ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООДО АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН РОЛУ

  • 22.05.2018
  • 0

“Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  бекитилген Чыңгыз Айтматовдун 90  жылдыгын  улуттук жана эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча планын ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен биргеликте “Жаштарды тарбиялоодо Айтматовдун чыгармаларынын ролу” аттуу форум өткөрдү.

ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООДО АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН РОЛУ

Форумдун негизги максаты — заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын элдин калың катмарына жайылтуу жана анын тематикаларынын көп кырдуулугунун аркасында жаштарды ыймандуулукка, адеп-ахлактуулукка чакыруу.

Форумдун ачылышында Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, академик Абдылдажан Акматалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетовдор куттуктоо сөздөрүн айтышты жана форумдун ишине ийгилик каалашты.

ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООДО АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН РОЛУ

ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООДО АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН РОЛУ

 

Форумдун уюштуруучуларына жана катышуучуларына улуу жазуучунун эжеси Роза Айтматова терең ыраазычылыгын билдирип, залкар инсандын басып өткөн жолу тууралуу кыскача баяндап берди.

Иш-чаранын конокторунун катарын Туркиядан келген Кулия Чингил айым толуктап, кыргыз тилинде баяндама жасап, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп берди.

ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООДО АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН РОЛУ

Борборубуздун № 69 мектеп-гимназиясынын окуучулары Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып, жазуучунун чыгармаларынын кичинекей каармандары иш-чаранын көркүн  ачышты .

Форумдун Пленардык отурумунда Кыргыз  Республикасынын  Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов — «Чыңгыз  Айтматов – ааламдык   жазуучу»; И. Арабаев  атындагы  КМУнун   профессору Илимкан Лайлиева — «Айтматовдун чыгармачылыгы жана орус классикалык адабият»; Кыргыз-Түрк  Манас  университетинин    профессору   Мехмет  Айдын — «Ч. Айтматовдун акыркы чыгармасындагы окуялар өткөн чыныгы жер же ойдон чыгарылган жер маселеси» деген аталыштагы баяндамаларды окушту.

ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООДО АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНЫН РОЛУ

  Ошондой эле форумдун жүрүшүндө төмөнкү багыттарда секциялык иштер жүрдү:

  1. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы ыйман, адеп маселесинин лингвистикалык аспектиде каралышы;
  2. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы тарбия, маданият маселелеринин көркөм адабиятта изилдениши;
  3. Ч. Айтматовдун чыгармаларын окутууда маданияттуулукка тарбиялоонун педагогикалык  аспектиси;
  4. Ч. Айтматовдун чыгармалары Кыргыз киносунун калыптаныш жолу катары;
  5. Кыргыз элдик педагогикасынын Ч. Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылышы;
  6. Ч. Айтматовдун чыгармалары кыргыз искусствосунун объектиси катары ж.б.

Форумдун алкагында улуу жазуучунун Ата-Бейиттеги эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.

Андан сырткары, Айтматовдун чыгармалары боюнча сүрөт көргөзмөсү болду. Секцияларда айтылган ойлор түштөн кийинки жалпы жыйында талкууланып, мыкты иштерге Кыргызпатенттин дипломдору жана сертификаттары тапшырылды, анын жыйынтыгы боюнча кошумча резолюция кабыл алынмакчы.

Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы, окумуштуулар, академиктер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, аспиранттар, жазуучунун туугандары жана башкалар катышты.

Гүлбара Кудайбердиева

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер