ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК!

  • 03.04.2026
  • 0

Лейлек районундагы «Ак-Суу» жалпы билим берүү мектебинде «Зордук-зомбулукка орун жок!» аттуу айыл өкмөттүк деңгээлдеги семинар болуп өттү.

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК!

Аталган иш-чарага билим берүү бөлүмүнүн, социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери, айыл аймагындагы мектептер менен бакчалардын жетекчилери, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарлары, социалдык педагогдор, айыл башчылары, ата-энелер, дарыгерлер, диний ишмерлер, аялдар кеңешинин төрайымы, карыялар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагалары катышты.

Семинарда Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары Улукбек Жеемуратов, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Рүстөмбек Худаяров жана Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, майор Нурбек Түркбаевдер баяндамаларды жасашты.

Семинардын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, эрте никенин алдын алуу жөнүндө олуттуу ойлор, тарбиялык багыттагы нускоолор айтылды.

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА ЖОЛ ЖОК!

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер