«ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИН» УЮШТУРУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

  • 25.03.2020
  • 0

Жогоруда аталган жаңы жарык көргөн китепте энелер мектебин уюштуруу боюнча технологиялар, усулдук сунуштар берилди. Эмгек “Жетиген” мектеп-лицейинин тажрыйбасынын негизинде даярдалды. Бул эмгек “Жетиген” мектеп-лицейиндеги «Энелер мектебинин» тренерлери Сонунбүбү Асанова, Алтынай Мусаева, Умида Самиева, Айжан Абдувапованын иш тажрыйбаларын чагылдырат. Китептин чыгарылышы, мазмуну тууралуу биз “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов менен баарлаштык.

— Кыялбек мырза, «Энелер мектебин» уюштуруунун мааниси эмнеде?

Учурда бала тарбиялоонун өйдө-төмөнү тууралуу маселелер жанданып, өлкөбүздүн бир топ мектептеринде “Энелер мектеби” уюштурулуп иштеп жатат. Эмне үчүн энелер? Бала тарбиясына эне гана жооптуубу? А аталарчы? Бул суроолорго ар ким өз дараметине жараша жооп берери талашсыз. Кыргызда “ата — сырткы тон, эне — ички тон” абдан одоно болсо да “атасы жиндинин бирөө жинди, энеси жиндинин баары жинди” деген нуска кептер бар. Булардын маанисинен эненин баланын калыптанышына өзгөчө таасири бар экендигин байкайбыз.

“Энелер мектеби” бүгүн эле пайда болуп калган, же мен, же кыргыздын дагы бир педагогу ойлоп тапкан түшүнүк эмес. Мунун узак мезгилден бери актуалдуу болуп келе жаткандыгын Ян Амос Коменскийдин “Энелер мектебин” системалаштырууга, көп өмүрүн мына ушул темага арнагандыгы мисал боло алат.

Ал эми биздин өлкөнүн аймактарында акыркы 5-6 жылда жанданып бараткандыгынын дагы бир каарманы бар. Ал Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминовдун эмгегин айтсак болот. Гапыр Мадаминов өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүн ушул багытка арнап, ал тургай энелер мектеби боюнча илим жактап, педагогика илимдеринин кандидаты даражасына ээ болду. Республиканы түрө кыдырып өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келатат. Агай “Акыл эмгегинин маданияты”, “Ой өрүш”, “Ата-энелер сиздер үчүн”, “Өзүн-өзү тарбиялоо” деген китептерди да чыгарды. Бул эмгектерге алкыш айтууга болот. Кантсе да мектеп менен үй-бүлө байланышын жандандырып, музду ордунан жылдыра алды.

Ал эми биз бул эмгекти “Жетиген” мектеп-лицейинин мисалында даярдадык. Мектептин ачылганына төрт-беш жылдын жүзү болсо да, ата-эне менен иштешүү багытында үлгү болчу сунуштарыбыз бар. Алардын бири “Энелер мектеби”. Бул мектептин алкагында мектеп менен үй-бүлө байланышын түзүүгө жетиштик. Энелердин бала тарбиялоодогу көз караштарын, балага жасаган мамилелерин өзгөртө алдык. Энелердин китеп окуу маданияты калыптанып, мугалимге, мектепке колдоо көрсөтүүлөрү жандана баштады.

Учурда жыл бою атайын түзүлгөн программанын, пландын негизинде 24 сааттык көлөмдө ар ишемби күнү эки сааттан окутулуп жатат. 24 сааттык курс ар түрдүү темаларды өз ичине камтып, 5-6 тренер мугалим тарабынан өтүлөт. Керек учурда кеңеш берүү үчүн курска психолог, дарыгер, укук коргоо кызматкерлери чакырылып турат. Энелерге атайын китептер сунушталып, курсту бүткүчө окууга берилет. Курстун аягында энелерден тест алынып, сертификаттар тапшырылат.

Биз бул “Энелер мектебин уюштуруунун технологиялары” деген колдонмодо жалпы курсту уюштурууга тиешелүү бардык материалдарды бердик, өз тажрыйбаларыбызды бөлүштүк. Албетте, бул дал ушундай өтүлсүн деген таңуулоо эмес, болгону жол көрсөтүүчү багыт деп эсептейбиз. Эмгегибиздин кереги тийсе, биз кубанычтабыз!

— Китепте кандайдыр бир өзгөчөлүк барбы?

— Ооба, сканер QR-код тиркемесин жүктөп алып слайддарды, видеолорду көрүп, же көчүрүп алууга болот!

— Канча бөлүмдөн турат? Окурманга кызыктуу болуш керек, кайсы темалар алынганы?

Жети бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм ата-энелерге билим берүүнүн мазмуну. Экинчи бөлүмдө сабактар үчүн усулдар жана көнүгүүлөр. Үчүнчү бөлүмдө энелер мектебинин сабактары. Төртүнчү бөлүмдө «Мыкты эне» кароо-сынагынын жобосун бердик. Бешинчи бөлүмдө ата-энелердин баланы жакындан таануусу үчүн тапшырмаларды сунуштадык. Алтынчы бөлүм ата-энелерге окууга сунушталган китептер жана тесттик тапшырмалары берилди. Ал эми жетинчи бөлүм баланы тынчтандыруунун ыкмаларына арналды.

— Абдан кызыктуу экен. Мени ушул бешинчи жана жетинчи бөлүм абдан кызыктырып жатат. Бул бөлүмдөрдө өзгөчө эмнеге маани бурдуңуздар?

— Туура, ар бир адамдын табитине жараша болот. Бирок биздин сунуштаган китепте биринчи бөлүмдөн акыркысына чейин абдан кызыктуу жана керектүү сунуштар. Баласы 1-класска барган ата-эне эмнени билүүсү керек же кайрадан мектеп партасында деп атадык 1-класска берилген биринчи теманы. Бул жерде эмнеге басым жасадык? Маселен, ата-энелердин башталгыч мектеп жашындагы балдардын өсүүсүндө психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу; башталгыч мектеп курак балдардын интеллектуалдык өнүгүүсүндөгү маанилүү этап; биринчи жыл ичинде мектепте ой жүгүртүүсүнүн негизги багыттарын өзгөртүү. Бул курак балдарга интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө дем берүүчү убак; кенже курактагы балдардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн зарыл түрдө калыптандыруунун бардык түрү. Кенже мектеп окуучуларынын ишинин негизги түрү: окуу, эмгек, баарлашуу, жана оюн. Бул куракта окуу ишин өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойнойт; таанытуучу процесстерди (кабыл алуу, көңүл буруу, эс тутум) түздөн-түз жөнгө салат.; кенже мектеп окуучуларынын өзүндө шарттарды тездик менен өстүрүү жана өркүндөтүү; жети жылда кризис. Кризистин терс симптоматикалары: кежирлик, негативдүүлүк, жүрүм-турумдун өзгөрүшү жана ата-энелердин жүрүм-турумунун стратегиясы. Экинчи темада кенже мектеп жашындагы инсанды калыптандырууга маани бердик. Анткени кенже мектептик курак — инсандын жеке менчик укуктары менен ийгиликке жетүү үчүн бышыктоочу убак. Өзүн-өзү таануу жөндөмүн көзөмөлдөө жана жөнгө салууну күчөтүү. Баланын шайкеш келген талаптарын нормалдуу деңгээлде өзүн-өзү баалоону калыптандыруу, ошондой эле кенже мектеп жашында инсандык эмгекти сүйүү сапатын калыптандыруу жана жөнгө салуу шарттарын карап чыктык. Баланын өз алдынчалуулугунун өнүгүүсү. Мектепке барган күндөн тарта баланын чөйрөдөгүлөргө болгон өз ара мамилесинин өзгөрүшү. Башкалар менен мамилелешүүдө баланын ички абалынын мазмуну, башка адамдар менен болгон өз ара мамилеси, ички абалынын мазмуну, өзгөрүп жаткан дүйнөдө сезүү, алардын ою. Баланын эмоционалдуу жан дүйнөсүнө теңтуштарынын мамилелешүү мүнөзү көз каранды экени чагылдырылды. Андан соң 1-класстын окуучуларынын мектепке ылайыкташуу кыйынчылыктары.

— Кантип аларды чечүү керек?

Алгачкы окуу жылында балдардын мектепке көнүү мезгили, кыйынчылыктары менен ата-энелерди тааныштыруу, аларды жоюу боюнча практикалык сунуштар берилди. Биринчи класс-майрам жана стресс. 1-класстардын мектепке көнүүсүнүн психологиялык кыйынчылыктары. Ылайыкташуу мезгилдин негизги көйгөйлөрү: жаңы жөндөмдүүлүктүн кошулушу, жаңы мамиленин системасына чыгуу, көнө албаган күн тартибине жана ишке көнүү, жаңы милдеттердин пайда болушу. Мектептеги ылайыкташуу мезгилдин жолундагы кыйынчылыктарды жеңүү ж.б.у.с. керектүү жана пайдалуу темалар камтылды. Ал эми сиз айткан бешинчи жана жетинчи бөлүмдөрдө да пайдалуу сунуштар камтылды. Маселен, бешинчи бөлүмдө ата-энелердин баланы жакындан таануусу үчүн тапшырмалар берилди. Жаңы класс жамааты менен иштөөнү баштаганда, баланын үй-бүлөдө тарбияланышына да олуттуу көңүл буруу керек. Үй-бүлөдөгү тарбия – бул баланын балдар жамаатындагы жүрүм-турумунун күзгүсү экендиги эч кандай сыр эмес. Анализдөө материалы ата-энелер жыйналышын жана ата-энелер үчүн консультацияларды даярдоодо эң сонун өбөлгө боло алат жана үй-бүлөдөгү чыр-чатактуу кырдаалдарды териштирүүдө жардам бере алат. Төмөндө келтирилген суроолордун жардамында баланын тигил же бул адептик сапаттарды үй-бүлөдө көрсөтүүсүн иликтөөгө болот. Алсак, үйдө сиздин балаңыз айтылганды канчалык аткарат жана угат? Сиздин балаңыз берилген тапшырманы көңүлү менен аткарабы? Сиздин балаңыз канчалык тыкан жана таза? Сиздин балаңыз акчага канчалык үнөмдүү мамиле кылат? Сиздин балаңыз үйдө өзүн кандай алып жүрөт? ж.б.у.с. суроолорго тест аркылуу ата-энелер жооп бериши керек. Ушул бөлүмдө ата-энелер үчүн психологиялык азбука бар, ошондой эле «Баланы жазасыз тарбияла» деген китеп жөнүндө маалымат берилген. Ошондой эле энелерге окуу үчүн китептердин тизмеси сунушталат. Ал эми жетинчи бөлүмдө баланы тынчтандыруунун ыкмалары жөнүндө кеп болот. Алсак, эс алуу темасы. Эс алууар кандай масштабдагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн биринчи кадам: адам жай алып (тынчтанып) турган мезгилде, анын акыл эси болуп жаткан нерсени даана кабыл алат. Эс алууга зор мүмкүнчүлүктү туура дем алуу практикасы берет. Атайын көнүгүүлөр балага жай алууга жана эс алууга жардам берет. Жай кыймылдар, шашпай дем алуу, позитивдүү көз караш – ар түрдүү стресстин дарысы. Жай, терең дем алуу жана дем чыгаруулар нервдик чыңалууларды алып салууга жардам берерин, булчуңдарды жай алдырууну үйрөнүп алып, нервдик дүүлүгүүнү жай алдырууга болорун бала акырындап түшүнөт. Жай, терең дем алып жатып, биз дүйнө менен жуурулушуп калгандай сезебиз, ал эми дем чыгарып жатып өзүбүздөн бардык тынчсызданууларды коё беребиз жана маанайыбызды көтөрөбүз. Мисалы, дарак жана чатырча деген көнүгүүнү алалы. Бул дененин ритмикалык жай кыймылдары каны кызыгандыкты (күйкөлөктөнмөлүк) азайтат. Дарактын турушу эң сонун тынчтандырат, анын варианты ”чатырча” ар кандай жөнөкөй эмес кырдаалда баланын жүзүнө жылмаюуну пайда кылат.

Көнүгүү: Кел, дарак жана чатырча ойнойбуз. Түз тур, буттарыңды түздө жана колуңду ылдый түшүр. Жай дем ал. Акырын алакандарыңы бириктирип көкүрөгүңө кой. Андан кийин оң бутуңду бүгүп, согончогуңду сол тизеңин астына кой. Колуңду башыңдан өйдө көтөрүп ушундай абалды бир нече секунд карма. Эсиңде болсун, алакандарың мурдагы абалда бири-бирине тийип турушу керек! Баштапкы абалга кайра кел, бирок эми сол бутуңду бүк. Сол согончогуңду оң тизеңин астына кой. Колдоруңду башыңан өйдө көтөр. Эми катары менен манжаларыңдын учун ажыратып кайра бириктир. Чыканактарыңды эки жакка жайып алакандарыңды ажырат: колдоруңду айлантып, кайра ордуна алып кел. Мына ушундай ыкмалар берилди.

— Китепти кайдан сатып алса болот? Баасы канча?

— Китеп мектеп жетекчилерине, ата-энелерге, жаш үй-бүлөлөргө, мугалимдерге жана тарбиячыларга арналат. Китепти Бишкек жана Ош шаарындагы китеп дүкөндөрдөн алууга болот. Төмөндөгү номерлерге кайрылса жеткирип берүү кызматы да бар. Баасы почта же транспорт кызматына байланыштуу ар түрдүү болушу мүмкүн. Байланышуу телефондору: 0778605606, 0779637308. Электрондук почта: [email protected]

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Поделиться

Комментарии