ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНА ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗИЛДИ

  • 17.01.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 1815/1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына толуктоолор киргизилди.

Атап айтканда, бүтүрүүчүгө “магистр” квалификациясын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталды:

570200Музыкалык искусствомагистр
570300Театралдык искусствомагистр

Тиешелүү буйрукка министрдин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен бул жерден тааныша аласыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер