АЙ — YРКӨР ЖЫЛ САНАГЫ САЙМАЛЫ-ТАШТА

  • 05.07.2013
  • 0

Кыргыздардын байыркы жылсанагында кийиктердин аттары таш доорундагы мергенчилик чарбасына байланыштуу келип чыккан. Таш доорунда мергенчилер ууга каалаган убакта чыга бербестен, кийик семирген мезгилде гана атышкан. Эркеги  менен ургачылары бөлүнүп жайылып, куут мезгилдерине даярданышат. Мергендер кийиктердин кууту башталар алдында семирген мезгилде гана ууга чыгышкан.  Бул убакыттар Айдын жаӊырышын эсептөө менен аныкталып,  жаӊылбас үчүн Айдын жылдыздарга карата абалына байкоо жүргүзө башташкан. Жылдыздарды жаныбарларга окшоштуруп ат коюп, аларды ташка чегип белгилешкан. Дүйнөдөгү ташка чегилген белгилер (петроглиф) эӊ жыш (100 миӊ сүрөт) жайгашкан жери Көк-Арт ашуусунда (Тогуз-Торо)  кереметтүү Саймалы-Ташта сакталып калган. Петроглифдердин басымдуу көпчүлүгү жердеги  жашоо-тиричилик менен асман телолорунун кыймылдарынын байланыштары баяндаган. “Ай караган караган текелердин жана кулжалардын” сүрөттөрү куут мезгилдерин асманга карап аныкташарын далилдеп турат. Аркайган мүйүздөрү менен кабыл алынган асман телолорунан келүүчү ар түрдүү диапазондугу электромагниттик толкундар кийиктердин денесинде өзгөрүүлөрдү пайда кылары  толук ыктымал. Бул бийик тоолордо космос нурларынын таасири бир кыйла жогорулулугу менен да байланыштуу.

Т

аш доорунда убакытты эсептөө зарылдыгы чарбачылыкка гана байланышпастан, баланын төрөлөр убагын аныктоо өтө маанилүү болгон. Эӊ алгачкы адамдардын балдары кийиктер сымал жазда гана төрөлгөн. Кышта төрөлгөн баланы үӊкүрдө жазга  чейин торолтууга ашыкча камкордук талап кылгандыктан, көпчүлүгү чарчап калган. “Акыл эстүү адамдар” табият мыйзамын буза баштаганда жыныстык катнашты белгилүү убакта так эсеп жүргүзүү менен өткөрүү зарылдыгы пайда болгон. Бул жылсанак жүргүзүүнүн башкы милдети болгон. Саймалы-Таш жайлоосуна Фергананын жана Теӊир-Тоонун байыркы дыйкандары кош айдоо бүткөндө июндун ортосунда көчүп келишип, Улуу Теӊирге жана Күн Теӊирге сыйынуу каадаларын чоӊ салтанат менен өткөргөн. Теӊирден ырайымдуулукту, жамгырды, түшүмдүүлүктү жана аялдар бала сурануу келмесин айтышкан: Оо, Теӊирим! Келерки ушул жылга жаным-малым аман болсун!  Жамгырыӊды аяба, түшүм мол болсун! Эмчекте балам, эркелетер эрим болсун, — деп асмандан суранышкан. Август айынын аягында түшүм жыйноого камаданууга кыштоого кайра түшүп кетишкен.

Көпчүлүк окумуштуулар бул тарыхый эстеликти б.з.ч. II миӊ жылдыкта байыркы көчмөн урууларга тиешелүү деп эсептешет. Саймалуу-Таш петроглифтеринде уламыштарды баяндаган сценада уруу белгилери, орнаменттер кыргыздарга таандык экендигин далилдейт. «Ноорузда кош айдоо» (1-сүрөт) деп аталган петроглифде

түрүндө берилген символ Кетмен-Төбөдөгү Чаар-Ташта, Манастын күмбөзүндө даана сакталып калган. Бул белги кыргыз тархында – тогоо (басмайылдын тогоосу) деп аталып, алтайлык  кыргыз урууларынын эн тамгаларына кирет. (Асанканов А. Осмонов Ө. Кыргызстан тарыхы. Б. 2003. 225-б.) Уруу белгилери орхон эне-сай руникалык жазууларынын башаты болгондугу жөнүндө атактуу тарыхчылар В.В. Бартольд жана С.М. Абрамзон олуттуу пикирлерди айтышкан.  Теӊир Тоо петроглифдеринде астрономиялык символдорго окшош белгилер көп кездешет. Азыркы астрономияда бул белги Күн, Жер жана планета бир түз сызыкта жайгашкан абалын аныктап, тогошуу (противостояние) деп аталат. Саймалы-Ташта    белгиси менен Айдын Үркөргө жакындоосун белгилеген. Жердин айланасында кыймылынын натыйжасында асман сферасында Ай которулуп, 27, 32 суткада бир толук айланып чыгуу убагы астрономияда сидерикалык ай деп аталат. Кыргыздар Айдын Үркөр жылдыз тобуна жакындашуусун тогоол деп аташкан. Басмайылды тартканда эки тогоо бири-бирине жакындашуусу менен окшоштурушкан. Тогоолдон тогоолго чейинки убакыт аралыгын тогоол ай аталып, жыл эсебинде 28 суткага барабар.

Саймалы-Ташка түшүрүлгөн Нооруз салтанаты өткөрүлгөн түндө асман сферасындагы топ жылдыздардын жайгашуусу жана жазгы күн-түн теӊелүү чекити кайсы топ жылдызда жайгашкандыгы баяндалган. Сүрөттүн оӊ  жагында соко чегилген жана бош букалар Букачар топ жылдызындагы Үркөр жылдыз тобун туюндурат. Байыркы түрк тилинде буканы — ухер деп айтышкан. Саймалы-Таштын башка петроглифинде тегеректин ичине түшүрүлгөн 7 буканын сүрөтүн А.Н. Бернштам солярдык – космос сценасы деп эсептейт. Бука – кош айдоо жумушунда негизги унаа болгондуктан, байыркы элдерде түшүмдүүлүктүн жана күч кубатуулуктун символу катары кабыл алынган. Демек, “кош айдоо” эпизодунда Үркөр жылдыз тобунун айланасындагы жылдыздар сүрөттөлгөн деп айтууга негиз бар. Сүрөттүн сол жагында кош өгүз менен бир бош өгүз Эгиздер топ жылдызынын белгиси. Кыргыз уламыштарында Эгиздер топ жылдызындагы Кастор жана Полукус жылдыздары Кош Өгүз деп аталат. Бул топ жылдыздардын жайгашуусу төрт бурч болуп, боз үйдүн эшигине окшоштуруп,   байыркы кыргыз зодиагында Босого деп аташкан (Сейдакматов К. Кыргыз элинин календардык түшүнүгү. Ф.1987. С. 29). Букачар жана Эгиздер топ жылдыздарынын арасында      тогоол белгиси түшүрүлгөн. Ай менен Үркөрдүн бул тогошуусунда Күн да Эгиздер (Босого) менен Букачар топ жылдыздарынын арасында болот (2-сүрөт). Бул петроглифде  датаны белгилөө үчүн тогоолдун белгиси түшүрүлгөн. Тогоол белгисинин оӊ жагында ийри сызык Дракон (Укурук) топ жылдызын (бул топ жылдыз кыргыз уламышында Кичи Жетигендин Ак боз аты α га жана Көк боз  атты β га Жете баатырдын ыргыткан укуругу   деп атайт. Тоголок Молдо) элестетет. Б.з.ч. 4-миӊ жылдыкта дүйнөнүн түндүк уюлу ушул Дракон (Укурук) топ жылдызынын α сы  Тукан болгон.

Саймалы-Таш петроглифдеринде асман телолорун алгач антропоморфдук (адам сымал) же зооморфдук (жаныбар сымал) сүрөттөр  менен берилип, алар бара-бара символдорго айланган. Күн, Ай жана жылдыздар дөӊгөлөк сымал белгилер менен берилген. Жер бетинде дөӊгөлөктөр которулушу менен окшоштурушкан. Күн белгисинин айланасында Ай жана планеталар сүрөттөрү берилген (3а-сүрөт). Мында Ай жаӊырганда Күн менен Ай жана бир планета (дискага жабышкан тегерек) биригүү абалы берилген. Бул кубулуш күндүзү гана болгондуктан куралсыз көз менен байкоого мүмкүн эмес. Үзгүлтүксүз  байкоо жүргүзгөн жылсанакчылар асман телолорунун чыгып  жана батып бараткан чекиттерине таш моло (менгир) менен белгилешкен. Мындай байыркы астрономиялык байкоо пунктарынан Соӊ-Көлдөгү «Манастын таш тулгасы» жана “Ак куланын ат мамысы” гана сакталып калган. Кыргыз — Стоунхенджи так астрономиялык жылсанак түзүүгө негиз болгон. Кош тегерек  петроглифинде  (3б–сүрөт) Күн менен Үркөр жылдыз тобунун 8-9 жылда кайталануучу биригүүсү берилген. Оӊдогу тегеректе жети бурчтуу жылдыз менен Үркөрдөгү көзгө көрүнгөн жети жылдызды элестетишкен. Тоо текенин кууту жана адамдардын жупташуу мезгилдери тогоол менен аныкталары 3в- сүрөттө баяндалган. Бул мезгил Ай-Үркөр жылсанагынын теке айына чейин аяктаганын божомолдойбуз.

 

 

 

 

а)                                             б)                                 в)

3-сүрөт. Саймалы-Таш тогоолдору

 

Жазгы күн-түн теӊелүү чекити азыркы доордо (2000-жыл эпохасында) Балыктар топ жылдызында жайгашып, 20- же 21-мартка туура келип,  дүйнөнүн түндүк уюлу Алтын казык (Кичи Жетигендин α сы) жылдызына жайгашкан. Жердин прецессия (калдаӊдоо) кыймылынын натыйжасында   дүйнөнүн түндүк уюлу которулуп, 26 000 жылда диаметринин бурчтук аралыгы  23ºтук  тегерек боюнча которулгандыктан  асман экватору жана ага параллель жайгашкан Жер экваторунун абалы да өзгөрүлөт. Ошондуктан эклиптика менен асман экваторунун кесилиш чекити (күн-түн теӊелүү чекити) жылдыздардын арасында  чыгышты карай жылат. Бул которулуштун бир жылдагы  ылдамдыгын табабыз. 26000 жылда 3600 бурчка которулса (3600=1296000») жыл сайын L=3600 : 26000 = 1296000» : 26000 = 49,85»  бурчка чыгышты карай которулат. Бул эклиптиканын жылдык прецессиясынын ылдамдыгы деп аталат. Азыркы доордо жылдык процессиянын 0,47» га жайлашын эсепке алып, жазгы күн-түн теӊелүү чекитинин жылдык прецессиясынын ылдамдыгы 50,26» деп кабыл алынган. Биздин  эранын башталышында жазгы күн-түн теӊелүү чекити Козу (Овен), күзгү күн-теӊелүү чекити Тараза топ жылдызында жайгашкан. Бул чекиттер ал доордо (Козу) жана  (Тараза) символдору менен белгиленген. Андан бери жазгы күн–түн теӊелүү чекити Балыктар, ал эми күзгү күн-түн теӊелүү чекити Сумбула (Дева) топ жылдызына жылып кеткен, бирок алардын белгилери мурдагы бойдон калган.

Саймалы-Ташка чегилген байыркы жазгы күн-түн теӊелүү чекити Эгиздер (Босого) менен Букачар  топ жылдыздарына жайланышкандыктан, азыркы бул чекиттин арасындагы бурчтук аралык 90ºту түзөт. Градусту секунда бурчу менен туюнтсак 900•3600=324000», бул чекит жылыга 50,26»  га которулгандыктан бул жылышуу болуп өткөн убакытты табабыз:        324000:50,26 = 6446 жыл. Демек, бул б.з.ч. 4446-жылдагы астрономиялык кубулуш чегилгендигин божомолдойбуз. Астрономиялык кубулуштарды жогорку тактыкта чагылдырган  Бостон (АКШ) суперкомпьютердик борборунда түзүлгөн “Stellarium” программасында жазгы күн-түн теӊелгенде Букачар жана Эгиздер топ жылдыздарынын арасында Айдын жаӊыруусу б.з.ч. 4699-жылы болгонун көрсөттү. Эки башка жол менен жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн айырмасы 253-жылды түзөт. Бул эки түрдүү эсептөөнүн орточо мааниси 4572ге барабар. Демек, петроглифде б.з.ч. 4572-ж. Астрономиялык кубулуш баяндалган деп бүтүм чыгарууга негиз бар. “Ноорузда кош айдоо” петроглифинде баяндалган астрономиялык кубулуш  жылсанактын башталышы деп эсептесек, быйылкы 2012-жыл Ай-Үркөр жылсанагы боюнча 6584-жыл болот.

Бул жыл санак Талип Молдонун “Кыргыз тарыхы жана уруучулук курулушу“ аттуу санжырасында: «мындан 4800 жыл илгери атагы ааламга белгилүү Угуз хандын Кыргыз аттуу небересинен тараганбыз», — деп жазганы Саймалы-Таш петроглифдери менен байланышы бар деп эсептейбиз. Өткөн кылымда петроглифдердин маанисине түшүнгөн жылдыз санакчылар болсо керек деп ойлойбуз. Кетмен-Төбөнүн Коӊур-Өгүзүндө жашаган Мекебай дубана Сайма-Ташка түнөп, баласыздарга бала тилеп берчү деп айтышчу аксакалдар. Камбар–Атадагы петроглифдерге бакшы-бүбүлөр түнөп, сыйынышат. Кыргыздар Саймалы-Таш маданиятынын түздөн-түз мураскору болуп саналат. Петроглифдер уруулук эн тамга катары колдонушуп,  искусстводо  орнаментке жана жазууга айлантышкан. Эӊ негизгиси байыркы жыл санакты бүгүнгө чейин толук сактап калышкан.

Геродот  жазып алган миф боюнча сактардын түп атасы Папай (Баба) дарыянын кызы Борисфенден (Апо) Таргитай төрөлөт. Таргитайдан үч уул: Липок — сай, Арпоксай жана Колоксай (Күлүк сай). Липоксай – “авхат” ыйыктар уруусунун түп атасы болуп, “Тоо-хан” деген наамы болгон. Липок сайдын тукумдары дин кызматкерлери болуп, ак түстү ыйык туткан. Липоксайдын ордосу А. Газиевдин “На берегах Яксарда” тарыхый повестинде Кетмен-Төбөдө көрсөтүлүп, “падышалар өрөөнү” деп атаган.  Повестте жазгы күн-түн теӊелгенде өткөрүлгөн “Нооруз” салтанатына бардык эл чогулуп, бир кез узун калпак кийген “кави-жарчы”  башкарган. Күн кудайына арналган ашвахамеди аземинде  курмандыкка жылкы союлуп, алоолонгон оттун айланасында  урматтуу “күлүк атуу” Күн-Теӊирине кошок айтылат. Липок — сайдын башкаруусу менен кош айдоо башталып салтанат аяктайт. Ортончу уулу Арпок сай катиарлар-траспийлер (грекче) же вайштрыя фушнуят (Ригведа боюнча)  — ат багар жана дан багарлар урууларынын түп атасы “Деӊиз хан” аталып, көк түстү ыйык тутушкан. Күлүксай-Таргитайдын кенже улуу-паралат уурусунун түп атасы. Асмандан түшкөн соко, моюнтурук, балта жана алтын чөйчөк Күлүксайга буйруп, Күн-хандын тукумдарынан падышалар чыккан жана оттой кызыл түстү ыйык тутушкан. Түрк элдеринин орток мурасы болгон “Отуз Каган” дастаны XIII кылымда кагазга түшүрүлгөн. ОГУЗ каган Кут жылдыздай Нуркызга үйлөнүп Тоохан,  Деӊизхан жана  Күнхан аттуу уулду болот. Асманга атылган жебени таап алган Күнханга хандыгын берет. Белгилүү тарыхчы жана археолог В.П.Мокрынин Саймалы-Таш эстеликтерин сактарга тиешелүү деп эсептейт. Кыргызстандын желегин авторлору идеяны байыркы петроглифдерден  алып, Күн менен боз үйдүн түндүгү менен айкалышы байыркы тарыхыбызда таш доорунан бери эле жашап келет.

Желек — кыргыздардын тереӊдеги байыркы тарыхын жана маданиятын кеӊири чагылдырып турат. Ормон хан кызыл чепкен кийип,  кызыл тебетейчен бирөө гана болсун деп жарыялаганы байыркы салттын уландысы.

Поделиться

Комментарии