ЖЕМКОРЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ЖЫЙЫНЫ

  • 20.01.2025
  • 0
 Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов баштаган жетекчилер Кызыл-Кыя шаарындагы КТЭУИ жана КГПИнин жалпы кызматкерлерине жана студенттерине билим берүү системасындагы жемкорлуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүштү.
ЖЕМКОРЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ЖЫЙЫНЫ
Жыйындын максаты — коррупцияга каршы күрөшүү жана аны болтурбоо, ошондой эле билим берүүдө сапатты жогорулатуу.
16-январда УКМК төрагасы К.Ташиевдин катышуусунда КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле ЖОЖдордун ректорлору, кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлору катышкан профилактикалык кеңешме өткөрүлгөн. Анын негизинде БатМУнун жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарындагы институттарга барып, коррупцияга каршы мыйзамдардын күчөткөн талаптарын жана кызматкерлер менен студенттерге жемкорлук менен күрөшүү боюнча биргелешип иштешүү керектигин айтып, кеңеш берди. Мындан сырткары, университеттин өзгөчө макамы жөнүндө дагы маалымат берилди.
ЖЕМКОРЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ЖЫЙЫНЫ
Февраль айынын ичинде мугалимдердин жана студенттердин катышуусун көзөмөлдөө үчүн face көзөмөл жабдыктарын орнотуу пландалып жатат. Бул чаралар кызматкерлердин жана студенттердин дициплинасын камсыздоо, мыйзам талаптарын аткаруу жана билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн жүргүзүлүүдө. Жумушка келбеген кызматкерлерге жана студенттерге көзөмөл күчөтүлүп, жалпы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштер улантылат.
ЖЕМКОРЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ЖЫЙЫНЫ
Мындан сырткары студенттердин жана мугалимдердин кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.
Бөлүшүү

Комментарийлер