ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

  • 01.07.2013
  • 0

Адамгерчилик сапаты бийик, чыгармачылыгы өнүккөн, өз кесибин жогору барктаган, кесиптештерине өрнөк көрсөткөн ишмер адамдар жаныбызда жүрөт турбайбы. Аларды биз байкабай, баалабай, эмгегин сезбей, убакытты өткөрүп жиберип, анан баамдап калат экенбиз. Ошондой  адамдардын бири Жети-Өгүз районунун Тосор айылында көп жыл мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенген Эсеналиева Кашымды азыр эскерип олтурам.

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

Ал алгач Пржевальск шаарындагы Киров орто мектебин аяктап, андан соӊ Фрунзе шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүрүп, 1954-жылы Баткен районунда химия-биология мугалими болуп иштеген. Андан кийин Жети-Өгүз районундагы Оргочор орто мектебинде, Киров атындагы орто мектепте, 1959-жылдан баштап Тосор орто мектебинде иштеген жылдар Кашым үчүн жемиштүү  болуптур. Анткени ушул жылдары ал бир топ бай тажрыйбага ээ болду, иштин көзүн таанып, окуучуларга тереӊ билим берүүнүн жолун изденип жүрүп кыйла такшалган. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн кабинеттик-лабораториялык система менен сабак өтүүгө жетишкен. Бул убак 1974-75-жылдар эле. Кашым атайын бөлдүрүп алган кабинетке ботаника, зоология, анатомия боюнча дидактикалык көрсөтмө материалдарды, куралдарды жайгаштырып жасалгалаган. К.Эсеналиева кабинет-лабораторияны түзүп, уюштуруп, кабинеттик системада сабак өтүп жаткандан кийин мектепте Край таануу музейин түзгөн. Бул мезгил 1974-жылдын октябрь айы эле. Музейге негизинен чучелалар жергиликтүү айбанаттардан жасалып, кабинет-лабораторияга коюла баштаган. Алар музейге илинген. Музейде тоо текенин династиясы: эчки, лак, теке, топоздун эки баштуу мамалагы, түлкү ж.б. 200дөн ашык катырылган айбанаттар, карга, өрдөк, сагызган, кара шакылдак, көгүчкөн, кыргоол, чил, кекилик ж.б. канаттуулардан 130дан ашык, сойлоочулардан: жылаан, кескелдирик, таш бака ж.б. чучелалары катырылып коюлган. Музей окуу классына жайгаштырылган. Бул класста ошондой эле ботаника, биология, анатомия, зоология сабактары боюнча окуучулардын күчү менен тартылып, жасалып коюлган 178ден ашык тематикалык альбомдор, 6000ден ашуун таратып берилүүчү карточкалар, 3000ден ашуун альбомдун барагына тартылган кыймылдуу доска үчүн дидактикалык материалдар бар.

Ошентип, К.Эсеналиеванын иш-аракеттери совет мезгилинде район, област тургай жаш союздук аралыкка чейин кете баштаган. Убагында Ысык-Көл обкомунда көргөзмө уюштурулуп, биринчиликти алды. Ардак грамота, баалуу сыйлыктар ыйгарылган. Музейдин алдыӊкы дубалында жырткыч канаттуулар, үй канаттуулар, сувенирлер, териси баалуу жаныбарлар үчүн өз-өзүнчө текче жасалып, класстарга бөлүнүп, этикеткаланып коюлган. Шкафта 200дөн ашык методикалык китептер, музейдин регистрациялоо журналы, келгендердин пикири жазылуучу журнал, филмоско, кодоскопто көрсөтүлүүчү материалдар жайгаштырылган. Музей республиканын «Мектеп музейи» деп таанылып, №42 күбөлүгүн алган. Музей өз крайын таанууга, жаратылышты коргоп, ага жакын болууга тарбиялоодо чоӊ иш аткарып келе жатат. Ага Жети-Өгүз районундагы биолог мугалимдер, мектеп директорлору чогулуп келип, атайын семинар өткөрүшүп, К.Эсеналиеванын кабинет-лабораториясында кабинеттик системада сабак өтүү өзгөчөлүгүн, музей түзүүдөгү методикалык ыкмаларын үйрөнүп турушчу. Музейде кабинеттик-лабораториялык системада сабакты көрсөтмөлүү өтүү боюнча, чучелаларды катырып жасоодогу ыкмасын жайылтуу максатында, 1983-жылы Кыргыз телевидениесинин журналисттери айылдык мугалимдин жетишкендиктерин бүткүл өлкөгө көрсөткөн. Мында Тосор орто мектебинин гана ишмердүүлүгү эмес, бүткүл Жети-Өгүз районубузду өлкөнүн аймагына даӊазалаган. Музейдин жетекчиси акыркы күндөрдө жаӊылануунун үстүндө иштеп, эгемендүүлүк шартында өнүгүү саясатыбызды окуу-тарбия ишинде кеӊири жайылтуу менен иш жүргүзүп турду. Эсеналиева Кашымдын иш-аракеттерин, методикалык ыкмаларын кеӊири чагылдырган макалаларда республикалык, областтык, райондук газета-журналдар 12 жолу көлөмдүү макалаларды сүрөттөрдүн коштоосу менен жарыялашты. Жаштарды окутуп, тарбиялоо боюнча көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн союздук, республикалык, областтык, райондук  Ардак грамоталар менен 19 жолу, анын ичинен союздук 2, республикалык 2, Кыргыз агартуу министринин Ардак грамотасы менен бир жолу сыйланган. Кыргыз Республикасынын  Билим берүү министрлигинин «Эл агартуу отличниги» төш белгисин да алууга жетишкен. Союз учурунда Эсеналиева Кашым «Социалисттик мелдештин жеӊүүчүсү» деген төш белгинин дагы ээси, «Эч ким, эч нерсе унутулбайт» деген макал туура белем, 2003-жылы 10-октябрда Эсеналиева Кашымга «Кыргыз Республикасында эмгек сиӊирген мугалим» деген ардактуу наам ыйгарылган. Эженин баскан жолу ар бир кишиге үлгү, өрнөк. Эже үч кыз, үч уул тарбиялап өстүрдү. Жогорку билимдүү. Үч кызы эжени жөлөп  педагог. Эки уулу армиянын офицери. Кичүү уулу – врач–стоматолог. Өмүрлүк жары да мугалим ардагер. Эсеналиева Кашым өз өмүрүн эӊ татыктуу жана байсалдуу өткөрдү. Биз анын эмгегин эскерип, арбагына таазим кылабыз. Өмүр өтсө да эмгек эскирбейт, өчпөйт экен. Эмгеги элдин эсинде калды.

 

Акиш Усенов,

Жети-Өгүз району.

Поделиться

Комментарии