ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” — МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

  • 18.08.2023
  • 0

«Кут Билим» гезитинин 70, «Эл агартуу» журналынын 95, «Русский язык в школах Кыргызстана» журналынын 65 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык педагогикалык конференция Жети-Өгүз районундагы Д.Иманов атындагы орто мектебинде өттү.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

Конференциянын максаты – мезгилдик басылмалардан керектүү маалымат алуу менен бирге мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу үчүн методикалык иштелмелерди талкулоо.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

ГЕЗИТ БЕТИНЕ ЧЫГУУ СЫЙМЫК

Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев бир кылымга тете убакыттан бери агартуучулардын эмгегин чагылдырып келген гезиттин ишмердүүлүгү туууралуу айтып, гезит бетинен орун алуу мугалимдер үчүн чоң сыймык экендигин баса белгиледи.

  • Юбилейлик даталарга арналган конференция Жети-Өгүз районунда өтүп жатканына абдан кубанычта болуп турабыз. “Кут Билим” гезити жарым кылымдан ашык убакыттан бери мугалимдердин иш тажрыйбасын, жашоосун чагылдырган бирден бир гезит экендигин агартуу тармагы жакшы билебиз. Гезиттин эмгек жамааты менен жакындан тааныштык. Жашарып, чоң медиа борборго айланганы бизди кубандырды. Жети-Өгүз районунда эмгектенген 2500 дөн ашык мугалим-тарбиячынын ишмердүүлүгү гезит бетинде чагылдырылып туруусун каалайбыз жана бул үчүн байма-бай кызматташуубузду улантабыз. Конференция жемишин берерине ишенем! Биз, максатка бирге жетебиз!, — деди Максат Асанкожоев.

 

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

20, 30 ЖЫЛДАН КИЙИН ДА КООМДО ОРДУ БАР ИНСАНДАРДЫ ТАРБИЯЛАШЫБЫЗ КЕРЕК

“Кут Билим” гезитинин башкы редактору Майрамбек Токторов мугалимдин кадыр-баркын көтөрүүдө, көйгөйүн чагылдырууда чоң мааниге ээ болгон, билим берүүнүн, илимдин реформасын 70 жылдан бери таамай чагылдырып келаткан “Кут Билим” гезити кыргыздын патриот уулу Искак Разаковдун демилгеси менен түзүлгөнүн айтып, “Мугалимдерге жардам” деген ат менен чыкканына токтолду. Ошондой эле үч саны редакторсуз жарык көргөнүн, бир канча басылмалар жабылганда да ордун жоготпой иштеп келе жатканын баса белгиледи. Гезит менен мугалимдер бир туугандай ынак мамиледе болуп, биргеликте билим берүү тармагында көп жаңылыктарды жаратарын кошумчалады.  

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

  • Быйылкы тарыхый даталарда гезит-журналдарыбыздын башын бириктирип, “Кут Билим” медиа борборун негиздедик. Юбилейлик жылыбыз билим берүү тармагындагы кардиналдуу өзгөрүүлөргө, чоң кадамдарды жасай турган учурга туш келди. Жалпыга маалым болгондой, быйыл билим берүү тармагында чоң иш-аракеттер жүрүүдө. Билим берүү мыйзамына да заманга ылайык өзгөртүүлөр киргизилди. Себеби заманыбыз ошого түртүүдө. Бүгүнкү технология эртең эскирип калган заманда жашап жатабыз. Балдарды  20, 30 жылдан кийин да коомдо орду бар адам кылып тарбиялашыбыз керек. Болбосо, биз билим, экономикалык дегеле бардык жактан артта калабыз. Мына, ошол себептен, мамлекет башкы приоритетти билимге, мугалимге  коюп жатат. Баланы тарбиялоодо үй-бүлөдөн кийин эле мектеп, мугалим чоң ролду ээлейт.  Мугалимдердей эле гезиттин миссиясы —  билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошуу, адам тарбиялоо.  Ал эми “Кут Билим” мугалимдердин бир тууганындай, ар бир иш процессинде жаздыкка жазданып жатып окуган, мугалимдин иш журналына айланган гезит болсо деген тилегибиз бар. Мугалимдин колдоосу бизге чоң дем-күч. Гезиттин мазмуну бийик, мугалимге тийиштүү маалыматтарга бай. Мындан улуу иш жок!, — деди Майрамбек Токторов.

Ошондой эле гезит менен тыгыз кызматташтыгы үчүн мектептин мугалимдерине Алкыш баракчаларын жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

ГЕЗИТТИН ФАНАТЫ

Облустук билим берүү институнун Мектеп менеджменти жана педагогика лабораториясынын башчысы Тамара Мамырова гезитти үзбөй окуган фанаты экендигин айтып, удаа келген юбилейлик даталар менен куттуктады.

  • “Кут Билим” гезитин биз, мугалимдер абдан сүйөбүз. Облустук мугалимдер “Гезит келдиби?” деп бири-бирибизден сураштырып, үзбөй окуйбуз. Ысык-Көл облустук билим берүү тармагында гезитти чын жүрөгүнөн өзгөчө сүйгөн окурманы Мамырова Тамара менен Жумабаева Гүлнур экөөбүзбүз. Кандай жагдай болсо да окуп, “Гезитте мындай деп жазылыптыр, жаштарга мындай насаат айтылыптыр” деп талкуулап, башкаларга үлгү катары көрсөтөбүз. “Кут Билим” – “Светлейший путеводитель”.  70 жылдан бери бардык жагынан гүлдөп, калемиңер да, тарбия, билим жагынан да курчуп турган мезгилиңер менен куттуктайбыз.   “Кут Билим” гезитинин жамааты келип, мектеп жамааты менен бетме-бет, жакындан таанышуусу абдан жакшы. Мындай кызматташтык бизди кубаттайт, күчөтөт, демилгелейт, жыйынтыгында дагы да көп ийгиликтер жаралат, — деди Тамара Мамырова.  

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

Тамара Мамрованын айтымында, республикалык “Мыкты мугалим” сынагындагы эң башкы критерийдин бири болуп “Кут Билим” гезитине чыккан макалалары эсептелет жана ага автоматтык түрдө “7” деген балл берилет.

 

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

БАСЫЛМАЛАРДАН БАГЫТ АЛГАН МЕКТЕП

Д. Иманов атындагы орто мектеби Жети-Өгүз районундагы үч чоң мектептин бири. Аталган мектеп 1919-жылдын 15-ноябрында негизделип, агартуучу Данаке Имановдун ысымы ыйгарылган. 1200 окуучу билим алат. 92 мугалим эмгектенсе, алардын жыйырма төртү “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси, 69 мугалим жогорку билимдүү, он алтысы атайын орто билимдүү.  100 жылдык тарыхында мектеп көп илимдин кандидатын, докторун, профессорлорду тарбиялап чыгарды. Алардын арасында илимдин кандидаты  95 жылдык тарыхы бар “Эл агартуу” журналынын башкы редактору Чолпон Кийизбаева да бар. 

Мектеп үч бөлүмдөн турат. Негизиси болуп Жети-Өгүз айылындагы  Д. Иманов атындагы орто мектеби саналса, Жети-Өгүз курортунда алтымыш окуучуга ылайыкталган мектеп жайгашкан. Мындан сырткары, 1-4-класска чейинки коррекциялык классы бар.  Аталган мектепке быйыл 88 пайыз менен Мээрим Жунушалиева директорлук кызматка келди.  

35 жылдык өмүрүн ушул мектепте мугалимдик кесипке арнап, анын 14 жылында директорлук кызматты аркалаган мектептин мурдагы жетекчиси Айнагүл Кадыркулова гезит мугалимдерге багыт көрсөткөн насаатчысы экендигин айтты.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

  • Гезит менен көп жылдан бери тыгыз байланыштабыз. Өзгөчө Айнагүл Кашыбаеванын гезитке чыккан ар бир макалаларын үзбөй окуп, “муну колдонсок болот экен, бул жерге өзгөрүү кириптир” деп педсоветтерде талкуулар элек. “Кут Билим сабак” менен Шайыр эжебиз көп жерлерди көрүп келди. Кесиптердин төрөсү мугалимдик кесипке багыттоочу болдуңуздар. Мугалимдер үчүн  “Кут Билимдей” гезиттин бар болгону чоң сыймык жана бул үчүн терең ыраазычылык. Мындан ары да кызматташтыгыбыз бекемделет, болгон ийгиликтерибиз менен бөлүшүүгө дайым ашыгабыз, — деди Айнагүл Кадыркулова.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “КУТ БИЛИМ” - МУГАЛИМДЕРДИН САЯПКЕРИ

Конференциянын соңунда, билим берүү басылмалары менен мугалимдер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, билим берүүдөгү педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларды билим берүү басылмаларына жарыялоо, “Кут Билим” медиа борбору аркылуу мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу, билим берүү уюму басылмалар менен бирдикте “PISA-2025» даярдык көрүү резолюциясы кабыл алынды.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер