Жеке менчик мектептер үчүн лицензиялоо толук электрондук форматка өттү

  • 08.12.2025
  • 0

Агартуу министрлиги жеке менчик мектептерди ачуу жана лицензиялоо тартиби түп-тамырынан жаңыланганын билдирди. Маалыматка ылайык, эми бардык процесстер толугу менен электрондук форматта жүргүзүлүп, мурдагыдай көп баскычтуу текшерүүлөр кыскартылды.

Министрликтин билдиришинче, мектептин уставын алдын ала макулдашуу талабы алынып салынды, лицензиялык комиссиялар жоюлду. Санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутундулар 3–7 күндүн ичинде берилет.

Мындан сырткары, лицензия алуу мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө чейин кыскарды.

Жаңы система жеке менчик билим берүү мекемелерин ачуу процесстерин жөнөкөйлөтүп, убакытты жана ресурстарды үнөмдөөгө багытталган.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер