Жаш ата-энелер үчүн окуу курстары: жаңы жобо бекитилди
- 11.03.2026
- 0
Кыргыз Республикасында жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү тартибин жөнгө салган жаңы жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул документ Кыргыз Республикасынын «Жаштар жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анын негизги максаты — үй-бүлө институтун бекемдөө, жоопкерчиликтүү ата-энеликти калыптандыруу жана жаш үй-бүлөлөрдүн психологиялык-педагогикалык сабаттуулугун жогорулатуу.
Жаңы жобого ылайык, никеге турууну пландаган жарандар жана жаш ата-энелер үчүн атайын окуу программалары иштелип чыгып, окутуу курстары уюштурулат. Документте мындай программалардын түзүмүнө коюлуучу талаптар, ошондой эле курстарды өткөрүүнүн тартиби бирдиктүү стандарттар менен аныкталат.
Токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга бекитилген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын чегинде каржыланат. Мындан тышкары, мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган башка булактарды тартууга да мүмкүнчүлүк каралган.
Ошондой эле токтомдун алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өздөрүнүн тиешелүү чечимдерин жаңы жобого ылайык келтирүүгө милдеттендирилди.
Жаңы механизм жаш үй-бүлөлөрдү колдоого, ата-энелердин тарбия жана үй-бүлөлүк жоопкерчилик боюнча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.
Нурлан Кыдыков, «Кут билим»
Комментарийлер