ЖОГОРКУ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО

  • 26.02.2025
  • 0

ЖОГОРКУ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО

25-февралда, Билим берүү жана илим министрлигинде 12 жылдык жалпы орто билим берүү системасына өтүү контекстинде жогорку жана орто кесиптик педагогикалык билим берүүнү реформалоо боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чарага окуу-методикалык бирикмелердин, окуу-методикалык кеңештердин өкүлдөрү, ошондой эле педагогикалык факультеттердин кафедра башчылары катышты.

ЖОГОРКУ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО

Жыйындын алкагында педагогикалык билим берүүнү реформалоо боюнча Жол картасы талкууланды. Катышуучулар окуу программаларын жаңылоо, окутуунун заманбап методикаларын киргизүү жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча негизги маселелерди каралды. Жана жогорку кесиптик билим берүүнүн жана педагогикалык багыттар жана адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

 

ЖОГОРКУ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО

Бөлүшүү

Комментарийлер