ЖККУ Кыргызстандын окуу жайлары менен кызматташууга кол койду

  • 11.09.2024
  • 0

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) катчылыгы менен Кыргызстандын билим берүү уюмдары жана мекемелери 10-сентябрда кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

ЖККУ Кыргызстандын окуу жайлары менен кызматташууга кол койду

Аталган келишимге Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, ошондой эле Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети кол койду.

Макулдашуулар  илимий-изилдөө, укуктук, гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүгө жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер