ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

  • 11.08.2025
  • 0

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРБилим уясы 1956-жылы Фрунзе шаарында айыл жергесиндеги таланттуу, шыктуу, жөндөмдүү балдарды окутуп-тарбиялоо максатында №1 мектеп интернаты болуп ачылган. 1992-жылы “гимназия” статусу берилген. 2000-жылы 16 жылдан ашык билим берүү министри болуп иштеп, агартуу тармагына эмгеги сиңген ишмер Абдылда Каниметовдун ысымы ыйгарылган. Ал эми 2023-жылы А. Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектеп-лицейи болуп кайрадан каттоодон өткөн.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРМамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун ушул куттуу уядан учкан карлыгачтардын бири катары билим-тарбия алган окуучулар үчүн үлгү десек болот. Ошондуктан республикабыздын аймагындагы билимге умтулган окуучуларды жаңы окуу жылына кабыл алынып жатат.  Улуттук билим берүүнүн жаңы моделине ылайык 12 жылдык билим берүү, жаңы окуу жылына карата даярдыгы, мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу иш-чаралары тууралуу жатак мектептин директору Жыргалбек Курманбеков менен маектештик.

 — Жыргалбек мырза,  жаңы окуу жылына карата канча окуучуну кабыл алдыңыздар?  Улуттук билим берүүнүн жаңы моделине ылайык  кандай багыттарда иш жүргүзүп жатасыздар?

—  2025-2026-окуу жылына кызуу даярдык көрүп жатабыз. Республикабыздын бардык аймактарынан окуучулар агылып келүүдө. Бирок ошол окуучулардын арасынан дагы шыктуу, жөндөмдүү, билимге умтулган 200гө жакын окуучуну кабыл алдык.  Жаңы окуу жылына карата 730дан ашык баланы кучак жайып тосуп алуунун алдында турабыз. Чындыгын айтканда биздин жатак мектепте окуучулар үчүн татыктуу билим-тарбия алуу боюнча толук кадрдык, материалдык-техникалык, жагымдуу чөйрө толугу менен бар. Биздин окуучулардын негизги ишмердүүлүгү бул-окуу. Башка эч бир маселе жок.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРӨлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалардын ичинен 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жаткандыктан  окуучулар кандайдыр бир кесипти ала чыгуу боюнча бир катар иштерди колго алуудабыз. Атап айтсак, чач кыркуу, ашпозчу-кулинария, тигүүчү, авто электрик, айдоочулук иш, компьютердик программалоо сыяктуу багыттарды камтыганбыз. Өткөн окуу жылында чач кыркуу, ашпозчу-кулинария, дизайн, IT программалоо багыттары мыкты деңгээлде иштерди жүргүздү.

Учурда жатак мектепте канча мугалим, тарбиячы жана көмөкчү кызматкерлер  иштейт? Мугалимдер заманбап  кесиптик кайра даярдоо курстарынан өтүштүбү?

-Бүгүнкү күнү 46 мугалим, 32 тарбиячы эмгектенет, ашпочулар, кийим жууган машиналарды иштеткендер, короо шыпырчыгтар, коопсуздук кызматкерлери болуп, жалпы жонунан бизде 142 кызматкер ушул жатак мектептин күнүмдүк жашоо турмушунда кызмат кылат. Окуучулардын бош убактыларын туура пайдалануу максатында бир топ ийримдерди уюштурдук. Бардык окуучулар ошол ийримдерге тартылып, 100 пайыз катышууну колго алуудабыз.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРУлам жаңыланган доордо мугалимдердин билим — тарбия берүү, окутуучулук ишмердүүлүгү жаңыланып турбаса арта калчудайбыз. Санариптештирүү доорунда педагогдордун санариптик сабаттуулугун колго алуу максатында ар бир мугалимге планшет, агартуу министрлиги тарабынан ноутбук, ар бир кабинетти интерактивдүү панел ж.б. техникалык каражаттар менен камсыздалды. Окуучулардын жетишкендиктери, күнүмдүк иштери толугу менен санариптик форматка өттү.  Мугалимдерди, тарбиячыларды заманбап окутуу технологиялары, усулдары, компетенттүүлүк, ата-эне жана бала менен иштешүү, кесипкөйлүк багыт берүү, өзүн-өзү өнүктүрүү темаларында бардык мугалимдерди квалификациясын жогорулатуу курсуна катыштырып турабыз.

Биз мугалимдердин алдына кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтүү боюнча талап койгонбуз. 2024-2025-окуу жылынан баштап жигердүү иш алып баратабыз. Биздин кесипке багыт берүү боюнча алдын ала койгон максатыбыз азыркы учурдун талабы болгон 12 жылдык билим берүүнүн негизги талаптары менен шайкеш келип турат. Бул жерде окуган балдар кошумча билим алып кетүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүк, шарт турат. Ошондой эле ар бир өзгөрүлгөн билим берүү программаларын толук өздөштүрүү боюнча мугалимдер, тарбиячылар тынымсыз изденүүлөрдүн үстүндө иштеп жатышат.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР-Окуу менен гана чектелбестен тарбиялык маанидеги  кандай маданий иш-чараларды өткөрүп жатасыздар?

-Жатак мектепке биз жаңы жамаат болуп келгенден баштап  ашыкча шан-шөкөт, күнүмдүк турмушта түйшүк жарата турган иш- чаралары токтотуп, билим аркылуу таймаша ала турган иш-чараларга басып жасап жатабыз.  Ошондой эле усулдук декадаларды дагы интеграциялап өткөрүп көрдүк. Айрым кемчиликтерди эске албаганда өз натыйжасын берет экен.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДагы бир багытыбыз быйыл ушул маданий жайларга сураныч каттарды жазып, балдарды коомдо, маданий жайда өзүн алып жүрүү боюнча, деги эле күнүмдүк жүрүм-турум эрежелерин нормада калыптандыруу боюнча басымды көп жасадык. Ошону менен катар мектептин өзүндө манасчылар, акындар менен көп жолугушуулар уюштурулду. Мисалы атактуу спортчу кызыбыз, олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнө чемпиону  Мээрим Жуманазарова менен кызыктуу жолугушуу уюштуруп, бизде окуган кыздар дагы эркин күрөштө ийгиликтерди жарата баштады.  Ошондой эле биздин жатак мектептин бүтүрүүчүсү белгилүү композитор, Кыргыз Эл артисти Асылбек Өзүбеков менен уюштурган чыгармачылык кече окуучуларды шыктандырды.  Мындан тышкары акын, жазуучулар, маданият ишмерлери менен болгон жолугушуулар окуучуларга тарбиялык мааниде чоң таасир тийгизүүдө.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР-Жыргалбек мырза, окуучу жакшы заманбап билим алуу үчүн материалдык техникалык база да болушу шарт эмеспи? Бул жагдай кандай болууда?

-Материалдык техникалык база заманбап техникалар менен абдан чыңдалды. Иштейм деген мугалим жана тарбиячыга толук мүмкүнчүлүк бар. Мисал катары айта кетейин, бардык кабинеттерге интерактивдүү панелдер орнотулуп, интернет желесине туташтырылды. Бул мугалим, тарбиячы үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Мугалимдерибиз пайдаланып, заманбап сабактарды сонун кылып өтүп жатат. Кабинеттерде партадан баштап, эмеректерге чейин жаңыланып жатат. Жатаканага окуучулар уктай турган эки кабаттуу эмеректерди алып жатабыз. Анткени окуучулардын саны өстү, алардын сыйымдуулугун жогорулатыш үчүн ар бир бөлмөдө эки кабаттуу керебеттерди жайгаштырганбыз. Жаткананын ар бир кабатында жуунучу жайлар, дааратканалар оңдолуп, окуучулар үчүн абдан ыңгайлуу шарт түзүлдү. Полдору жылмаланып, лактанып, мыкты абалга келди.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРАшканабыз 2024-жылы толук оңдоо иштеринен өтүп, идиш аяктарынан, идиш жуучу жана тамак бышыруучу жабдыктарынан бери жаңыланды. Азыркы учурда балдардын жуунучу жайы кыздардыкы өзүнчө, балдардыкы өзүнчө оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Кир жуучу жай, шейшеп, жууркан сактоочу бөлмөлөр, чарбалык бөлмөлөр толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Окуу кабинеттеринин полдору жылмаланып, лактанып, заманбап бөлмөлөргө айланып жатат. Ошондой эле заманбап спорт зал курулуп, ачылуу алдында турат.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР— Өлкөнүн бардык аймагынан келип окуп жатабы? Кабыл алган окуучулардын билим деңгээли кандай экен?

— Башка мектептерде микроучасток, аймак деп коет, биздин жатак мектепте микроучасток жок. Кыргызстандын бардык аймагынан социалдык категориясына карабай келип окуганга толук мүмкүнчүлүгү бар. Балдарды кабыл алуунун негизги шарты уставда дагы көрсөтүлгөн, айыл жергесинен келген таланттуу, шыктуу, жөндөмдүү балдарын кабыл алуу деп. Биз ошол критерийге таянып, билимдүү балдарды тандап алганга аракеттерди көрүп келебиз. Бирок, чындыгында биздин жатак мектепке келген окуучулардын билим сапаты абдан төмөн көрсөткүч менен келишет. Мындай ахыбал болуп калышынын бир нече себептери болушу мүмкүн. Мен мугалимдер начар билим берип жатат дегенден алысмын, бир жакшы сөз бар “Мугалим-күн, ал бардыгына тегиз тиет” деген. Ошонун сыңары мугалимдер балдарды эч качан бөлбөй билимибизди беребиз. Бардык эле балдардын таланты боло бербейт тура, бирөө спортко шыгы болсо, билимге кызыга албайт, бирөө көркөм өнөргө жакын болсо, бирөө техникага кызыгуусу жогору дегендей, биз мүмкүнчүлүгүнө карап алардын таланты, шыгы жана жөндөмүнө жараша багыт боюнча билим берүүгө аракет кылабыз.

ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР Биздин жатак мектептин дагы бир өзгөчөлүгү балдар 24 саат бою көзөмөлдө болгондугу. Биз көзөмөлгө өткөндөн кийин көпчүлүк ата-энелер балдарды кадимкидей эле бизге түртө сала берет да. Бердикпи тарбиялагыла, окуткула дешип. Бул ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугун жетишсиздиги деп билем. Тескерисинче биргеликте окутуп, тарбияласак жакшы натыйжа бермек.   Сөзүмдү жыйынтыктап биздин жатак мектеп – келечекке мыкты кам көргөн билим уясы. Каалоочуларды чакырам, татыктуу билим-тарбия берүү биздин негизги милдетибиз. Жатак мектеп – билимге, тарбияга, кесипке карата даңгыр жолду ачып берет.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”ЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРЖАТАК МЕКТЕП ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР

Бөлүшүү

Комментарийлер