ЖРТга ДАЯРДЫК: “БУЛАК” ТИРКЕМЕСИН КОЛДОНГОНДОР 61 МИҢДЕН АШТЫ

  • 07.04.2026
  • 0

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоого багытталган “Булак” акысыз мобилдик тиркемесине катталган окуучулардын саны 61 миңден ашты. Бул тууралуу расмий маалыматта айтылат.

ЖРТга ДАЯРДЫК: “БУЛАК” ТИРКЕМЕСИН КОЛДОНГОНДОР 61 МИҢДЕН АШТЫ

Маалыматка ылайык, тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроолору камтылган. Учурда окуучулар тарабынан өткөн тесттердин жалпы саны 377 миңге жеткен. Акыркы жети күндүн ичинде активдүү колдонуучулардын саны 50 миң 694 окуучуну түзгөнү белгилүү болду.

Колдонуучулардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү да ар түрдүү. Алдыңкы орундарда Жалал-Абад облусу (9 389), Бишкек шаары (9 145) жана Ош шаары (8 885) турат. Андан кийин Чүй облусу (8 871), Баткен облусу (6 648), Ысык-Көл облусу (6 634), Ош облусу (5 767), Нарын облусу (3 507) жана Талас облусу (2 639) жайгашкан.

Адистердин белгилешинче, “Булак” тиркемеси мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга өз алдынча жана системалуу даярданууга мүмкүнчүлүк түзөт. Айрыкча акы төлөнүүчү даярдоо курстарына жеткиликтүүлүгү чектелген аймактардагы окуучулар үчүн бул тиркеме тең мүмкүнчүлүктү камсыз кылган маанилүү санариптик курал болуп саналат.

Мындан улам “Булак” тиркемеси өлкөдө билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин жогорулатууга салым кошуп жатканы белгиленүүдө.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер