«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИНЕ» ПРЕЗИДЕНТТЕН СЮРПРИЗ
- 19.09.2025
- 0
Агартуу министрлиги өткөрүп келген республикалык «Жылдын мыкты мугалими», “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурстун финалдык этабы 22-24-сентябрында Бишкек шаарында өтөт. Быйыл сынакка өлкөбүздүн булуң-бурчунан 118 талапкер катышат. Баш байгени Президент өзү сюрприз менен тапшырат.

Конкурс билим берүү программаларын жаңылоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын педагогикaлык курамынын чыгармачылык ишин өнүктүрүүгө, билим берүү процессин уюштурууда жаңы технологияларды колдоого, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, коомдо билим берүүнүн артыкчылыктарын бекитүүгө багытталган.
Аталган конкурс жалпы билим берүү уюмдарында иштеген Кыргызстандын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген мугалимдердин арасында өткөрүлөт. Анда 18 номинация боюнча 118 мугалим күч сынашат.
Сынак үч этап менен өтөт. 1-этапта конкурсанттар тест тапшырышат. Бул этаптан өтпөй калгандарга министрлик “Финалист” деген төш белгини тапшырып, алардын урматына концерт тартуулап, сый-урмат көрсөтүп узатышат. Сынактын экинчи этабында мастер-класс көрсөтүлөт. Ал эми үчүнчү этапта иргелген мыктылар ачык сабактарын беришет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер