ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАГЫТЫ

  • 03.11.2025
  • 0

“Акылман” лицейиндеги маанилүү талкуу

 

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАГЫТЫ

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖАҢЫ БАГЫТЫ

XXI кылымдын жаңы деми – жасалма интеллект (ЖИ). Ал адамзаттын ойлом системасына, эмгек маданиятына жана билим берүү философиясына терең өзгөрүүлөрдү алып келди. Эгер мурда маалымат издөө, текст жазуу же талдоо иштери көптөгөн күндөрдү талап кылса, бүгүн мунун баарын бир нече секундда аткарган куралдар пайда болду. Бирок дал ушундай ыңгайлуулук менен бирге академиялык чынчылдык, чыгармачылык жана адамдын өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн сактоо маселеси курч бойдон турат. Дал ушундай темада Президенттик “Акылман” лицейинде Назарбаев университетинин профессору, билим берүү тармагындагы эл аралык эксперт Дүйшөн ШАМАТОВ онлайн форматта семинар өтүп берди. Жолугушууга лицейдин мугалимдери жана администрация  жетекчилери катышып, талкуу кыргыз жана англис тилдеринде жүрдү.

Семинардын негизги максаты – ЖИни билим берүүдө жоопкерчиликтүү колдонуу боюнча бирдиктүү көз караш жана эрежелерди иштеп чыгуу болду. Профессор Шаматов өзүнүн презентациясында академиялык чынчылдык түшүнүгүн өзөктүү тема катары сунуштады. Ал аныктама бергендей, “академиялык чынчылдык – бул эч ким көрбөй турган учурда деле таза, туура иштөө”. Ушул принциптин негизинде окуучу да, мугалим да чындыкты бурмалабай, билимди адептүүлүк менен колдоно билиши зарыл. Бирок азыркы шартта ЖИнин жардамы менен жазылган тексттер, жасалма сүрөттөр же толук даяр долбоорлор окуу процесстерине аралашууда. Бул көрүнүш билим берүүнүн эң ыйык баалуулугун – адамдын өз эмгеги менен үйрөнүү маданиятын кайрадан кылдат карап чыгууга аргасыз кылды.

Семинарда профессор Назарбаев университетинин тажрыйбасын мисал катары көрсөттү. 2023-жылы НУ жетекчилиги атайын жумушчу топ түзүп, ЖИ колдонууга болгон позицияны илимий жана этикалык жактан талдап чыккан. Натыйжада университет академиялык коомчулукка ЖИ колдонууга уруксат берүү, бирок аны жоопкерчилик менен жөнгө салуу саясатын сунуштаган. Ар бир факультет өзүнүн ички эрежесин иштеп чыгып, студенттер тапшырмасында ЖИ колдонулганы тууралуу ачык декларация кошууга милдеттендирилген. Талкуу учурунда “Акылман” лицейинин мугалимдери бир маанилүү суроону көтөрүштү: “Эгер бир мугалим ЖИ колдонууну уруксат берсе, экинчиси тыюу салса – окуучулар үчүн бул адилеттүүбү?” Бул суроого жооп издөө семинардын эң кызыктуу бөлүгүнө айланды. Катышуучулар төмөнкү ойлорду белгилешти:

  • ырааттуулуктун жоктугу окуучулар арасында башаламандык жаратат;
  • адилеттүүлүк маселеси курч турат, анткени айрым окуучулар артыкчылыкка ээ болушу мүмкүн;
  • билимдин сапаты ар түрдүү болот, кээ бирлери ЖИге таянса, башкалары өз күчүнө ишенет.

Ошондуктан лицей деңгээлинде ЖИ колдонуу боюнча бирдиктүү саясат иштеп чыгуу зарыл деген тыянакка келишти. ЖИ – мугалимдин атаандашы эмес, жардамчысы. Семинарда бир нече мугалим өз тажрыйбасын бөлүшүп, ЖИни сабак даярдоодо, тесттерди түзүүдө жана рефлексия жазууда кантип пайдаланып жатканын көрсөтүштү. Бирок Дүйшөн Шаматов айткандай, ЖИ мугалимдин ордун баспайт, тескерисинче, анын интеллектуалдык ишин жеңилдетет.

– Мугалим – билимдин булагы, ЖИ – анын аспабы. Эгер аспапты туура колдонсок, ал бизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат; туура эмес колдонсок – окуучунун өнүгүүсүнө тоскоол болот, – деп баса белгиледи ал.

Ушул тезис онлайн семинарда  чоң колдоого ээ болду.

 

“Акылмандын” тандоосу: теӊдеш, жоопкерчиликтүү жол

 

Талкуунун соңунда лицей жамааты ЖИ колдонуу боюнча беш сунушталган саясаттын ичинен тең салмактуу позицияны чагылдырган экинчи жана үчүнчү варианттарды колдоону чечти. Булардын маңызы – ЖИге тыюу салбоо, бирок анын колдонулушун этикалык, академиялык жана чыгармачыл чектер менен жөнгө салуу. Мисалы:

  • ар бир тапшырмада ЖИ колдонулганы тууралуу кыскача түшүндүрмө же жарыя болушу керек;
  • окуучу кайсы бөлүктү өзү иштегенин, кайсынысы ЖИнин жардамы менен жазылганын так көрсөтүшү керек.

Бул ыкма окуучуларды ачык-айрымдыкка, өз алдынча ой жүгүртүүгө жана жоопкерчиликке үйрөтөт.  Семинардын соңунда “Акылман” Президенттик лицейи ЖИ колдонуу боюнча ички жобо иштеп чыгууга расмий демилге көтөрдү. Бул документ лицейдин академиялык маданиятына, санариптик сабаттуулук саясатына жана эл аралык билим берүү тенденцияларына шайкеш келет.

Аталган иш-чара жөн гана семинар эмес, санарип доордогу билим берүүнүн жаңы философиясын талкуулаган маанилүү окуяга айланды.

Сүрөттө: Талкуунун катышуучулары.

Азирет Заидов, билим берүүнүн мыктысы,

“Акылман” Президенттик лицейинин тарых мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер