ЧЕКСИЗ ОЙДУН ЧЕПСИЗ КҮЧҮ же Айкөл Манас атабыздын улуу инсандыгы жөнүндө учкай кеп

  • 01.07.2013
  • 0

Манас тамга

ЧЕКСИЗ ОЙДУН ЧЕПСИЗ КҮЧҮ  же Айкөл Манас атабыздын улуу инсандыгы жөнүндө учкай кеп

Айкөл Манас атабыздын ысымынын тарыхый, илимий маанисин чечмелеп-тактоодо белгилүү аалим Теӊири Чоюн Өмүралиевдин, жанына жай бербеген саякатчы, энциклопедист  талдоочу Темирбек Токтогазиевдин, манасчылардын жарыяланган ж.б. эмгектери негиз болду.

Эми, Айкөл Манас  атабыздын ысымынын  маанисин иликтөө максатында  сөздүктөрдү ж.б. талданган жарыялоолорду карап көрөлү. Е.П. Блаватскаянын «Теософиялык сөздүк» (1892-жылы Лондондо жарык көргөн «The  Theosophical Glossary»)  китебинде  «Манас» сөзү бир нече жеринде кездешет.  «Мanas, Manas Kama,  Manas Sanyama, Manas Taijasi, Manasa, Manas Dhyanis, Manasas, Manasassarovara» деп.

Манас – Manas (санскрит) бул  «акыл», адамды эстүү, адептүү затка айландыруучу менталдык мүмкүнчүлүк. Эзотерикалык жагдайдан  алып караганда, эӊ жогорку  тепкичтеги Эго, адам баласынын өзгөрүп, кайра калыптануусуна өбөлгө болгон негиз. Тар чөйрөдө теософтор муну буддхи манас же  адепке  ширелген Манас дешет.

Манас Кама — Manas Kama  (санскрит) – «каалоодогу акыл», бул   буддистерде алты сезимдин бири  катары каралат, алардын эӊ жогорку сезими саналат.  Эгерде жогорку  Манас,  же,   башкача айтканда, Эго – билимдин бардык  формаларын туюу органдары  аркылуу кабылдаса,  Манас Кама – төмөнкү  Манас бир гана каалоо сезими аркылуу кабылдайт.

Манас Саняма —  Manas  Sanyama (санскрит) акылды башкара билүү, өзгөчө йога менен машыккан учурда  акылды контролдоо.

Манас Тайжаси —  Manas Taijasi (санскрит) «нурданган Манас»;  Жогорку Эгонун абалы, аны метафизиканын  туу чокусуна  жеткендер гана айрып биле алышат.

Манаса же Манасвин —  Manasa (санскрит)  Кудай берген акылдын башаты.  Манас  Арупанын  маӊызы, же денеси жок Приджапти Вирадждын уулдары. Бирок Арджуна Мишра Вирадж менен  браманы бирдей  эсептейт, а  Брама  бул Махат – дүйнөлүк акыл-эс. Питри өз кезегинде  Кумар, Вайрадж, Манасапутра (акыл-эстин балдары) катары эсептелип,  адам баласынын  Эгосу катары кабылданат.

Манас Дхиани – Manas Dhyanis (санскрит)  Пуранахтагы  Жогорку  Питри, Агнишватты же Адамдын Күн бабалары, адамды үчүнчү расада акылдуу макулукка  айландыргандар.

Манасаровар– Manasassarovara (санскрит) Тибеттеги ыйык көл.  Ошондой эле  бул көл Анаватапта   деп да аталат.  Манасаравар ушул  көлдү  аздектеп коргогон сактоочу-кудайчанын аты. Ал  наг же жылан түрүндө сүрөттөлөт. Бул көлгө зыярат кылгандардын саны ого  эле көп. Будда дининин ыйык китеби Ведалар мына ушул көлдүн жээгинде жазылган деген уламыш бар.

Манастар – Manasas   (санскрит) адамзатты манас менен  -акыл-эс менен жабдыгандар,  адамдагы өлбөс Эго. Булар санскрит жазуусундагы  «Манас» сөзүнүн мааниси экен.

Манас адам туулуп, бул жышааны башка балага көпчүлүк  ат кое албай мукурап турган тушта, кайдан  жайдан белгисиз дубана пайда болгон. Сагымбай  Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин  вариантында  «Манас» сөзү мындай чечмеленет:

«Берген болсоӊ уруксат,

Мен коеюн атын – деп, —

Дубана  сүйлөп калганы. –

Баш жагына «Мим» келсин,

Байгамбардын сүрөтү.

Ортосуна «нун» келсин –

Олуянын сүрөтү.

Аягына «сын» келсин –

Арстандын боруму,

Арты кайда кетти экен

Ал үчөөнү оруну?

Окуп билди «Манас» деп

Оозума келди шондой кеп,

Ат коюлду “Манас”

“Алла Таала сактасын,

“Ар балаадан калас” деп

Бата кылды баарысы

Ачып муну окусун

Ак калпак кыргыз молдосу,

Айткан тилим эне тил.

Акылмандар ойлоп бил;

Аркы атаӊыз  Түрктүр

Анык тили кыргызда

Аӊдай албай жүрүптүр…

Манасчылар Сагымбай Орозбаковдун  жана Саякбай Каралаевдин ушул саптарын өзүнчө чечмелешкен.

Изилдөөчү Чоюн Өмүралиевдин ой толгоосунда: «Баш жагына  «мим» келсин» дегени айтылган  «мим» тамгасынын өзүнүн башат теги байыркы Шумерлерге «ман» болуп кирген. Дүйнөлүк Тагдын – Манастын элесинен чыккан.  Кийин ал семит дүйнөсүнө өткөн. Жазуунун калыптануу процессинде  арабдын «мим» — тамгасына көчкөндө, анын эӊ башкы мүнөздүү белгиси —  тегерек шакекчеси  гана калган, калганы жышылган, араб  стилинде  саймаланган. Демек, биз эми Семит  дүйнөсүндө адашкан  кийинки жолбун тамганы эмес, «м» тамгасынын өзүнүн  авал башатын алабыз.  «Ортосуна  «нун» келсин» — «н»  тамгасы  байыркы  түрк рунасында  мындай  салтта  белгиленген: башкача айтканда, айдын сүрөтү. Эмне үчүн мындай?  Капыстан  маӊдай  жарган чагылгандай анын да  сыры мага күтүүсүз ачылды. Көрсө, тамганын  сыры дал дабышында  катылып жатыптыр, «Нан»  экен! Биз үчүн күн сайын колубузга  алып жеген нан экен. Ал эми «нан» деген сөздүн мааниси  байыркы-байыркы заманда  кара жердин өзүн билдирген. Жер эне демекчи,  байыркы шумерлерде  Жердин ээси Нанна, Инанна саналган. «Нан» —  жер эне бир угум…. Ошентип, байыркы башаты «нан», кийин рунага  «н»  болуп түшкөн   тамга келип чыккан. Бир караганда айдын элесин чаап, көргөндү адаштырып келген себеп ушунда жатыптыр.  Эми, шумерлер аркылуу бул  тамга  да семит дүйнөсүнө  өткөн кезде,  кийин-кийин  арабдарга оогондо  «нан» деген маани  тамга «нун» болуп  өзгөрүп кеткен, бирок сапатын сактаган. Тек,  чалкасынан  оодарылган  ортосундагы чекит  араб жазуусундагы мүнөздүү белги. Ошентип, «нун» белги да табылды.  Мунун да «набийлерге» эч тиешеси жок. Ал Нандын-Жердин  байыркы белгиси  экен. Кайталайм, Төрөн дүйнөсүнөн  Семит дүйнөсүнө оогон. «Аягына  «сын» келсин – Арстандын боруму» — «С» тамгасынын рунадагы  сапаты  биртик чийип,  анын окулушу “ис” (из) башкача айтканда, сүрөтү эле өзү айтып турат. «Из салуу», «из түшүрүү», «из чийүү».  Скандинав- герман руникасында  да бул «ис» деп  окулат. Кытай  ироглификасында да бир так чийин, «ис, чий, тик, кон» өӊдүү угумдарга  жанаары  сөз башында айтылды. Ошентип, «с» деген  тамганын тик, ооба, бул өтө маанилүү, бир, типтик ис-чийин экендигине келдик. Эми алынган  тамгаларды  катар карайлы.

«Ман» тамгасынын мындайча  жайгашы «ман», «шам», «маш», «күн» маанилердин жалаӊ гана асманга  байланышкан  авалкы нукура өз  мазмунунан  келип чыккан. Элдик ишенимде ал  «Төбөсү ачык Көк» делет. Тамга сыпатында  төбөсү Көк жана анын бир өӊүрүнөн өрттөп, Шам, Күн балбылдап чыгып келаткан шаӊы бар.

Жазуучу Чоюн Өмүралиевдин бул жазгандарында кайчы  келген дагы бир пикир бар дейт Темирбек Токтогазиев. «Манас» аты Касиеттүү  «Курани Кариим» китебинде  «Ля  Манааси» деп берилгени, анын мааниси – «адамдар корголой турган жай». Манастын  аты түздөн-түз Курандан алынган! – деп Кыргызстан  мусулмандарынын мурунку Азирети Муфтийи Чубак ажы Жалилов  бир нече жолу телеканалдардан айтканын эшиткенбиз.

«Манас» сөзүнүн  этимологиясы араб тилиндеги 16 томдон турган  «Лисса-Мин араб» (Бейрут. 2000-ж.) сөздүгүндө  чечмеленген. Анда: «Манас» сөзүнүн аяккы «с» тамгасына  басым жасалып, эки түрдө түшүндүрүлөт. Арабдардын каткалаӊ  «сад» тамгасында эки түшүнүк жана жумшак  «син» тамгасында  эки менен  аргументтешкен.

«Сад»  менен алганда биринчи мааниси: Манас – бул корголоочу жер (махраб жа-маль жаат), башпаанек табуучу жай; экинчи маанисинде: Манас – Айкөл           (Ас-сахадаль жуут аль карам),  жоомарт дегенди туюндурат.

«Син»  менен караганда, биринчи мааниси: Манас – энергия, күч-кубат (ан-нашшаат); экинчи маанисинде: Манас  — найзанын учу, учтуулардын учтуусу (аль-мансату мус-сина) түшүнүгүн берет. Демек, арабдардын окумуштуулары, Курани Каримдеги «Ля Манааси» сөзүнө берген түшүнүктөрдүн баары Айкөл Манас атабызга туура келет экен.

Совет доорунда бир топ окумуштуулар «Манас» сөзүн талдашып, талкуулашып, чечмелешкенин  жакшы билебиз.  Алардын баарын талдап карасак өзүнчө  бир чоӊ китеп болот, мунун кажети деле жок. Менимче, жогорудагы чечмелөөлөр окурмандын кызыгуусун жаратат деп ойлойм.

Бирок ушул убакка чейин “Манас” сөзүн  маани-маӊы  боюнча жана Адам Манас  атанын жашаган, баатырлык доору, кыр-кырда жүргөн  кыргыздарды чогултуп, бирдиктүү, кубаттуу мамлекет курган доор, мезгил жөнүндө илимий жактан даана-такталган ишенимдүү,  такталган тарыхый маалыматтын 21-кылымга чейин  боло электиги  өзүнчө  табышмак.  Албетте, мындай кейиштүү, кабырганы кайыштырган  абалдын  болушунун  тарыхый-саясый себептери  болгону да чындык. (аларды толук чечмелөөгө да кезек келээр).

Айкөл Манас  ата тууралуу кара  сөз менен жазылып калтырылган эӊ алгачкы илимий була-бул Сайф-ад-дин ибн хак-Аббас Аксикет  1503-жылы жазып калтырган “Мажму  атут Таворих” кол жазмада Манас атанын “чыныгы тарыхый инсан экендиги, анын кимдер менен согушканын көрсөткөн жападан жалгыз далилдүү дарек болуп саналат”. Бирок ал кол жазмада “Манас” эпосу тууралуу эч кандай маалымат жок. Ошого карабастан  кол жазманы  которгон Омор Соороновдун пикиринче: “Манас” иликтөөчүлөр  ойду-келди жазылган пикирлердин дурусун-дурус деп, бурушун буруш деп айтканга жарабай калганы себеп болуп кетти окшойт. Ошонун  кесепетинен элибиздин түшүнүгү туман аралап, тарыхый Адам Манас  менен эпикалык  “Манас” чаташтырылып, кыргыз баласынын  башы будуӊ-чаӊ  болуп турган кез”. Эмне үчүн ушундай  болууда? Кезек  келээр, чечмелегенге.

Кытай Эл республикасынын борбору Пекин шаарында жашаган кыргыз тарыхын  изилдеген, кыргыз тилин мыкты билген профессор Ху-Чженуа кыргыз саякатчы-изилдөөчү Темирбек Токтогазиевге төмөнкүлөрдү айтып жатпайбы: «Манас» бул тарыхый инсан болгондугу анык. Эпосту жакшылап окусаӊар, анан аларды  илимге белгилүү болгон фактылар менен  катар койсоӊор эле өзү оркоюп көрүнөт, кайсыл мезгилде жашаганы… “Манаста” адамзат тарыхындагы өнүгүү жолдор арбын кайсыл окумуштуу өзү ынанган жерин  таап алса, ошол доордо болгон  деп айта берет. Көрсөӊ ар биринин айтканы жүйөлүүдөй сезилет.  Бирок, тарыхый чындык деген бар да… Силердин окумуштууларыӊар бир пикирге келе албай коюшкан, акыры Манас баатырды жомок каарманы кылып, анан  жандары тынчып,  улантып изилдебей да калышты”.

Бул таасын, так, таамай,  чыныгы  пикир 2011-жылы айтылганын эскертсек, жалпы кыргыз журтчулугуна,  өзгөчө Айкөл Манас  менен алектенишип, ошонун аркасынан жан багып жүргөн  окумуштуулар үчүн өтө эле уят сезилет экен…

Бирок элибиздин баатыр Манас атабызга  болгон көз карашы өзгөргөн эмес, сезимдердин тереӊдиги ага болгон ишеним көөнөргөн эмес, муундан-муунга өтүп, кыргыз каны менен  жанында кошо айланып келет.  Адам Манас –Жакыптын уулу, кыргыз элин бириктирген чексиз кайрат  күчкө ээ, кылымдар жашай турган баатыр, бирдиктүү кыргыз мамлекетин түзүп, дүйнөгө атагын дүӊгүрөткөн Улуу Инсан.

Ал эми “Манас” эпосу кыргыз элинин узун тарыхынын булагы, маданий энциклопедиясы, улуттун өзөгү, мамлекеттин идеологиясы, жаӊы муундарды мекенчилдикке, баатырчылыкка тарбиялоонун алиппеси!

Анткени “Манас” кыргызды  кылымдар бою өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кезеӊдеринде элди өз айланасына баш коштуруп, дем берген улуттук ураан, асаба, туу, касиеттүү кудурет –күч сыяктуу маани-маӊызды ойноп келген. Кыргыз элинин кылымдар  кыйырынан келаткан эртеги мифологиясы, дини, салты, тарыхы, философиясы, өнөр-билими, адеби, бүт болгон руханий байлыгы “Манаста” чыпчыргасы менен толук орун алган. Демек, “Манастан” үйрөнө, биле кабылдай тургай ченемсиз үлгүлөрүбүз, асыл өрнөктөрүбүз ал турмак ачуу сабактарыбыз эӊ эле арбын эмеспи!

Жогоруда Кытай жазма булактарында  VII кылымдын экинчи  жарымында, VIII кылымдын  башында Күчтүү Кыргыз каганаты кайрадан куралганын, аны Кутлук Элтериш түзгөнүн, ошол Кутлук Элтериш – Куту улук Эл Төрөсү – Манас атабыздын өзү  экендигин  Темирбек Токтогазиев ишенимдүү баяндаган эле.

Албетте,  Темирбек  Токтогазиевдин “Айкөл  Манас – тарыхый  Инсан. Алтайдагы, Ала-Тоодогу, Бейжиндеги издер  деген көп  тарыхый булактардын  негизинде жазылган негиздүү китебинин чыгышы менен “Манас тарыхый инсанбы” же эпикалык каарманбы” жана Айкөл Манастын жашаган, баатырлык доорлору жөнүндөгү талаш-тартыштар толук ишенимдүү чечилип калды деген пикирден азырынча алысбыз.

Ошондой болсо дагы жогорку авторлордун (Т. Токтогазиев,  Үмөт уулу Жайсаӊ) пикирлерин бекемдеген  К.Мусаевдин  “Улуу Төбөй кыргыз-кыпчак империясы” деген жаӊы эле (2012-жылдын кыш айларында) жарыяланган көп жыл бою көгөрүп жүрүп даярдаган эмгеги Айкөл Манас атанын тарыхый  доорун тактаганга жардамдашат деген үмүттөмүн. Анткени, китеп С. Орозбаковдун: “Төбөй бийдин кулжасы, Төрө Манас баатырды төгөрөктөп турганы” десе, Саякбай Каралаевдын: “Манастын түбү Төбөйдөн, Төбөйдөн кыргыз көбөйгөн” деген ыр саптары илимий жактан кеӊири чечмеленип, кайсы доор экенин тактаганга жардамдашар.

Ошентип, “Манас Тамга” бөлүмүн алтын сөздөрдүн чебер дыйканы Айкөл Манасты биринчилерден болуп эпос-романга айланткан  жазуучу Ашым Жакыпбектин  “Манас-Теӊир уулу, күн нуру, кыргыз руху” –деген өлбөс-өчпөс  мурас акыл-эс булагы менен аяктайын.

(Макала айрым кыскартуулар менен жарыяланууда)

 

(Уландысы бар)

Кусеин Исаев,

философия илимдеринин доктору,

Социология профессору, Кыргыз эл мугалими

КТМУнун социология  бөлүм башчысы

Поделиться

Комментарии