ЖОЖдорго кабыл алуунун экинчи туру башталды

  • 22.07.2024
  • 0

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун экинчи туру 22-июлда башталып, 24-июлга чейин уланат. Абитуриенттер документтерин “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык  системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz  аркылуу аралыктан тапшыра алат.

ЖОЖдорго кабыл алуунун экинчи туру башталды

Бул системада бардык ЖОЖдордун тизмеси, окуу формасы, төлөм акысы жайгаштырылган. Система жөнөкөй иштелип чыккан. ЖОЖ тандоо, катталуу маалыматы видеоролик аркылуу көрсөтүлгөн. Талап кылынуучу документтердин тизмеси камтылган. Мисалы, сайтка кирип сертификатта көрсөтүлгөн номери жана ЖРТга катталган өздүк номери жазылат. Эгерде бардыгы туура болсо, жеке кабинетке кирүү үчүн уюлдук телефонго сыр сөз келет. Аны менен жеке кабинетке кирип, документтердин тизмесин толтуруп, катталат. Ким, кайсыл убакта катталганы система аркылуу баарына ачык-айкын көрүнүп турат.

Эгерде абитуриент кандайдыр бир себептер менен онлайн катталуу жүргүзө албаса, тандаган жогорку окуу жайынын кабыл алуу өнөктүгүнө кайрылып, жардам алса болот.

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталып, 5 тур менен өтөт. I тур – 15-июлдан 17-июлга чейин жүргүзүлсө, II тур – 22-июлдан 24-июлга, III тур – 29-июль 31-июлга, IV тур – 5-августтан 7-августка,  V тур – 12-августтан 14-августка чейин өтөт.

Бардык этаптар боюнча абитуриенттерди каттоо саат 14:00 чейин жүргүзүлөт. 14:00дөн кийин каттоо токтотулуп, системага окууга кабыл алгандардын тизмеси жарыяланат. Абитуриент сөзсүз түрдө окуу жайда окуу каалоосун тастыктоосу керек. Эгерде тастыктаса, окууга кабыл алынып, кийинки турларга катышуу укугунан ажырайт. Эгерде тастыктабаса, анда ал ваканттык орун катары табылып, кийинки катышуучуга берилет.  Ар бир турда абитуриент конракттык негизде окууга бир, бюджетке бирден талон сала алат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер