ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ЭТАБЫ 26-ДЕКАБРДА БАШТАЛАТ

  • 21.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин “2022/2023-окуу жылына кышкы кабыл алуунун алкагында абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө” буйругу бекиди.

ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ЭТАБЫ 26-ДЕКАБРДА БАШТАЛАТ

Ага ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы 2022-жылдын 26-декабрынан 31-декабрына чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2022-жылдын 29-31-декабры саат 16:00.

Кышкы кабыл алуунун экинчи этабы 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин уланат.

Экинчи этап үчүн конкурска катышууга талапкерлерди каттоо 9-январда башталып, 11-январь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 12-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 12-14-январы саат 16:00.

Кышкы кабыл алуунун үчүнчү этабы 2023-жылдын 16-январынан 18-январына чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 19-21-январы саат 16:00.

Кышкы кабыл алуунун төртүнчү этабы 2023-жылдын 23-январынан 28-январына чейин созулат.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 23-январда башталып, 25-январь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 26-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу 2023-жылдын 26-28-январы саат 16:00го чейин.

ЖОЖго окууга болгон каалоосун тастыктаган абитуренттердин  жалпы тизмеси  бардык турлардын  кабыл алуу жыйынтыгы боюнча Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна ырастоо үчүн жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер