БАЛДАРГА МЭЭРИМИБИЗ – БАКТЫЛУУ КЕЛЕЧЕГИБИЗ

  • 29.05.2015
  • 0
БАЛДАРГА МЭЭРИМИБИЗ – БАКТЫЛУУ КЕЛЕЧЕГИБИЗ

 “Балдарга мээримибиз – бактылуу келечегебиз” деп аталган республикалык тарбия конференциясына катышып, доклад жасап жатып педагогикалык кесипке болгон шыгым ойгонуп, дагы да жан үрөп кызмат кылууга бел байлап, түмөн түйшүктүн артындагы ийгиликтин изги сырын сездим окшойт. Республикабыздын жети дубанынан келген мен сыяктуу мектептен кете албаган, балдардын тарбиясына түйшөлгөн кесиптештеримдин көз караштарынан, жан күйө сүйлөгөн сөздөрүнөн, жашыра албаган эмоцияларынан улам келечек ээлеринин тарбиясынан жакшылык үмүт кылса болорун да туйдум.

Иш-чаранын демилгечиси Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева өз сөзүндө ал да мугалим экенин, учурда кездешип жаткан өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун, ар кандай кылмыштардын күчөп жатышы, тарбия процессиндеги бир нече кемчиликтерди белгилеп, алардын пайда болуу факторлоруна токтолду. Окуучулардын тарбиясына болгон мугалимдердин жоопкерчилигин, ата-энелердин милдеттери, Кыргыз Өкмөтү тарабынан аткарыла турган маселелер тууралуу да сөз козгоду. Айрым маселелерди жеке көзөмөлүнө алууга убада берди.

Пленардык жыйында “Өсөрүбүз дагы – өчөрүбүз дагы тарбиядан” деген аталыштагы доклад жасадым. Анда окуучу менен мугалимдин ортосундагы пикир келишпестигине, мугалимдин балдарга жасаган мамилесине токтолуп, педагогикалык ишмердүүлүгүмдөгү айрым фактыларды мисалга алдым. Мугалим да, ата-эне да маани бербегендиктен, үй-бүлөлүк турмуштун көйгөйүнөн чүнчүгөн бир кыздын күндөлүгүндөгү төмөндөгү катын окуп бердим: “Мен сабактан башым айлангандай калып эле жатам, калып эле жатам. Баргым жок мектепке. Бирок барыш керек. Азыр да жазып олтурам. Апамды, атамды аябай сагындым. Кечээ мүрзөнү карап олтуруп аябай сагынганымды түшүндүм. Алар экөө теӊ жарыкчылыкта. А бирок менин өлгүм келди. Эч нерседен бейкапар жер түбүндө жатып алып уктагым келди. Ошондо, балким алар биригер беле, балким, алардын бир болгонун көрөт белем…”

Үй-бүлөлүк көйгөйдүн таасиринен улам суициддик актылардын катталып жаткан фактылар көп. Демек, бул маселеде үй-бүлөлүк тарбиянын барк-баасы канчалык экендиги айтпаса да белгилүү да. Ушул өӊүттү камтыган жогорудагы доклад угуучулардын кызыгуусун, бир топ суроолорун жаратты.

Ал эми  Ош шаарындагы №52 орто мектептин директору Мелисбек Музулманов балдарга жасалып жаткан зордук-зомбулуктун түрлөрү, факторлору жөнүндө, “Зомбулуксуз мектеп” долбоорунун алкагындагы иш-аракеттер, мектеп окуучулары көрүп жаткан мультфильм, видеофильмдердин абалы, пайдаланып жаткан окуу куралдарынын жасалгасынын тийгизген таасири тууралуу бир нече фактыларга таянуу менен өз оюн ортого салды.

Конференциянын экинчи күнүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов ачып, төмөндөгүдөй жалпы жыйынтыктоочу суроолор менен тааныштырды. Ар бир суроонун айланасында пикирлер топтолуп, талкуу уюштурулуп, атайын модераторлор тарабынан жыйынтык чыгарылды:

1. Окуучуну кантип башкаруу керек?

2. Массалык маалымат каражаттары аркылуу балдарды кантип тарбиялоо керек?

3. Тарбиялоодо ата-энелерди кантип активдештиребиз?

4. Өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулук, кылмыштуулукту алдын алууда укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик менен кантип иш алып барабыз?

5. Класстардагы тарбиялык сааттардын эффективдүүлүгүн арттыруу багытында кандай иш-аракеттерди кылууга болот?

6. Тарбиялоодо коомдук уюмдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кантип иш алып барууга болот?

Жогорудагы ар бир суроого модераторлор тарабынан кыскача баяндама жасалды, маанилүү сунуштар айтылып резолюцияга киргизүү, куру сөз жүзүндө калбай майнап чыгарууга аракет жасоо сунуштары айтылды.

Ошондой эле Лейлек районунан келген №3 эксперименталдык гимназиясынын директору Гапыр Мадаминов өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, чыгарган китептеринин мазмуну жөнүндө токтолду. Айрыкча, “Энелер мектебин” түзгөндүгү ушул убакка чейин 500 эне бүтүрүп чыккандыгы, ата-энелерди окутуу, тарбия жөнүндө алгач ата-энеге түшүндүрүү туурасындагы пикирлер көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. “Ата-энелер” журналын же гезитин чыгарып, бүт аймактарга таратууну сунуштады.

Конференцияда бир гана тарбия маселеси эмес, бүтүндөй билим берүү системасындагы кенемтелер талкууланды. Класс жетекчилердин маянасынан тартып, мектеп жашындагы балдары бар ата-энелердин чет жакка чыгуусуна тыюу салган атайын мыйзам керектигин белгилешти.

Конференциянын жүрүшүндө айтылган көйгөйлөрдү азайтууга, акырындап барып жоготууга болорун белгилешип, буга төмөндөгүдөй иш-чаралар зарыл экендигин көрсөтүштү:

• Мектеп психологунун ишин жандандыруу, психолог деген штат ачуу;

• Социалдык педагогдорду атайын балдардын психологиясын өздөштүрүү, алар менен мамиле түзүүнү үйрөтүү багытындагы курстардан өткөрүү;

• Класс жетекчилерди ар бир окуу жылында кыска курстан өткөрүп туруу;

• Ата-энелер мектебин уюштуруу;

• Мектеп жетекчилерине педагогикалык-психологиялык билимдерди жаӊылап кайрадан окутуу;

• Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп мугалимдерине тарбиялык иштердин технологияларын, педагогикалык-психологиялык билимдерди үйрөтүүчү атайын көчмө курстарды уюштуруу;

• Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн базасында, мектептерде психологиялык борборлорду уюштуруу;

• Ушул өтүп жаткан тарбия конференциясынын үлгүсүндө жыл сайын региондордо конференцияларды уюштуруу;

• Мектепте тарбиялык иштерди уюштурууга, тарбияга байланышкан окуу-усулдук колдонмолор менен камсыздоо;

• Республикалык деӊгээлде семинар-тренингдерди уюштуруу, тажрыйба алмашуу;

• Класс жетекчинин укук-милдеттерин негиздеген атайын нормативдик документ иштеп чыгуу;

• Класс жетекчинин журналынын архивке сакталуусун шарттаган документти иштеп чыгуу;

• Класс жетекчилердин эмгек акысын көтөрүү;

• Тарбияга байланыштуу долбоорлорду жазуу, ага каржылык булактарды табуу ж.б.

 Кыялбек Акматов,

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, ОшМУнун “Билим” лицейинин директору.

Поделиться

Комментарии