“ЖЫЛДЫЗДАР БАЛДАРГА КИТЕП ОКУЙТ” АКЦИЯСЫ ЖАНДАНДЫ

  • 27.02.2026
  • 0

Бишкек шаарындагы №68 мектепте “Жылдыздар балдарга китеп окуйт”  акциясы өттү. Иш-чара балдардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

“ЖЫЛДЫЗДАР БАЛДАРГА КИТЕП ОКУЙТ” АКЦИЯСЫ ЖАНДАНДЫ

Маалыматка таянсак, акциянын алкагында Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева 4-класстын окуучуларына «Достор» аттуу китепти  окуп берди. Чыгармада балдардын достугу, бири-бирине болгон сый-урматы, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана жаныбарларга камкордук көрүү темалары камтылган. Окуудан кийин окуучулар менен мазмундуу баарлашуу болуп, китеп эмне үчүн «Достор» деп аталганы талкууланды. Балдар достук — бул ишеним, колдоо жана камкордук экенин белгилеп, өз ойлорун эркин билдиришти.

“ЖЫЛДЫЗДАР БАЛДАРГА КИТЕП ОКУЙТ” АКЦИЯСЫ ЖАНДАНДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова сөз сүйлөп, китеп окуу ар бир баланын интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ал ата-энелерди, мугалимдерди жана коомчулукту балдарды көбүрөөк китеп окууга шыктандырууга чакырды.

“ЖЫЛДЫЗДАР БАЛДАРГА КИТЕП ОКУЙТ” АКЦИЯСЫ ЖАНДАНДЫ

Ошондой эле Роза Кайыкова Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаевага Фонд тарабынан чыгарылган “Өмүрү өрнөк инсандар” китептер сериясынан белек тапшырып, мектепке жана окуучуларга да китептерди белек кылды. Мындан тышкары, иш-чарада жаратылышты коргоо, көчөт отургузуу жана аны багуу тууралуу да сөз болуп, айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун  мааниси белгиленди.

“ЖЫЛДЫЗДАР БАЛДАРГА КИТЕП ОКУЙТ” АКЦИЯСЫ ЖАНДАНДЫ

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, окуучуларга жагымдуу таасир калтырды.

— “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы 13 жылдан бери Кыргызстандагы мектептерде өткөрүлүп, окуучуларды китеп окууга үндөп келет. Фонд мындан ары да балдардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга багытталган иш-чараларды улантууну пландап жатат, — дейт Роза Кайыкова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер