ЖЕТКИНЧЕКТЕРГЕ «МАНАСТЫ» ТААНЫТКАН «ЖЕТКИНЧЕК»
- 09.02.2026
- 0
Кыргыз элибизди ааламга улуу эл экендигин далилдеген «Манас» эпосубуз эмеспи. Аны дүйнө эл таң калуу жана суктануу менен кабыл алып жатканда келечек ээлери болгон жаш муундардын аң сезимине эпосту сиңирүү — учурдун эң негизги милдети экендиги баарыбызга белгилүү.

Бул милдетти туура түшүнгөн биздин жамаат ар дайым көңүл борборунан чыгарбай келебиз. Биздин жамаат демекчи, Аксы районундагы А.Шырдаков атындагы «Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюмунда наристелерге эпос жөнүндөгү алгачкы маалыматтар берилип, андан ары аны балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша окутуу колго алынган. Буга «Манас таануу» сынагынын республикалык турунда байгелүү 3-орунду ээлегендигибиз далил боло алат деп ойлойм.

Балдарга билим, тарбия берүүдө эпосубуздан мисалдарды өз орду менен натыйжалуу пайдаланып, элибиздин нарк-насили, үрп-адаты, кол өнөрчүлүк менен улуттук баалуулуктары да камтылат. Бул багытта бизге ата-энелер да жардамга келип, биргеликте иш алып баруу жакшы жолго коюлган. Быйыл да жогоруда аталган сынакка жигердүү катышууну максат кылып, даярдыктар жүрүүдө. Буйруса, былтыркы ийгиликтер кайрадан жаралат деген ишеничтебиз.

ЖАКЫПОВА Айзирек
Аксы району,
А.Шырдаков атындагы
«Жеткинчек» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы
Комментарийлер