ЖРТ: ПРЕЗИДЕНТ МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АЛТЫН СЕРТИФИКАТ ТАПШЫРДЫ

  • 10.07.2024
  • 0

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөдө эң көп упай алган  мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Президент Садыр Жапаров Алтын сертификаттарды  тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин бул ийгилиги менен куттуктап, жыл сайын ЖРТдан жогорку балл алган балдардын саны өсүп жатканын белгиледи.

«Урматтуу бүтүрүүчүлөр – алтын сертификатка ээ болгон мектеп мыктылары!

Мына бүгүн 67 миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен суурулуп чыгып, алтын сертификаттарга ээ болуу менен өзгөчө кубанып турган убагыңар. Буга жеке эле силер эмес, силердин ата-энеңер, айрыкча, мектептеги мугалимдериңер сүйүнүп турган кези. Келечекке үмүттүн шооласын жандырган силердей жаштар менен жолугушуу мен үчүн дагы жагымдуу ирмем экенин айта кетейин.

Эң алды баарыңарды келечектин пайдубалын түптөөчү билим уясын ийгиликтүү бүтүрүп чыгышыңар менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Силер “Акыл айга, билим көккө жеткирет” деген накыл сөздү көкүрөгүнө бекем түйүп, келечекте билим менен гана коомдо өз ордун табарыңарды аңдап-билип, мугалимдин берген билимин мээге уютуп олтуруп, натыйжада жалпы республикалык тестирлөөдөн дагы мыкты жыйынтыкка жетишип жатасыңар.

Мындан улам, биз бүгүн алтын сертификат ээлеринин ийгиликтерин белгилөө менен билимдин, билимге умтулуудагы эмгектин маанилүүлүгүн даңазалап, мектеп окуучуларынын демине дем кошолу, келечекке багыт алуусуна жол көрсөтөлү деп чогулуп олтурабыз.

Мынакей, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөгө 50740  бүтүрүүчү катышты. Дээрлик миңдин бири болуп, 58 бүтүрүүчү Алтын сертификатка ээ болдуңар. Мында эң жогорку балл алган Аминат Гордаева, Максат Оморов, Элнура Эркинбекова сындуу окуучуларыбызды өзгөчө белгилеп кетким келип турат. Булар менен кошо араңарда өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан: Бишкек шаарынан, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Баткен дубандарынан келген алтын сертификат ээлери олтурасыңар. “Эр эмгегин жер жебейт” деген макал сыңары, көз майын коротуп талбай окуп, катуу даярдыгыңардын акыбети ушинтип кайта баштады десек болот.

Албетте, силердин ийгилигиңер бул турмуш жолундагы жетишкендиктериңердин башаты гана! Бирок башаты дегенибиз менен, бүгүнкү ийгилигиңер өмүр жолуңарда туура жол табууга шам чырак болуп берери турган иш.

“Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт элибиз. Анын сыңарындай, силердин бул ийгилигиңер мындан аркы байсалдуу жолуңарды улай турган, көзүңөрдү ачып, дүйнө таанымыңарды кеңейте турган, ата-энеңердин жана Ата Мекендин үмүтүн актай турган инсан болуп калыптанышыңарды шарттай турган ачкыч болуп берсин деп тилек кылам.

Кымбаттуу мекендештер!

Бүгүнкү ийгиликтин шарапаты менен бүтүрүүчүлөрүбүздү мындай натыйжага жеткирген тараптарга: окуучуларыбыздын ата-энелерине, окуткан мугалимдерине ыраазычылыгымды билдире кетейин. Бул жылкы ЖРТнын жыйынтыгын байкасаңыздар керек, эң жогорку балл 234 баллга чыкты. Демек, өлкөбүздө жыл өткөн сайын балдардын терең билим алышына катуу көңүл бурула баштады десек болот. Башкача айтканда, жыл өткөн сайын, ата-энелер балдарынын билим алуусуна инвестиция салуунун артыкчылыктарын аңдап-түшүнө баштаганы мени абдан кубандырат. Ата-энелер балдарынын келечегин бир эле билим берүү мекемелерине түртө салбай, өздөрү да киришип, үйдөн катуу көзөмөлдөп, ар тараптан колдоого алып жатышканын бүтүндөй бир өлкөнүн келечеги үчүн кам көргөн нукура атуулдук аракет катары эсептөөгө болот.

Ошону менен бирге ЖРТнын жыйынтыгында “мыкты” деп табылган балдарыбыздын ийгилиги, албетте, мектептердин, билим берүү мекемелеринин аракетинин аркасында жаралып жатат. Мындай түмөн түйшүктүү мээнетти эч ким талаша албайт. Тестирлөөдө эң мыкты балл алган окуучулардын мектептери жалпы республика аймагындагы билим берүүнүн көрсөткүчү болбошу мүмкүн. Бирок, мыкты ийгиликтерди жараткан, орто балл алган балдар боюнча мониторинг, анализ кылганда деле дал ушул мектептер алдыга озуп чыгаарына менин эч шегим жок. Анын үстүндө коомчулуктун пикирлерин эске алганыбызда деле дал ушул №12, №24, №61, №67, №70 жана башка мектептерде билим сапаты жогору экени, балдарын ушул мектептерде окутсам деген ата-энелердин арзуу-тилеги арбын экени мага да маалым. Ал эми бул ЖРТ системасы өлкөбүзгө киргени биринчиликти колдон чыгарбай, эң жогорку баллды камсыз кылып келаткандардын 90%ы “Сапат” билим берүү мекемелеринен билим алган балдар экенин ар жылкы ЖРТнын жыйынтыгы тастыктап келет. Муну акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз кажет. Алыс барбай эле быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын алсак, 58 окуучунун 13ү дал ушул билим берүү мекемесин бүтүргөндөр экен. Мен бул жерде бир гана ЖРТнын жыйынтыктары боюнча айтып жатам. Болбосо, ар кайсы предметтер, айрыкча азыркы учурда өтө орчундуу болуп турган СТЕМ багытындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда дагы дал ушул “Сапаттын” окуучулары байгелүү орундарды багындырып келе жатышканын угуп, сыймыктанып калам.

Мен булардын баарын жөн жерден айтып жаткан жерим жок. Бүгүнкү күндө өзүңүздөр билгендей, өлкө боюнча кесипкөй адистердин, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы бар экени баарыбызга жакшы маалым. Бул үчүн мектептерден, билим берүү мекемелеринен билим пайдубалын бекем түптөп, андан ары жогорку окуу жайларды ийгиликтүү бүтүргөн билимдүү жаштардын арбын болушу талап кылынууда.

Мындан улам, мамлекет “Эл үмүтү” стипендиясын уюштурду. Жогорку окуу жайларын бүтүрүп, билимин андан ары чет өлкөлүк атактуу университеттерде улантам деген таланттуу жаштарыбызды моралдык, материалдык жактан колдоп келе жатабыз.

Мен бүгүнкү алтын сертификат ээлерин таптаган мектептерге, алардын эмгек жамааттарына чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Түмөн түйшүккө карабай, өлкөнүн келечек муунун даярдап чыгууда көп мээнет жумшаган агай-эжейлерибиздин эмгегин баалабай да, барктабай да коюуга акыбыз жок.

Билим берүү – мамлекеттик саясаттын эң жогорку мааниге ээ болгон тармагы. Кыргызстандын ар бир жараны терең билим алуусу зарыл. Мектеп жашында терең билим алуу менен бирге, эне тилин, баба наркын жакшы билген, ата тарбиясы менен эне адебин көргөн балдарыбыз көп болушу керек. Ошондо коомубузда мекенчил жаштарыбыз арбыйт. Ал эми мекенчил жаштарыбыз өз өлкөсүн өнүктүрүүнүн түрдүү жолдорун издешет жана көздөгөн максаттарына жете билишет. Ошондо коомубуз өнүгөт, маданиятыбыз өсөт, мамлекетибиз алдыга жылат.

Урматтуу алтын сертификат ээлери!

Азыркы кезде Кыргызстаныбыз өнүгүү жолуна аяк басты. Бул учур өтө маанилүү, өтө жооптуу учур. Дал ушул этапта – талпынып там-туң басып келаткан мамлекетибизди андан ары жетелеп кетүүдө чыныгы кесипкөй кадрлардын ролу абдан чоң болот. Мына ошондуктан биз силерди Кыргызстандын келечеги катары көрөбүз. Силерден Ата Мекениңер, жалпы журтуңар көптү үмүттөнөт.

Элибиздин үмүт-тилегин актайт деп мен силерге бекем ишенем.

Мындан аркы жолуңар байсалдуу болсун!

Ак жол силерге, урматтуу бүтүрүүчүлөр!».

Мамлекет башчысы эң жогорку балл алган балдардын ийгилиги балдардын өздөрүнүн гана эмес, мугалимдеринин, ата-энелеринин да ийгилиги экенин баса белгиледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА,

Кабыл МАКЕШОВ “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер