БАШКЫ МИЛДЕТ — САПАТТУУ БИЛИМ

  • 01.07.2016
  • 0

 «Элибиз билимдүү болсо, мамлекетибиз да ошончолук бекем болот» дегендей, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүөсүп келаткан жаш муундарыбызга билим-тарбия берүүдөүзгүлтүксүз иш алып барып жатышкан сегиз мектепке, алты балдар бакчасына, эки спорт мектебине жетекчилик кылып келет. Аталган шаардык билим берүү бөлүмүнүн милдети — билим берүү тармагындагы окутуунун сапатын жогорку стандартка көтөрүү, окутуу-тарбиялоо иштеринде жаӊы инновациялык ыкмаларды колдонуу менен компьютерлештирүүнү кеӊейтүү, окуу китептерин камсыздоо, материалдык-техникалык базаны чыӊдоо, педагогикалык кадрлардын сапаттык курамын жакшыртуу, чыгармачылык дараметтерин арттыруу болуп эсептелет.

Эл элегинен өткөн эжей

 Окуучуларга билим-тарбия берүүдө шаардык мектептерде жалпы 529 мугалим, балдар бакчаларында 77 тарбиячы-педагог жана спорттук мектептерде 18 машыктыруучу эмгектенишет. Окуучуларга татыктуу билим-тарбия беришип, үлгүлүү иштеп жатышкан мугалимдердин арасынан «КР Эмгек сиӊирген мугалими» деген наамга эки мугалим ээ болушкан. Алардын ысымдарын атай кетсек: №2 мектеп-гимназиясынын директору Самакова Айчүрөк менен №5 орто мектептин биология мугалими Ороӊова Жыпара болуп саналат. Ошондой эле 241 мугалим Билим берүүнүн отличнигине татыктуу болсо, Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак грамотасына» 273 мугалим ээ болушкан. Бул мугалим педагогдор, тарбиячылар мектептерде, балдар бакчаларында ж.б. жерлерде тарбия алышып окуп жатышкан окуучуларга мээримдерин төгүшүп, жаркын сезимдерин, билимдерин бөлүшүшүп, камкордукка бөлөшүп эмгек өтөп келишет. Дегинкиси, Нарын шаарындагы билим берүү тармагын жакшыртуу жана сапаттуу билим берүүнүөркүндөтүүүчүн аталган билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ашыралиева Айнагүл иштин кызыкчылыгы үчүн күйүп-жанып, жаӊыча ойлонуп, жасаган иш-аракеттери, жакшы саамалыктары коомчулуктун көз кырына түшүп калды. Себеби Айнагүл айым 2011-жылы шаардык билим берүү бөлүмүнө келгенден баштап, улам бир жетекчи тез-тезден алмашкан сайын алардын милдетин аткаруучу болуп, бардык түмөн-түйшүктү аркалап көтөрүүгө туура келип турду. Арийне, ар бир иштин көзүн так, даана билген, ой өрүшү кенен, кыял чабыты бийик, жашоосунда да ак пейили менен жаратмандык жакшылыктарга умтулган А.Ашыралиева 35 жылдан бери карай, бир өӊчөй билим берүү тармагында гана алектенип иштеп, эл элегинен, мезгил сыноосунан өттү десек жарашат.

А.Ашыралиева 1962-жылы Жумгал районуна караштуу Жумгал совхозунда төрөлгөн. Киндик каны тамган айылдагы орто мектепти «эӊ жакшы» деген баалар менен аяктагандан кийин, Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайынан окуп, билим алат. Аталган окуу жайды бүтүргөн соӊ, 1986-жылы Фрунзедеги В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшырып окуусун 1990-жылы ийгиликтүү аяктайт. Алгачкы эмгек жолу, аттаган эшиги Нарын шаарындагы «Бакыт» бала бакчасы болду. Бул куттуу периштелер ойногон балдар бакчасында методист, башкы тарбиячы болуп 28 жыл эмгектенди. Ошол 1991-жылдары улуу держава — СССР ыдырап тарап, кайра куруунун татаал оор мезгилине туш болушуп, айлык акыларын 3-4 айлап ала алышпай калышкан. Ал кезде бала бакчага тамак-аш, керектүү оюнчуктар жетишпегендиктен бардыгын өз колдору менен жасаган учурларды да баштарынан кечиришкен. Кийинчерээк 2010-жылы «Ынтымак» бала бакчасына директор болуп дайындалып келери менен эски балдар бакчасын колдон келишинче жаӊыртып, ремонттотуп, күндүр-түндүр чаалыкпастан мээнет терин төгүп иштеди. Ал айрым жетекчилердей болуп, кол алдындагыларды каарып, кабагын бүркөбөстөн, жакын санаалаш досторундай кеӊешип-кесишип, акыл калчашып, кыйынчылыктарды чогуу жеӊип чыгышты.

Ал 2011-жылдан баштап Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө башкы адис болуп дайындалып келип үзүрлүү эмгектенүүдө. Учурунда жасаган татыктуу эмгектери үчүн бир катар жогорку сыйлыктарга жана ардак грамоталарга ээ болгон. Билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээси. Өткөн жылы да мамлекеттик кызматкерлер күнүнө карата «Мыкты мамлекеттик кызматкер» төш белгисине жана 2015-жылы КРнын «Ардактуу айымы» деген жогорку наамга татыган.

Билимдеги жигердүүлүк

 Биз А.Ашыралиеваны кепке тартканыбызда төмөндөгүлөргө токтолуп өттү: — Нарын шаарындагы орто мектептерде жалпы 7392 окуучу жана 1616 гимназия  класстарында окуп билим алышса, балдар бакчаларында 1822 тарбиялануучу бар. Быйылкы окуу жылында 9-классты 587 окуучу, ал эми 11-классты 381 бүтүрүүчү аяктап жатышат. Бул боюнча облустун борборунда, эксперимент катарында 11-класстын бүтүрүүчүлөрүүчүн атайын тестирлөөнүөткөрдүк. Мында окуучулар үчүн кыйла эле жеӊилдик болот экен. Себеби тестирлөөдөн эӊ жакшы бааларга ээ болгон окуучулар мамлекеттик экзамендерге катышышкан жок. Мисалы: №8 А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин 11-классы ЖМАдан эӊ жакшы деген бааларга арзышкандыктан, толугу менен экзаменден бошотулган. №5 К.Жакыпов атындагы орто мектептен да бир класстын окуучулары  ЖМАдан алышкан бааларына канааттанышкандыктан, экзаменге кирбестен окууларын аякташты. 2015-2016-окуу жылы үчүн өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын республикалык туруна М.Сыдыков атындагы №7 орто мектептин 11-классынын окуучусу Болотбекова Айжаркын англис тили сабагы боюнча 1-орунду, №8 А.Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Токтобек уулу Бекзат математика сабагы боюнча 3-орунду жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Мыктыбекова Жаркынай химия сабагы боюнча 5-орунду камсыз кылышты, — дейт ал өз кебинде.

Андан ары ал: быйылкы «Тарых жана маданият» жылына карата да ар бир мектепте иш-чаралар өткөрүлүп жатканын кабарлады. Мындан тышкары Нарын шаардык мэриясы менен билим берүү бөлүмү тарабынан биргеликте уюштурулуп «Кана эмесе балдар, кана эмесе кыздар» деген аталыштагы сынактар өткөрүлүп, 1-орунга №7, 2-орунга №8  жана 3-орунга №2 орто мектебинин командалары ээ болушуп, алдыга чыгышты. Ошондой эле №4 Э.Ибраев атындагы орто мектепте «Сармерден» жана Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган чоӊ иш-чаралар болуп өттү. Илим, техника жана өндүрүш жумалыгына карата, илимий-техникалык чыгармачылыкты жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана ага окуучуларды тартуу менен жөндөмдүү балдарды табуу, аларды колдоо максатында облустук кароо-сынак өткөрүлүп, М.Сыдыков атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Мукан уулу Нурадил 3-орунду камсыз кылып, республикалык турдан 4-орунду камсыз кылып келди. Нарын шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык ички иштер бөлүмү менен бирдикте «Милициянын жаш жардамчысы» аттуу кароо-сынак уюштурулуп, М.Сыдыков атындагы орто мектебинин командасы 1-орунга ээ болуп, облустук турунда 2-орунга жетишишти. Эл аралык театр күнүнө арналган «Театр фестивалы» №1 Токтогул мектебинде өткөрүлүп, аталган мектеп 1-орунга ээ болду. Алар облустук турдан да 1-орунга татышып, республикалык турда 4-орунду камсыз кылышып, акчалай жана баалуу сыйлык, белектер менен кайтып келишти. Ал эми №14 «Алтын балалык» балдар бакчасындагы кенже тайпадагы балдар арасында «Сармерден» оюн-зоогу абдан кызыктуу өттү жана буга жергиликтүү бийлик органдарынан да келип катышышып, балдарга кызыктыруучу сыйлыктарын тапшырышты, — дейт сыймыктана.

Саамалыктар жүрөк жылытат

 Эженин айтымында, азыркы учурда Нарын шаарындагы спорт мектебинин  жана №18 «Ак дил» бала бакчасынын курулуш иштери башталууда. Андан тышкары дагы бир жаӊы бала бакча ачылуу алдында турат. №17 «Ынтымак» бала бакчасынын ата-энелер фондусу тарабынан 2 ярустуу 10 керебет, 3 тайпага 50 литрлик аристон алынып, орнотулуп берилди. Ал эми №16 «Ыйман» балдар бакчасына да ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 4250 сомго 50 кг. кебез, 3400 сомго 40 метр кездеме алынды. Бала бакчанын жамаатынын иш-аракети менен 33 матрац капталды жана 2500 сомго 1 магниттик доска, 7000 сомго жалюзи, 8000 сомго килем алынып берилди. А.Садыков атындагы №9 орто мектепте «Кылым карыткан кыргыз тарыхы» аталыштагы семинар өткөрүлдү. Каржылоо кеӊешинин жардамы менен мектептин сыртын көзөмөлдөөүчүн 12000 сомго эки камера, 3000 сомго 3 прожектор орнотулду. Ошондой эле Ж.Чолпонбаев атындагы №10 орто метепке да «Кыргызстан» партиясынын колдоосу менен мектеп окуучуларынын коопсуздугу үчүн 50 миӊ сомго төрт видеокөзөмөл орнотулган. 2015-2016-окуу жылында Нарын шаардык мэриясы тарабынан бүтүрүүчүлөргө, олимпиададан 1-2-3-орундарды камсыз кылгандарга жана окуткан мугалимдерге да 3000-4000 сомго чейин стипендиялар берилүүдө. Олимпиадага катышкан 72 окуучунун ар бирине да 1000 сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

— Бул  стипендия жакшы саамалык катары жыл сайын берилип турмакчы. №14 «Алтын балалык» бала бакчасынын медайымы Муханмедий кызы Ырыскүл балдарга тамак берүүдө калькуляциясын эӊ мыкты түзгөндүктөн, иш-тажрыйбасын жайылтуу максатында башка райондордогу бала бакчаларды да кыдырып, семинар өткөрүп келди. Аталган бала бакчада ар дайым рационалдуу аш болумдуу, витаминдүү тамак-аштар балдарга үзгүлтүксүз берилип турат. №15 «Бактылуу балалык» балдар бакчасынын орус тили мугалими Ибраева Нургүл өз ишине абдан такшалган мыкты педагог. Нургүл мугалимдердин алдыӊкы сабында турат. Себеби бала бакчага барган балдар тез эле орус тилинде сүйлөшүп, жазуу көндүмүн да ылдам өздөштүрүшөт. №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин география мугалими Дербишалиева Гүлай эже да өз кесибинин чыныгы устаты десек жарашат. Мектеп директорлорунан Самакова Айчүрөк эже менен Качкынбаев Токтогон агайыбыздын тажрыйбалары мол.  Аларды эӊ мыкты насаатчы мугалим жана жетекчи катары баалап, сыйлап келебиз. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылыгы кызмат ордуна жаӊыдан Өмүрбай кызы Чолпон конкурстук негизде, билимдүү, тажрыйбалуу адамдардын арасынан иргелип, күлүктөй алдыга суурулуп чыгып жеӊишке ээ болуп келди. Чолпондун жаӊы баштаган ишине да зор ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалап кетмекчибиз, – дейт каарманыбыз Айнагүл Ашыралиева биз менен болгон маегинде  толкунданып.

 К.Бугубаев, Нарын шаары

Поделиться

Комментарии