Жеңишке жеткен үч долбоор

  • 12.03.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбордо 2025-жылдагы «Студенттик стартап» пилоттук программасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Жеңишке жеткен үч долбоор

Аталган конкурска  республика боюнча тандалган 10 мыкты студенттик стартап-долбоор катышып,  Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери үч долбоору жеңишке жетти.

Жеңүүчү болгон долбоорлор:

  • Аутизм жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана эмоционалдык таанып-билүүсүн өнүктүрүү борбору — 450 000сом;
  • Digital Osh — 1000 000 сом;
  • Kids Web Kyrgyzstan — 430 000 сом.

Жеңишке жеткен үч долбоор

Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышып, студенттердин инновациялык демилгелерин колдоо — өлкөдө илимди, технологияны жана жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн маанилүү багыты экенине токтолду.

Аталган иш-чарага КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков да катышып, «Студенттик стартап» программасынын уюштурулушу студенттер үчүн чоң дем-күч берерин баса белгиледи.

«Бул долбоор өлкөбүздө алгач ирет демилгенип атат. Студент жаштардын жаңы инновациялык идеяларды иштеп чыгуусуна жана аларды практикага киргизүүсүнө эргүү берет деп ишенем. Сертификаттарды тапшыруу аземин жогорку деңгээлде уюштурган министрликке жана инновациялык фондго терең ыраазычылык билдирем,»- деди ректор А.Мамасыдыков.

Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү болгон бардык командаларга өз долбоорлорун ишке ашырууга гранттык колдоонун сертификаттары тапшырылды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер