Кесиптик билим берүүдөгү өнүгүүлөр

  • 01.12.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында  КР Билим берүү жана илим министри  Д.Ш. Кендирбаева “Башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү” боюнча баяндама жасады.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 32,8 миң окуучу билим алган 100 кесиптик лицей, 108,1 миң студент кабыл алган 142 колледж жана 227,5 миң студент кабыл алган 61 жогорку окуу жайы бар.

Ыкчам маалыматтар боюнча 2023-2024 – окуу жылына карата-100 кесиптик лицей жана 32,7 миң окуучу, 157 колледж жана 99 миң студент, 78 ЖОЖ жана 221 миң студент.

 

Башталгыч кесиптик билим берүү

Кадрларды даярдоонун энергетика, жеңил өнөр жай, электр энергетикасы, IT, кол өнөрчүлүк жана коомдук тамактануу, тейлөө, металл иштетүү, курулуш сыяктуу тармактарында жаңы инклюзивдик окуу пландары жана программалары иштелип чыккан. 2 жылдын ичинде 80 иш берүүчү уюмду тартуу менен дуалдык билим берүүнү киргизген кесиптик лицейлердин саны 11%дан 40%га чейин өстү. Окуу мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга кыскартылды.

  • Эл аралык эмгек рыногу үчүн кадрларды даярдоо максатында — биргелешкен кесиптик лицейлерди (Кыргыз-Индия, Кыргыз-Орус, Кыргыз-Өзбек) түзүү боюнча макулдашуулар иштелип чыкты:
  • Заманбап эмгек рыногунун талаптарына системаны ыңгайлаштыруу максатында — 3 кесиптик лицейде, жаштарга багытталган, мигранттарды колдоо Борборлору ачылды (18 электрондук окуу модулдары (микрокурстар) иштелип чыккан, алардын өзгөчөлүгү – 24/7 онлайн режиминде жеткиликтүү). Мындан тышкары, 10 кесиптик лицейдин базасында 10 миграцияга чейинки даярдоо Борборлору түзүлдү.
  • Формалдуу эмес билим берүү тармагында алынган көндүмдөрдү таануу максатында КР БИМ алдында Көз карандысыз сертификация жана валидация Борбору түзүлдү.
  • Жогорку кесипкөй башкаруу командасын түзүү максатында кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилерин конкурстук тандоонун, аттестациялоонун уюштуруу жана өткөрүү механизми иштелип чыкты.
  • IT чөйрөлөрүндө башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейин түзүү үчүн ченемдик укуктук база иштелип чыкты, ал жаңы IT-кесиптерге окутууну камсыз кылат: Front-end-иштеп чыгуучу; backend-иштеп чыгуучу; системалык администратор (киберкоопсуздук); машина курууну-(роботехниканы) иштеп чыгуучу. Бул кесиптик лицей толук каржылык жана академиялык эркиндикке ээ болду.

Кесиптик билим берүүдөгү өнүгүүлөр

Башталгыч кесиптик билим берүү

  • Биздин алдыбызга кадрдык курамды жаңылоо боюнча маанилүү милдет коюлган. Бул дароо жетектөөчү кадрларды тандоодо көйгөйлөрдү аныктады. Психометрикалык баалоо боюнча бул орточо кыйынчылык тесттери болсо да – тандоонун 1-этабында 46 бош орунга 138 талапкер катышып, алардын ичинен 5 адам босого баллдан өтүп, 3 гана адам маектешүүгө кабыл алынган. 2023-жылдын 29-ноябрындагы кезектеги тестирлөөгө 153 адам катышып, алардын ичинен 9 адам босого баллдан өткөн.
  • Мындай жыйынтыктарды эске алуу менен биз Кадрлардын Улуттук педагогикалык резервин түзөбүз жана жетекчилик курамды даярдоо боюнча иштерди жүргүзөбүз.

 

Орто  кесиптик билим берүү

  • Киреше алып келүүчү иш үчүн шарттарды түзүү боюнча — Тармактык өнөктөш иш берүүчүлөр менен пилоттук билим берүү мекемелеринин ортосунда өнөктөштүк келишимдери түзүлүп, ишке ашырылууда (жалпысынан 128 ашык меморандумга кол коюлган).
  • Социалдык өнөктөштүк боюнча колдонмолор, колледждерде киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү калыптандыруу Концепциясы иштелип чыккан, жана ар бир Алдынкы Тажрыйба Борборлорунда окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлөт, алардын алкагында билим берүү мекемелери калкка кызмат көрсөтө алат жана кошумча каржы булагы катары товарларды сата алат.

Кесиптик билим берүүдөгү өнүгүүлөр

Жогорку кесиптик билим берүү

  • Өзгөчө макамдагы 5 жогорку окуу жайы боюнча Президенттин Жарлыгы ишке ашырылып, жыйынтыктары боюнча ЖОЖдор өз жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн БИМдин коллегиясында көрсөттү.
  • Өзгөчө макамдагы бар жождордун бир жыл ичиндеги өзгөчө жетишкендиктеринин арасында төмөнкүлөр бар:
    • И.Раззаков атындагы КМТУ жана И.Ахунбаев атындагы КММА Азия рейтингиндеги 856 жождун арасынан алдыңкы 351-400гө кирди.
    • ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги университеттердин эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүккө кирди
    • И.Раззаков атындагы КМТУнун, Баласагын атындагы КУУнун бюджети 1 миллиард сомго чейин өстү. КММАнын бюджети 1 миллиард 400 миллион сомго жетти
    • Министрликтин атайын буйругу менен 2023-жылдын ноябрында өзгөчө макамдагы жождор билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мектептерди көзөмөлгө алышкан.

Кесиптик билим берүүдөгү өнүгүүлөр

ЖРТнын босого баллын жыл сайын жогорулатуу маселеси иштелип жатат.

  • Азыр педагогикалык багыттар боюнча босого балл 5ке жогорулады. Бардык иш-аракеттердин аркасынан ЖРТнын орточо баллы 2 жогорулады. Кийинки жылы бюджеттик багыттар боюнча орточо балл 123 тартибинде болушу керек.
  • Педагогикалык багыты бар жождор азыр 740 адам болгон мугалимдердин жетишсиздиги маселесин чечүүгө багытталат. Орус тилин билген мугалимдерге болгон муктаждыкты эске алганда – өзгөчө роль Ельцин атындагы КРСУга таандык болот.
  • Ар кандай форматтардын интеграциясын — сапаттуу мугалимдер менен алмашуу үчүн университеттер менен мектептердин өз ара аракеттенүүсүн, кесиптик лицейлерде жана колледждерде башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн, илим менен практиканын интеграциясын камсыз кылуу зарыл. Эмгек рыногуна багыт алууну камсыз кылуу абдан маанилүү.
  • Республиканын жогорку окуу жайлары үчүн Дүйнөлүк Банктын 25 миллион долларлык долбоору иштелип чыкты. Долбоор инновацияларга жана прикладдык изилдөөлөргө, алдыңкы тажрыйба борборлорун жана изилдөө хабдарын, «инноватор – ЖОЖдорду»түзүүгө багытталат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер