ЧЫГАРМАЧЫЛ, ЗАМАНБАП МУГАЛИМ КЕРЕК

  • 12.07.2013
  • 0
ЧЫГАРМАЧЫЛ, ЗАМАНБАП МУГАЛИМ КЕРЕК

Ырас, жыйырма жылдан бери жүрүп келе жаткан реформалар эл аралык жогорку окуу жайлардын, чет элдик каржылоо менен ачылган билим берүү мекемелеринин, борбор шаарыбыздагы айрым мектептердин мугалимдеринин алган айлыгын, жашоо шартын, иштөө ыкмасын өзгөрттү. Бирок мамлекеттин жана ата-энелердин каржылоосу менен жашап келген мекемелердеги мугалимдин абалы олуттуу өзгөргөн жок.

Биз реформаны так ошол орто деӊгээлде иштеп жаткан карапайым муга­лимдин жан дүйнөсүн, ишке болгон мамилесин, жашоо сапатын жаӊы баскычка жого­рулатуу менен гана кыймыл­дата алабыз деп ойлойм. Ал мугалимдер үчүн чоӊ акча­лар, жаӊы технологиялардын жетишкендиги гана эмес, эӊ биринчи коомдогу кадыр-бар­кы, жанаша жашаган адам­дардын сый-урматы жана артында калтырчу жаш му­ундардын жакшы эскерүүсү, түйшүктүү ак эмгеги баалуу болуп эсептелет.

Жаш адамдын жан дүйнөсүн азыркы татаал жана албуут келген дүйнөнүн агымына даярдоо, алардын ар биринен өзгөчө кылдат­тыкты жана чыгармачылыкты талап кыла тургандыгы анык. Ошондуктан биз “Заманбап мугалим эмес, чыгармачыл мугалим кандай болуш ке­рек?” — деген суроону койсок туура болгудай. Заманбап мугалимдерибиз көп, алар ар бир жарыяланган долбо­ор менен иштеп, жаӊы ыкма- усулдарды эпчилдик менен үйрөнүп, талаптагыдай жый­ынтыктарды тезирээк берип, сыйлыктарга да көбүрөөк ээ болуп жаткандыгын көрүп ту­рабыз. Ошентсе да окутуу- тарбиялоо ишинин заманбап технологияларын өздөштүрүү – бул чыгармачыл мугалим­дин устаканасындагы ты­нымсыз изденүүлөрдүн бир багыты гана болуш керек. Эӊ негизгиси мугалимдин инсандык дарамети, балдар менен аяр жана чыгармачыл мамилеси, өз элинин эртеӊи үчүн зор жоопкерчилигин сез­ген тазалыгы, улуттун угутун өз мээнети менен сугарган мекенчилдиги деп ойлоймун.

Мугалимдин ички жана сырткы маданияты ушун­дайча айкалыша келгенде гана чыгармачыл ишмердик башталат. Өзүнүн инсандык дарамети өнүккөн мугалим гана башка адамдын эркин инсанын калыптандырууга умтулат. Демек, чыгармачыл ишмердик мугалим мурда өздөштүргөн интеллекту­алдык жана эстетикалык байлыктары аны курчаган дүйнөнү таанып билүүнүн, кайра жаратуунун куралы бо­луп калганда гана ишке ашат.

”Инсандын жан дүйнөсү то­лук ачылган чыгармачылык ишмердик кайнаган жерде гана бала мугалимге, адам адамга магниттей тартылат”, — деп жазган чыгаан педагог В. А. Сухомлинский. Азыркы реформанын ташын айлан­дыруучу так ушундай жан дүйнөсүнүн дарамети магнит­тей күчтүү мугалимдер жетиш­пей жаткандай туюлат. Мек­теп турмушун жаӊы ашуудан өткөрүп, жаӊы деӊгээлдерге чыгарчу мугалимдин чыгар­мачылыгын кантип ойготобуз? Дегеле мугалимдин кесиби илим менен искусствонун ту­ундусу катары чыгармачылык ишмердиктин кенен чабытын билдирет.

Мугалимдин ишмердиги багытталган ар бир баланын жан дүйнөсүнүн уникалдуу экендигинен сырткары, иш жүзүндө окутуп жаткан билим­дин мазмуну, аны жеткирүү каражат-ыкмаларынын жаӊы шарттарда байытып жана өз алдынча өзгөртүп бергенди­гинин өзү эле чыгармачылык­тын бир көрүнүшү эмеспи. Ал эми чыгармачылыктын эӊ бийик өрүшүнө көтөрүлгөн кесиптештерибиз окутуп- тарбиялоонун, жаш адамды өнүктүрүүнүн жаӊы, натыйжа­луу тутумун түзүп жатканды­гынан көрө алабыз.

Мугалимдин чыгармачы­лыгы – анын ички маданияты, инсандык дарамети болсо, экинчиси – анын кесипкөйлүгү, азыркы тил менен айтканда, компентенттүүлүгү жана ко­омдун колдоосу болгондо гана педагог жаратман эмгек­тин бийиктиктерин багынта алат. Педагогдун чыгармачы­лыгын өнүктүрүүгө, багыттоо­го жана башкарууга мугалим­дин өзүнөн башка кызыктар тараптар барбы? Азыркы учурда мугалимге методика­лык жактан жардам көрсөтүп, алардын демилгесин жана чыгармачыл изденүүлөрүн, педагогикалык табылгаларын ар тараптан колдоого алып турган мекемелер жокко эсе десек жаӊылышпайбыз.

Мектеп директорлору чарбалык жумуштар менен, тийиштүү көмөк көрсөтүүчү илимий-методикалык ка­бинеттер, мекемелер өз түйшүгү менен алектенүүдө. Билим берүүнүн сапатын жо­горулатуучу эӊ негизги күчтү ишке чегүүнү мектеп жетек­чилигинен баштап, кезектеги реформалардын башында турган министирликтин да эсинен чыгып кеткендей. Мугалимге, анын ички инсан­дык түйшөлүүлөрүнө жана изденүүлөрүнө болгон кай­дыгерлик, балага жана анын келечегине карата кайдыгер­лик болуп кайтарылып жа­тат. Карапайым мугалимге ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, коомдун татыктуу баасына жана көӊүл буруусуна ээ болгондо гана биздин мектеп чыгармачылыктын жандуу абасы менен кайра жарала баштайт.

Советтик жана орус о к у м у ш т у у л а р ы мугалимдин чы­гармачылыгын өнүктүрүүнүн ырааттуу жана натыйжа­луу жолдорун изилдешип, төмөнкүдөй багыттарды бөлүп көрсөтүшкөн:

1. ”Мугалимдин бош (эр­кин) убактысы – мугалимдин чыгармачылыгын азыктанды­рып туруучу тамыры”, – деп айткан В.А.Сухомлинский.

Чынында эле ашык­ча тапшырмалардан, окуу жүктөмдөрүнөн чарчаган бош убактысы жок мугалим кайсы чыгармачылыкка көӊүлдөнөт дейсиз? Билим берүүнүн жана коомдук башка таасир берүүчү бийлиги бар меке­мелер окуучу балдарды гана эмес, аларды окуткан муга­лимдерди да бекер же арзан иштеп берүүчү күч катары жо­гортон ылдый карашат. Ке­зектеги саясий кампаниялар болсун, ишембилиги болсун, пайдасыз жолугушуулар же тойлор болсун мугалимдин баалуу, алтындай убактысын уурдамайынча өтпөй турган­дыгын баарыбыз билебиз. Башкаруучу мекемелер му­галимден талап кылганды, пайдасыз көрсөтмөлөрдү көбөйткөндөн башка анын түйшүгүн жеӊилдеткен, окуу- тарбия процессине пайдалуу иш-чараларды өткөргөнү, методикалык табылгаларды презентациялаганы сейрек көрүнүш болуп калды.

2. Мугалимди материал­дык жактан камсыздоо – чы­гармачылыкты өнүктүрүүнүн эӊ негизги шарттарынын бири экендиги талашсыз. Бирок биз материалдык дегенде эле айлык акы, кошумча сый­лык же даражалар гана эмес, мектеп китепканасынын, ме­тодикалык кабинеттин ар та­раптуу, заманбап жана маз­мундуу жабдылышын эске алуубуз зарыл. Айрыкча, илимий-методикалык китеп­тер, журналдар, аудио-видео жазылмалар менен жабдыл­ган методкабинеттер муга­лимдин чыгармачылык ла­бораториясы болушу керек. Ар бир региондун алдыӊкы мугалимдеринин тажрый­ба-табылгаларын топтогон картотекаларды, окуучунун жаш өзгөчөлүгүнө ылайык окуу мүмкүнчүлүктөрүнүн таблицаларын кайсы мек­тептин кабинетинен таба алабыз? Азыр республика­бызда мугалимдер үчүн окуу- методикалык адабияттарды, журналдарды (ЖОЖдордо чыгарылган аз нускадагы атайын басылган журналдар­ды эске албаганда) ырааттуу чыгарган басмакана, илимий мекеме жокко эсе.

Жыйырма жылдан бери кандай кыйынчылык болсо да, кандай заман ооматы келсе да мүдүрүлбөй чыгып келе жаткан ”Русский язык и литература в Кыргызстане” аттуу журналдын жамаатына, дегеле бардык методикалык жактан шайма-шай камсыз болушкан орус тилчилерге суктанбай койбойсуӊ!

3. Мектеп жетекчилиги тарабынан ар бир мектепте мугалим үчүн түзүлгөн жа­гымдуу маанай – чыгарма­чылыктын пайда болуп андан ары өнүгүүсүнүн дагы бир негизги шарттарынын бири. Чыгармачылык болгон жерде карама-каршылыктар, келиш­пестиктер иштин пайдасына гана чечилип, жамаат ичин­деги майда чыр-чатактарга, жердешчиликке, кошоматчы­лыкка бөгөт коё тургандыгын психологдор дайыма белги­леп келишет. Айрым алдыӊкы мектептерде мугалимдер эс алуучу атайын жайлар жа­салгаланып, акыл-сезимди калыбына келтирип жана өнүктүрүүчү аутогенндик тре­нингдер, тайдзи көнүгүүлөрү, медитациялар чакырылган адистер тарабынан өткөрүлө тургандыгын көрүп жүрөбүз.

4. Мугалим өзү да дайы­ма демилгелүү болуп, өзүнүн чечилбеген маселелери, мак­саты жана тажрыйбадагы та­былгалары тууралуу мектеп жетекчилигине билдирип ту­руусу зарыл. Айрыкча, муга­лимдин чыгармачыл табыл­галарын бир гана мектептин эмес, райондун, республи­канын деӊгээлинде доклад, илимий эмгек түрүндө жай­ылтууга ар бир жетекчи кам көрүшү керек.

5. Чыгармачыл мугалим­дин өнүгүшүндөгү жыйын­тыктоочу этап катары анын демилгелүү жана ийгиликтүү иштери колдоого алынып жаткандыгын сезүүсү болуп эсептелет. Ошондо гана мугалим өз жетишкендик­терин андан ары талдап, дагы көбүрөөк эмгектенүүгө умтулуп, кесиптик жана ин­сандык жаӊы деӊгээлдерге көтөрүлөт.

Демек,чыгармачыл мугалим гана азыр­кы учурдун катаал талабына жооп берген, ре­алдуу турмуштун сыноосунан жол таба билген, чыгарма­чылык менен ойлоп, башка­лар менен ийкемдүү мамиле түзүп жана мыкты иштей бил­ген компентенттүү инсанды окутуп-тарбиялай ала турган­дыгы анык.

Курманкан АБДИЕВА , Бишкек шаары

Поделиться

Комментарии