ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАНА АДАМ БААЛУУЛУГУ: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ТЕҢ САЛМАК
- 16.03.2026
- 0
Бүгүнкү күндө дүйнө тездик менен өзгөрүп, жаңы технологиялар адам жашоосунун бардык тармагына, анын ичинде билим берүү системасына да терең кирип келди. Айрыкча акыркы жылдары Artificial Intelligence мүмкүнчүлүктөрү мугалимдерге да, окуучуларга да кеңири жол ачып, билим алуу процессин жаңы деңгээлге көтөрүүдө. Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мирзат Мамбетовага жасалма интеллектин артыкчылыгы, технологияны туура колдонуу менен бирге окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн, адамдык сапаттарын жана руханий дүйнөсүн өнүктүрүү менен анын зыяны эмнеде деген суроо менен кайрылдык.

Райондук билим берүу бөлүмүнүн жетекчиси жасалма интеллект – маалыматты ыкчам табууга, татаал темаларды түшүндүрүүгө, сабакты визуалдык жана интерактивдүү ыкмалар менен өткөрүүгө жардам берген күчтүү курал. Ал окуучунун кызыгуусун арттырып, дүйнө таанымын кеңейтип, билимдин жаңы булактарына эшик ачат. Мындай технологиялар мугалимдин ишин жеңилдетип, сабакты заманбап талаптарга ылайык уюштурууга шарт түзөөрүн белгиледи.
— Бирок билим берүү – бул жөн гана маалымат берүү эмес. Ал – адам менен адамдын ортосундагы жандуу байланыш, руханий таасир, тарбия жана инсандык калыптануу процесси. Мугалим менен окуучунун көз карашы, үнүнүн жылуулугу, сөзүнүн таасири, мээрими жана түшүнүүсү – буларды эч бир технология толук алмаштыра албайт. Акыркы мезгилде коомдо сүйлөө маданиятынын төмөндөшү, жандуу баарлашуунун азайышы байкалып жатат. Бул көрүнүш жаш муундун ой жүгүртүү маданиятына да таасир этпей койбойт. Себеби адам баласы ойду да, сезимди да көбүнчө жандуу байланыш аркылуу терең түшүнөт. Бетме-бет сүйлөшүүдө адамдын ички дүйнөсү ачылып, боорукерлик, жоопкерчилик жана өз ара урматтоо сыяктуу сапаттар бекемделет, — дейт Мирзат Мамбетова.
Жасалма интеллект маалымат бере алат, бирок ал адамдын жүрөгүндөгү мээримди, жылуулукту, аяр мамилени жана руханий таасирди жеткире албайт. Ал табияттын жытын сезбейт, адамдын көз карашындагы үмүттү же кайгыны аңдай албайт. Ошондуктан билим берүүдө технология канчалык өнүкпөсүн, адам фактору ар дайым эң жогорку баалуулук бойдон калууга тийиш экенин ал баса белгиледи.
—
Кылымдардын агымында адамзат көптөгөн доорлорду баштан өткөрдү. Замандар алмашты, коомдор өзгөрдү, бирок адамдын өзү – анын аң-сезими, руханий дүйнөсү жана жандуу баарлашуу маданияты – цивилизациянын негизги тиреги бойдон кала берди. Жашоонун жаргылчактай айланган тарыхый кыймылында адам баласы дал ушул баалуулуктары аркылуу тирүүлүктү сактап, муундан муунга улантып келе жатат. Билим берүүдө да дал ушул принцип сакталууга тийиш: технология – жардамчы, ал эми адам – негизги күч. Жасалма интеллект окууга мүмкүнчүлүк ачат, бирок ойлонууга, сезүүгө жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга адам гана үйрөтөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө мугалимдердин алдында өтө маанилүү милдет турат: технологияны туура колдонуу менен бирге окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн, адамдык сапаттарын жана руханий дүйнөсүн өнүктүрүү. Эгер билим берүү процесси толугу менен технологияга көз каранды болуп калса, анда адамзаттын эң чоң байлыгы болгон жандуу ой жүгүртүү жана руханий тереңдик акырындап солгундай башташы мүмкүн, — дейт жетекчи. — Жыйынтыктап айтканда, жасалма интеллект – прогресстин кубаттуу куралы, ал келечекке карай жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Бирок адамдын акылы, жүрөгү жана руханий баалуулуктары андан да бийик турат. Технология канчалык өнүкпөсүн, адамдын жандуу үнү, мээрими жана акылман ой жүгүртүүсү билим берүүнүн чыныгы негизи болуп кала берет.
Чындыгында эле дүйнөнү өзгөрткөн да, цивилизацияны сактап келген да – машина эмес, адам.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер