ЖОЖ ректорлору менен кеңейтилген жумушчу жыйын өттү
- 26.03.2026
- 0
2026-жылдын 25-мартында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жайлардын ректорлору менен кеңейтилген жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйын И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтүп, аны министр Гульзат Исаматова алып барды.

Жыйынга министрдин орун басарлары, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты. Аймактардагы ЖОЖ жетекчилери иш-чарага онлайн форматта кошулду.
Кеңешменин жүрүшүндө жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүнүн учурдагы реформалары талкууланды. Атап айтканда, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү шартында мамлекеттик билим берүү стандарттарын жаңылоо, даярдоо багыттарынын тизмесин кайра карап чыгуу жана билим берүү программаларын заманбап талаптарга ылайык жаңылоо маселелери каралды.
Мындан тышкары, илим тармагындагы актуалдуу маселелер көтөрүлүп, илимий потенциалды өнүктүрүү, изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана илим менен билим берүүнүн байланышын чыңдоо тууралуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле ЖОЖдордо негизги көрсөткүчтөр системасын (KPI) киргизүү, окуу-методикалык бирикмелердин ролун күчөтүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында билим берүү системасын санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле 2026–2030-жылдарга жогорку билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору жана 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагындагы негизги багыттар каралды.
Жыйындын соңунда министр Гульзат Исаматова жогорку билим берүү системасын модернизациялоонун, окутуунун практикалык багытын күчөтүүнүн жана илим, билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындай жолугушуулар мындан ары өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларда көчмө форматта өткөрүлөрү айтылды.
Жыйынтыгында жогорку билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар артыкчылыктуу милдеттер аныкталып, тиешелүү тапшырмалар берилди.




















Комментарийлер