ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

  • 15.08.2024
  • 0

Алымкул Үсөнбаев атындагы «Арал» орто мектебинин мугалимдери «Жасалма интеллект» боюнча өз билимдерин өркүндөтүүдө.

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕГЕН ЭМНЕ?ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кундуз Арапованын берген маалыматына таянсак, жасалма интеллект (ЖИ) – бул компьютердик системалардын адамга окшош ой жүгүртүү, үйрөнүү жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмдүүлүгү. Ал биздин күнүмдүк жашообузда, иш процессинде жана илимий изилдөөлөрдө кеңири колдонулат.

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

— Эмне үчүн жасалма интеллектти үйрөнүү маанилүү? Келечектин кесиптери: ЖИ технологиясынын тез өнүгүшү менен жаңы кесиптер пайда болуп, азыркы кесиптердин талаптары өзгөрүүдө. Инновация: ЖИнин жардамы менен жаңы өнүмдөрдү жана кызматтарды түзүүгө болот. Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу: ЖИ рутиндик иштерди автоматташтырып, адамга татаал чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Өзүн өнүктүрүү: ЖИ жөнүндө билим алуу менен сиз өзүңүздүн ой жүгүртүүңүздү кеңейтип, жаңы технологиялар менен кантип иштөөнү үйрөнөсүз, — дейт К.Арапова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер