ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ТУРУ БАШТАЛДЫ
- 25.12.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына КР жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо башталгандыгын маалымдайт.
Абитуриенттерди биринчи турга каттоо https://2020.edu.gov.kg/universities сайты аркылуу төмөндөгүдөй графикте жүргүзүлөт:
- 25-27-декабрь – талапкерлерди каттоо;
- 27-декабрь саат 14:00 – каттоону аяктоо;
- 28-декабрь саат 9:00го чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу;
- 28-30-декабрь саат 16.00го чейин – ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги тууралуу толугу менен — https://edu.gov.kg/posts/2338/
Бөлүшүү
Комментарийлер