ZTE КОРПОРАЦИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 14.10.2024
  • 0

11-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ZTE KYRGYZSTAN компаниясынын башкы директору Цао Хун, “Кыргызтелеком” ААКтын жетекчиси Нурлан Мадаминов менен жолугушту.

ZTE КОРПОРАЦИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушууда санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган Smart Education долбоорунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

ZTE өкүлдөрү кыргыз тарапты Монголиядагы санариптик билим берүү долбоорлорун ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасы менен таанышууга чакырды. 

Нурлан Мадаминов октябрь айынын аягына чейин мектептерде интернеттин ылдамдыгы 4 эсеге көбөйтүлүп, жайгашкан жерине карабастан бардык билим берүү мекемелеринде жогорку ылдамдыктагы интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.

ZTE КОРПОРАЦИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Бул өнөктөштүк өлкөнүн бардык аймактарында сапаттуу билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу менен билим берүү тармагындагы санариптик ажырымды жоюуга багытталган.

Аталган компаниясы тууралуу:

ZTE корпорациясы –  телекоммуникациялык жабдууларды жана тармактык чечимдерди чыгарган дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири. Компания дүйнө жүзү боюнча ишканалар, мамлекеттик органдар менен кызматташып, коммуникация тармагында алдыңкы технологияларды, санариптештирүү жана интернет продукция менен камсыз кылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер