Жеке менчик мектептер үчүн лицензиялоо талаптары боюнча семинар өттү
- 29.01.2026
- 0
28-январда Кыргыз Агартуу министрлиги “Түндүк” ААКтын Санарип билим берүү департаменти менен биргеликте Бишкек шаарындагы Bright International School жеке мектебинин базасында лицензиялоо талаптары боюнча семинар өткөрдү.

Иш-чарага Бишкек шаары жана Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы 150 жеке менчик мектептин жетекчилери катышты.
Семинарда “Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасында иштөө тартиби, санитардык нормалар, өрт коопсуздугу, квалификациялуу педагогдор менен камсыздоо, лицензиялык контролдун талаптары жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелери талкууланды.

Агартуу министрлигинин Лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгул Акулова лицензиялык талаптарды сактоо жеке менчик мектептер үчүн мыйзамдын милдеттүү талабы экенин белгиледи.
Мындай семинар 2026-жылдын 6-февралында Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жеке менчик мектептер үчүн да өткөрүлөт.



Комментарийлер