ЖРТ-2026: «Булак» акысыз мобилдик тиркемеси
- 19.03.2026
- 0
Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн «Булак» аттуу акысыз мобилдик тиркеме ишке кирди.
Агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдиргендей, тиркеме Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жана Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте иштелип чыккан.
«Эң башкы максат – тестке даярдыкты баарына жеткиликтүү кылуу. Өлкөдө көптөгөн акы төлөнүүчү курстар бар, бирок баары эле, айрыкча алыскы аймактарда жашагандар, аларга бара алышпайт. Азыр тиркемеде ЖРТда көп кездешүүчү ар кандай категориялар боюнча жооптору менен 12 миңден ашык тапшырма бар. «Булак» ар бир окуучуга ишенимдүү жардамчы болот деп үмүттөнөбүз», — деди Лира Самыкбаева.
2012-жылдан бери ЖРТ республиканын бардык жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү болуп калды. Азыркы учурда быйылкы сынакка каттоо жүрүп жатат.
Агартуу министрлиги ишке киргизген акысыз мобилдик тиркеме ЖРТга даярдануудагы аймактык жана социалдык айырмачылыкты жоюуга карай маанилүү кадам болуп саналат. Анткени шаардагы мектептин окуучуларында ар кандай курстарга барып окуганга мүмкүнчүлүк чоң, ал эми айылдык окуучуларда андай шарт көбүнчө жок эле.
Ошол эле убакта эми бардык окуучулар акы төлөп окуткан курстарга гана көз каранды болбостон, онлайн платформада жеткиликтүү мобилдик тиркеме менен улуттук сынакка даярдана алышат.
(Б.К. «КБ»)
Комментарийлер