Буйрук №657/1 2013-жыл 18-октябрь «АК ИЛБИРСТИ КОРГОЙЛУ!»

  • 25.10.2013
  • 0

аттуу демилге менен экологиялык сабактардын жумалыгын өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү үчүн экологиялык билим берүүнү күчөтүү жана мектепке чейинки курактагы балдар менен жалпы билим берүү уюмдарында билим алышкан окуучуларды айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан койгөйлөрдү окууну стимулдаштыруу максатында, ошондой эле Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-октябрында өтө турган ак илбирсти коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форумунун алкагында,

Буйрук кылам:

1. Республиканын мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери 2013-жылдын 23-октябрынан баштап, 30-октябрына чейин «Ак илбирсти коргойлу!» аттуу тематикага арналган экологиялык сабактардын жумалыгын билим берүү-ойноо сабактары, оозеки жана жазуу иштери, сүрөт чеберчилик жана көркөм чыгармачылык ж.б. көрүнүштө уюштуруп, өткөрүшсүн.

2. Шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгына 2013-жылдын 1-ноябрына тапшырышсын.

3. Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгы (М. Усөналиев) өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2013-жылдын 5-ноябрда тапшырсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Д.Кендирбаевага жүктөлсүн.

 

Негиздеме: 11.10.2013-ж. №14-1449кат (11.10.2013-ж. кир №10016/1).

Поделиться

Комментарии