ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООСУНА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН КАТЫШУУ КӨРСӨТКҮЧҮ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

  • 01.12.2025
  • 0

Кыргызстан эгемендик алгандан берки тарыхында 8-чакырылыштагы Жогорку Кеңешти шайлады. Бул ирет парламенттик шайлоо жаңы мыйзамга ылайык бир мандаттуу округдардын негизинде өткөрүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого жалпы 4 294 243 шайлоочунун ичинен 1 584 446 жаран добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түзөт.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООСУНА ШАЙЛООЧУЛАРДЫН КАТЫШУУ КӨРСӨТКҮЧҮ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

2021-жылдагы шайлоого салыштырмалуу добуш бергендердин саны 351 873 шайлоочуга көп, башкача айтканда, катышуу 28,6 пайызга өсүш көрсөткөн.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, бул шайлоодо аралыктан добуш берүү механизми кенен колдонулуп, ага 116 миңге жакын жаран катышкан. Анын ичинен

26 миңден ашууну чет өлкөлөрдө, ал эми 90 миңге жакыны Кыргызстандын аймагында туруп добуш беришкен.

“Бул жолу шайлоочулардын аралыктан добуш берүүгө болгон ишеними кыйла жогорулады. Бул — шайлоо процессин санариптештирүүнүн ийгиликтүү үлгүсү жана технологиялык өнүгүүнүн көрүнүктүү жыйынтыгы”, — деди Бекматов.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер