ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: «АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК»

  • 23.07.2024
  • 0

ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"Баткен облустук «Сый Урмат» ардагерлер кеңешинин  жана «Мекенди коргоочулар» коомдук Ардагерлер бирикмесинин төрагасы Эшанкулов Жайлообай Газыбекович негизи аскер адамы. 1995-жылдан 2000-жылга чейин  Ички иштер министрлигинде милиция кызматкери,  2000-жылдан 2002-жылга чейин Коргоо министрлигинде, 2002-жылдан 2010-жылга чейин Ички иштер министрлигинин ички аскерлер курамында кызмат өтөгөн.  Баткен облустук күч түзүмдөрүнүн ардагери учурда 63 жашта болсо да күүлүү-күчтүү.

ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"Баткен коогалаңдарында мекен үчүн күжүрмөн кызмат өтөгөн Жайлообай Газыбековичтин демилгеси менен Баткен жана Ош облустарындагы бир нече мектептеринде 11-класстар үчүн аскерге чейинки  даярдык класстарын ачкан. Ар бир мектеп окуучусу өз мекенин сүйүүгө, жоокердик күжүрмөн кызмат өтөөгө милдеттүү. Ошондуктан, болочок мекенди коргоочулар мектептерден алгачкы аскердик даярдыктардан өтүшү керек деп эсептеген Жайлообай Газыбекович менен биз бул багытта баарлаштык.

-Жайлообай Газыбекович, Сиз мектептерде Аскердик даярдык боюнча окутууларды киргизүү боюнча да демилге көтөрүп жүрөсүз. Анын себебин кененирээк айтып бересизби?

-Мен Баткен коогалаңдарынын катышуучусумун. Ошондой кырдаалда мекенибиздин ар бир эр азаматы аскердик тартип менен кошо аскердик курал-жарак жөнүндө жок дегенде түшүнүгү болуш керек. Бекеринен СССРдин тушунда аскердик даярдык боюнча окууларды мектеп жашынан эле окутпаган да. Биз дагы ошол доордо эки жыл бою мектептерде аскерге даярдык боюнча атайын сабактарды окуп, мекенди коргоо ыйык милдет экенин түшүнүп, курал-жабдыктар менен таанышып, аны колдонуу боюнча түшүнүккө ээ болгонбуз. Турмуш көрсөткөндөй, мындай зарылчылыктардан улам,  бир топ жылдан бери мектептерде аскерге чакыруу даярдыктары боюнча атайын сааттар киргизилсин деп сунуш кылып келаткан элем. Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-февралындагы № 87 токтому менен бекитилген. ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"Анда орто жалпы билим берүү жана орто кесиптик билим берүүчү кесиптик окуу жайларда негизги окуу программасына жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча окуу предмети киргизилген.  Мында аскердик милдет, аскердик кызматтын мааниси жана ошондой эле куралдуу күчтөрдүн аскердик антын жана аскердик уставдардын талаптары, куралдуу күчтөрдүн мааниси жана түзүлүшү тууралуу окушат. Бирок адистердин жетишсиздигинен, класстардын жабдылбаганынан максатына жетпей келүүдө.Ошондуктан бул демилгени колго алып,Ош жана Баткен облустарындагы айрым мектептерге аскерге чейинки  даярдык класстарын ачтык.

-Ош, Баткен облустарындагы бир канча мектептерде мекенчилдикке тарбиялоо боюнча класстарды ачып, демөөрчүлүк кылып келген жактарыңызды уктук. Ушулар жөнүндө да айта кетесизби?

ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"-Жалпысынан алганда эки облуста 13 Аскерге чейинки даярдоо  класстарын демөөрчүлөрдүн  жана өзүбүздүн  кошумча салымыбыз  менен ачтык. Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов атындагы №9 орто мектебинде, Кадамжай району боюнча Молдо Нияз,  Баткен районунда болсо Ж.Эркебаев орто мектептеринде, Кадамжай району А.Торалиев орто мектебинде, Кызыл-Коргон орто мектебинде, Таиров орто мектебинде, Исфайрам орто мектеби, Үч-Коргондогу Жоми орто мектебинде  ачылды.

Ош облусу боюнча Ноокатта Кеңеш орто мектебинде, Чоң-Алайда Саид атындагы орто мектептеринде, Кара-Суу районундагы Өмүрзаков орто мектеби, Агартуу орто мектебине, Араван районунда Эгенов орто мектебинде аскерге чейинки  даярдык класстары иштей баштады. Ушул иш-чараларга чейин 2011-жылы Республикалык  Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы К. Баев түзгөн кеңешменин Баткен облусу боюнча бул уюмдун жетекчиси болуп шайланган элем. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаевге кат жолдоп, ошонун негизинде Кызыл-Кыя шаардык аскер комиссары Мирланбек Султанов  колдоп, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында  алардын демөөрчүлүгү менен аскердик чалгындоо (БРДМ) машинасын өчпөс от аллеясына орноткон элек.

ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"Дагы бирөөнү эле мисал катары айтайын.Канзат Шакирова жетектеген А.Торалиев атындагы орто мектебинде Ооган согушунун ардагери, Баткен коогалаңынын катышуучусу Салымжан Имамбаевдин ысымына арналган “аскерге чейинки даярдоо” каанасынын ачылуу аземин май айында өткөрдүк. Мында Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин төрагасы,Мекенди коргоочулар коомдук бирикмесинин орунбасары Алмазбек Шарапов да окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоого салым кошкондорду эстелик медалдар, грамоталар менен сыйлады. Иш чарага Бишкектен келген “Сый-Урмат” ардагерлер кеңешинин Сокулук районундагы Жаңы-Жер аймактык төрагасы Узакбай Исмаилов да катышып, демөөрчүлөргө жана Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине, мектеп мугалимдерине, Эл аралык “Сый-Урмат” коомдук бирикмесинин президиумунун төрагасы, эл аралык “Генералдар тынчтык үчүн” коомдук бирикмесинин вице-президенти,полковник Советбек Арбаевдин атынан эстелик медалдарды, грамоталарды ыйгарды.

Мындай класстарды ачууда мекенди коргоодо үлгү, өрнөк катары таанылып, баатырларча курман болгондор жөнүндө кеңири баяндалып, аскерге чейинки машыгуулар, аскердик тартип боюнча сабактар өтүлөт. Мындай сабактарды албетте, аскердик чини, билими бар же аскерде кызмат өтөгөн адистер тарабынан өткөрүлгөнү максатка ылайыктуу болот. Биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз, жакынкы күндөрде дагы бир катар мектептерде мекенчилдикке тарбиялаган аскердик чейинки даярдоо класстарды, усулдук канааларды ачабыз.

— Мектептеги аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалимдеринин кесиптик деңгээли тууралуу айтып берсеңиз?

ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"— Мугалимдердин кесиптик деңгээли тууралуу айта кетсем, мектептеги штаттык кыскартуулардын натыйжасында аскерге чейинки даярдыкты окутуучу адис да кыскарып кеткен. Акыркы  жылдарда бул тутумду жакшыртуу маселеси Президент жана Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы тарабынан көтөрүлүп жатат. Тиешелүү тапшырмалар да берилгени менен бул кесипти жогорку деңгээлде билип, адистешкен мугалимдер дале жетишсиз. Биринчиден, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болуп турат.

Негизи жогорку окуу жайларынын базасында, тактап айтканда, Кыргыз  мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын же Ош мамлекеттик университетинин базасында аскерге чейинки даярдык адистиги боюнча запастагы офицерлерди окутуу нормативдик ченемин аталган мыйзамга киргизүү керек.

ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы аскер бөлүктөрүндө август айында мугалимдердин квалификациясын көтөрүү боюнча бир жумалык сабак өтүлүп, практикалык жыйындар болуп жүргөнү максатка ылайыктуу.  Ал жакта ок атуу, саптык жүрүш боюнча сабактар болуп, аскердик бөлүк ичиндеги курал жарактар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Биз дагы колдон келген жардамдарды берип, кеп-кеңештерибизди айтып турабыз. Чынында эле  кадр жетишпестигинен жана маянанын аздыгынан улам туруктуу бир мугалим бекитилбегендиктен сабак максатына жетпей калууда.

— Запастагы офицерлер, жогорку педагогикалык билими бар сержанттар же жоокерлер, ишке тартылып, кадр маселеси чечсе болобу?

ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"-Кадр маселеси боюнча аскерден кийин пенсияга чыккандардын көбү иштегиси келбейт, эмнеге дегенде айлык маянасы аз. Аз айлык алганы үчүн мугалимдер келбейт экен. Башка сабактан берген мугалимге берип койсо, алар бул тармактын өзгөчөлүктөрүн, армияга даярдык жана куралдарды колдонууну билишпейт. Анан алар кантип окуучуларга сабак өтүшөт.  Ошондуктан аскерге чейинки даярдоо боюнча сабактарды берүүгө запастагы офицерлер, жогорку педагогикалык, аскердик билими бар сержанттар жана жоокерлер ишке тартылса бул маселе чечилет эле.

-Алдыда кандай максаттарыңыз бар. Деги эле мектептерде аскердик даярдык боюнча окутууларды киргизүү менен биз эмне натыйжаларга жетише алабыз?

ЖАЙЛООБАЙ ЭШАНКУЛОВ: "АСКЕРГЕ ДАЯРДЫКТЫ МЕКТЕПТЕРДЕН БАШТАШ КЕРЕК"-Биздин максат бирөө эле. Ата Мекенге ак кызмат өтөө, мамлекетибизди көздүн карегиндей коргоого даяр туруу. Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо. Биз жалгыз эмеспиз. Ата Мекен үчүн ак кызмат кылган жөнөкөй инсандардан тарта жогорку чиндүү генералдарга чейин  өз өлкөсүн сүйгөн мекенчил инсандарбыз бар. Мага жардам, дем берген, демилгелеримди колдоого алган мекенчил инсан, Баткен коогалаңынын ардагери, Баткен облустук ардагерлеринин төрагасы, Мекен коргоочулар коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Шараповго, жана ушул уюмдун  Баткен облустук төрагасы Тынычбек Массаитовго терең ыраазычылык билдирем.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер