ЖАШТАР ТАРЫХКА КАЙДИГЕР ЭМЕС

  • 27.11.2023
  • 0

Бишкек шаарындагы №2 жалпы билим берүү мектебинде «Тарыхый мурастар – жаш жеткинчектердин көзү менен” аталышындагы кароо сынак болуп өттү.

ЖАШТАР ТАРЫХКА КАЙДИГЕР ЭМЕС

Уюштуруучулардын айтуусунда, бул иш-чара мектеп окуучуларын тарыхый мурастарды коргоого жана аларга аяр мамиле кылууга тарбиялоону  көздөдү.
Бул кароо сынакка 5-6-7-класстын окуучулары катышты.

Окуучулардын акыл таймашына  Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынан Чынара Асановна жана Мээрим Джоомартова, Улуттук илимдер академиясынан Айдай Турдумаматовна калыстык кылды.
Жеңүүчүлөргө  кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Кароо-сынакты мектептин тарых мугалимдери Токтожумаев Бахтияр жана Мамбеткалиева Жазгул уюштурду.

А.АСАНАЛИЕВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер