ЖАШ МАНАСЧЫЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 30.10.2023
  • 0

Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл амагына караштуу Дыйкан айылындагы А. Капаров атындагы орто мектебинде  райондук денгээлде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы жана жаш манасчылардын кароо-сынагы болуп өттү.

ЖАШ МАНАСЧЫЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын берген маалыматына таянсак, иш-чара алгач мектеп жамааты даярдаган “Манас” эпосунан үзүндү сахналаштырып чагылдыруу менен башталып, кыргыздын улуттук азыктары көргөзмөгө коюлду.

ЖАШ МАНАСЧЫЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ

Бул уюштурулган райондук кароо-сынак иш-чарасына Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ж.Жантелиева, коомдук ишмер А.Баатырбеков, мектеп директорлору жана мугалимдер катышып, окуучулардын кыргызча, орусча, анлисче манас айтуусуна күбө болушту.

ЖАШ МАНАСЧЫЛАРДЫН КАРОО-СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сынакка райондогу бардык мектептерден келген окуучулар катышып, комиссия тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, диплом, медаль жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Бул кароо-сынактын жеңүүчүлөрү алдыда боло турчу облустук турда күч сынашат.

Аталган кароо-сынак Жаңыбай Кожековдун 155 жылдык мааракесине карата Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын соңунда жаш манасчыларды тарбиялоого, “Манас” эпосун жайылтууга салым кошкон мугалимдер атайын төш белги, ардак грамоталар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, бул кароо-сынак райондо 14-ирет өтүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер