерде ишке ашырылат. Өндүрүштүк практика окутуу профили боюнча ишканаларда жана уюмдарда өткөрүлөт. Практикалык окутууларды уюштуруу тартиби ишканалар менен түзүлгөн тийиштүү келишимдер, макулдашуулар жана колледждин студенттерин практикалык окутуу жөнүндө жобо менен аныкталат.

Колледжде карьера жана ишке орноштуруу борбору түзүлгөн. Бош орундардын жарманкеси, ачык эшик күндөрү, кесиптик чеберчилик конкурстары өткөрүлүп турат.

Аталык”, “Тимагро”, ААК “МИС” өндүү социалдык өнөктөр менен адистерди даярдоого келишимдер, өндүрүштө практика базалары түзүлүүдө.

Лабораториялык-практикалык сабактарга жана өндүрүштүк практикага, 50% — теория, 50% — практика схемасы боюнча окуу пландарын иштеп чыгууга чоң көңүл бурулууда, анткени азыркы учурда эмгек рыногу тиешелүү шык-жөндөмгө ээ адистерди талап кылууда. Окуу процессин колледжде жогорку билимдүү 27 окутуучу камсыз кылат, алардын: он бири билим берүүнүн отличниги, жетөө айыл чарба кызматкеринин отличниги.

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ

— Окутуучуларды социалдык жактан колдоо каралганбы?

— Колледжде профсоюз уюму жана студенттик кеңеш иштейт. Майнаптуу иштөөгө, эс алууга, тиричиликти жакшыртууга, ооруларды азайтууга зарыл болгон шарттарды түзүүгө дем берген иш-чаралар каралган.

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО — КЕЛЕЧЕГИҢДИН АЧКЫЧЫ

Колледждин негизги максаты — кыска мөөнөттүн ичинде татыктуу кесиптик билим гана бербестен, көп багыттагы татыктуу тарбия берүү инсандын калыптанышына зарыл шарттарды түзүү максатыбыз болуп эсептелет. Ошондуктан окуу жылы ичинде ар кыл багыттагы иш-чаралар өткөрүлөт. Мисалга алсак, каада-салттарыбызды бекем сактоо, эне тилди урматтоо, улуттук майрамдарды белгилөө, жашоонун сергек мүнөзү — спорттук иш- чаралар өткөрүлүп турат. Бүткүл дүйнөлүк Азиаттык өнүктүрүү банкынын экинчи долбооруна катышып, “Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоору боюнча колледжде “Жасалма жол менен уруктандыруу” боюнча эки лаборатория, заманбап техникалар менен жабдылган, бир компьютердик кабинет ачылып, колледждин жатаканасы толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, материалдык-техникалык базабызды жакшыртып алдык.

Гүлнара Алоыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии